ТҮРКИЯ: БАЛДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ – МАМЛЕКЕТТИН БАШКЫ МАКСАТЫ

  • 22.02.2018
  • 0

“Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фондунун уюштуруусу менен алыскы Ат-Башы, Алай, Кочкор, Талас райондорунун, Жалал-Абад жана Бишкек шаарларындагы бала бакча, мектеп, билим берүү башкармалыктын, жогорку жана орто окуу жайлардын жетекчилери Стамбул шаарындагы мектепке чейинки билим берүү  мекемелери менен жакындан таанышып, тажрыйба алмашып кайтышты.  Бул иш-сапарды Түрк дүйнөсү муниципалитеттердин биримдиги колдоду (TDBB).

ТҮРКИЯ: БАЛДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ – МАМЛЕКЕТТИН БАШКЫ МАКСАТЫ

Түркия мамлекетине сапарга чыгуудан мурда ““Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фонду жетекчилер үчүн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окутуучулары менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга окуу жайдын ректору, профессор Себахаттин Балжы өзү келип, делегация мүчөлөрүнө кесипке байланыштуу Түркиянын өзгөчөлүктөрүн таанып, пайдалуу сапар болушун каалады.

  • Бул сапарга чыгаардан мурда Түркия мамлекетинин тарыхы, мектепке чейинки билим берүүсү боюнча башталгыч багыт берип, программа даярдалды. Бишкек шаарындагы бала бакчалар менен кызматташканга муктажбыз, — деди ректор.

Андан соң окуу жайдын окутуучулары Роза Абдыкулова, Кадиян Бообекова жана Хасан Илмастын маалыматтарын угуп, капчыгыбызды толтуруп алып, Стамбул шаарына сапар тарттык.

Кичи Азиядагы бала мектептери

Келген күнү эле Кичи Түркия музейине, Султан Ахмет мечитине бардык. Бизге берилген маалыматтардай эле, Түркия мамлекетинин чакан бир бөлүгү Европа бөлүгүндө болсо, чоңураак бөлүгү Азияда экен. Андыктан  Кичи Азия деп да аталат. Түркия Республикасынын аймагы өтө тарыхка бай жер экенине күбө болдук, ал байыркы маданияттардын жана мамлекеттердин чордону, керек болсо бир канча маданияттардын тогошкон жери. 1299-жылы Осмон мамлекети  расмий түрдө түптөлгөн. Ал болжол менен 700 жылдай жашаган экен. Бул бийлик 1923-жылга чейин уланыптыр. Осмон мамлекетине тиешелүү архитектуралык эстеликтерди, абдан өзгөчөлөнгөн толгон-токой керемет көрүнүштөргө дуушар болдук.

Бала бакчага тиешелүү тарыхка көз чаптырып көрсөк, Осмон империясынын убагында эле бала мектептери Стамбулда гана ачылган экен. Анткени Стамбулда, биринчиден, империянын адамдары, аскерлер, окумуштуулар, байлар жашагандыгы үчүн 1453-жылдан баштап ал жерде бала бакчалар иштейт. Андан кийинки убактарга келсек, 1800-жылдарда Махмут II Султан дагы мектепке чейинки жана башталгыч класстарды милдеттүү түрдө ачам деп билим берүү реформасын баштаган.  18-кылымга чейин көбүнчө европалыктардын, еврейлердин, румындардын балдары мектепке барган.

Түркия Республикасы курулганга чейин, 1913-жылы  башталгыч билим берүү боюнча убактылуу мыйзам кабыл алынганда балдарды бала бакчага берүү милдети султандар тарабынан милдеттендирилген. Ошол кездеги колунан келгендер балдарын бала бакчага бере башташкан. Себеби балдарды канчалык эрте өнүктүрсө, ошончолук аң-сезимдүү балдар чыгат дешкен.

20 жылдын аралыгындагы өнүгүү

Түркияда акыркы жыйырма жылда мектепке чейинки билим берүү аябай күч алыптыр. Мисалы, 2013-жылга чейин Кара Деңиз аймагында бала бакчага баруу 70% камсыздалса, Стамбулда 10-12% түзгөн экен. Анткени Кара Деңиз аймагында жашагандар чай, фундук чогултуп иштеп, балдары каралбай калат деп, ошондо балдардын 70% бала бакчага камтылган. Ал эми азыркы учурда Стамбулда бала бакчага баруу милдеттүү экен. Эгерде 3 жашында бала бакчага барбаса деле,  4 жашынан кийин сөзсүз түрдө бала бакчага барып, мектепке даярдык көрүп, чөйрөсүн, өзүн таанып, сүйлөй, жаза алуу көндүмдөрүн белгиленген программа боюнча өтөт. Эгерде андан өтпөсө, бала биринчи класска кабыл алынбайт.

Ар кайсы райондорунда ар кандай типтеги жеке менчик бала бакчалар бар экен. Бир мугалимге 12 – 15 бала туура келиши керек. Педагогикалык факультети болгон бардык жогорку окуу жайларда мектепке чейинки билим берүү адистерин даярдашат. Бул кесип престиждүү болгон үчүн жаштар көп барышат. Мугалимдер бат-бат Европага чыгып, изилдөөлөрдү өткөрүшүп, мектепке чейинки билим берүү проблемалары боюнча   жыл сайын конференция өтүп турушат.

ТҮРКИЯ: БАЛДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ – МАМЛЕКЕТТИН БАШКЫ МАКСАТЫ

Түрк балдары эркин болуп чоңоюшат. Себеби билим берүүнүн максатында — эркин, оюн айта алган, анализдей алган, сураган, өзүнүн жоопкерчиликтерин билген, туура түшүндүрө алган, Мекенин сүйгөн, чөйрөсүн таза, өзүн тыкан кармаган, жоопкерчилигин  билген балдарды тарбиялоо жана 1-класска даярдоо милдеттери болуп эсептелинет. Тарбиялануучулардын бир айда эки жолу чогулушу болуп турат. Ар бир бала бакчада бирден психолог иштейт. Бала бакчадан баштап кесипке даярдашат экен. Ар бир кесип тууралуу сценка көрсөтүп, ролдорду аткартып, балдардан сурап турушат. Бир жагынан тили өнүгүп жатса, экинчи жагынан кесипке даярдашат, үчүнчүдөн,  коомду тааныса, төртүнчүдөн, иш мүмкүнчүлүгүн, бешинчи жагынан, чөйрөнү тааныйт. Программалары болсо өзгөртүүгө ыңгайлуу болуп жазылган. Түркияда эркин иштешет жана бардык программаларды мамлекет даярдап, тарбиячылардын колдоруна берет. Балдарды жерге отургузуп, жерге жаткырышат экен (балдардын коопсуздугуна абдан ыңгайлуу экен). Ар бир бурчта баланын аң-сезимин, моторикасын өнүктүрүүчү жабдыктар турат. Бала отуруп-туруп каалаган жерине барып ойной берет.

ТҮРКИЯ: БАЛДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ – МАМЛЕКЕТТИН БАШКЫ МАКСАТЫТҮРКИЯ: БАЛДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ – МАМЛЕКЕТТИН БАШКЫ МАКСАТЫ

Жогоруда белгиленгендей, Түркияда акыркы 20 жылдын ичинде мектепке чейинки билим берүү жаатында аябай чоң өнүгүүлөр болгон. Мунун эки маанилүү себеби бар экен.  Биринчиси, мектепке чейинки билим берүү боюнча абдан маанилүү  мыйзамдар,  нормативдик-укуктук  документтер кабыл алынса, экинчиден, андан дагы маанилүү – мектепке чейинки билим берүү жааты жеке сектордун инвестиция жасай ала турган жана кайра бере турган аймагына айланыптыр. Бул дагы атаандаштык чөйрөсүн жаратат. Капчыгы калың адамдар мектепке чейинки билим берүү окуу жайларын ачып башташыптыр. Ошондуктан мектепке чейинки билим берүү мугалимдерин даярдоого чоң көңүл бурулган. Дагы бир жолу кайталап кетсем ашыкча болбостур, Түркиядагы бардык педагогикалык факультеттерде мектепке чейинки билим берүү адистигин даярдоо бөлүмдөрү ачылган. Атаандаштык күчөгөндүктөн мектепке чейинки билим берүү тармагындагы мугалимдер дагы квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо курстарына чоң маани берип, ошого активдүү катыша башташкан.  Материалдык-техникалык база, курал жабдыктар модернизацияланган. Адистердин айтымында, өнүккөн өлкөлөрдөгү  мектепке чейинки билим берүү  тармагы боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүп, алардын керектүүлөрү Түркиянын жагдайына адаптацияланган.

ТҮРКИЯ: БАЛДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ – МАМЛЕКЕТТИН БАШКЫ МАКСАТЫ

Дагы бир маанилүү нерсе, үй-бүлөлөр мектепке чейинки билим берүүгө өзгөчө активдүү катыша башташкан. Ошондой эле ачылган  бардык бала бакчалар анализге, талдоого алынып, алардын ишмердиктерине баа берилип турат.

Түркияда мектепке чейинки билим берүүнүн максаттары мыйзамда бекитилген. Жеке менчик окуу жайлар да коюлган максаттарды аткарууга тийиш.

Биринчи максат – бала өзүнүн теңтуштары менен бир жерде болушу камсыз кылынышы керек. Анткени  бала өзүнүн теңтуштары менен карым-катыш түзө алуусу, өзүнүн таланттарын  башкаларга салыштырып, жөндөмдүүлүк-шыктарын сынай алуусу да маанилүү.  Энелер да сөзсүз түрдө билим берүү процессине активдүү катышышат. Иштеген энелердин дагы балдары кароосуз калбайт. Мыйзамда  ар бир балага бирдей билим  алуу укугу көрсөтүлгөн.  Дагы бир негизги максат – балдар бири-бири менен баарлашып, алардын социалдашуусу камсыз кылынышы керек.

Түркия  маданият тогошкон жер болгондуктан,  ар кандай маданияттан, ар кандай коомдон келген балдар бир жерде болушат. Башкалар менен бирге жашай алуу ыктары, жөндөмдүүлүк көндүмдөрү мектепке чейинки билим берүүдөн башталат.

Акыркы он — он беш жылда Түркия мамлекети  дөөлөттөргө, баалуулуктарга өзгөчө көңүл бура баштаптыр. Өзгөчө универсалдык, бүткүл дүйнөлүк дөөлөттөрдү өздөштүрүүсү үчүн, эстетикалык табитинин өнүгүшү үчүн, коомдук эрежелерди өздөштүрүү үчүн —  мектепке чейинки билим берүү эң чоң  мүмкүнчүлүктү камсыз кылган мезгил дешти адистер.

Түркияда баланын табигый өнүгүшүнө да аябай чоң көңүл бурушат. Жашоо-турмуштук тажрыйбага ээ болушун камсыз кылууга  аракет кылышат. Кадимки эле жашоону үйрөтүү максат кылынат экен. Ушунун баарын үйрөтүп жатып,  балдардын билим алуу процесси үзгүлтүккө учурабашына өзгөчө маани берилет.

Мектепке чейинки билим берүү программаларында өзгөчөлүктөргө көңүл бурулат. Алардын биринчиси – программалар андан ары өнүктүрө тургандай болушу керек. Статистика эмес, динамикалык өсүш болушу зарыл жана алар ийкемдүү болушуна абдан чоң маани берилет. Анткени программа ар бир баланын индивидуалдуу өзгөчөлүктөрүнө туура келиши үчүн мугалим окуу планында эффективдүү өзгөрүүлөрдү, өнүктүрүүлөрдү киргизе алуу мүмкүнчүлүктөрү каралган. Ал программа коллективдүү түрдө өзгөртүү киргизе ала тургандай кылып даярдалат. Программаны түзүүдө баланын өзү дагы катыша алгандай, ата-эненин да сөзү угула тургандай, тарбиялануучулар дагы өзгөртө алгандай коллективдүү, кызматташтык түрүндө программалык даярдоо иши жүргүзүлөт.  Ал үчүн үй-бүлөлөрдүн талаптары чогултулат. Мисалы, эгерде кайсы бир үй-бүлө балдарына балетти үйрөтүүнү кааласа, же башка бир жөндөмдүүлүктү, мисалы, драма дейли, окуу жай анын талаптарын канааттандырып берүүгө мажбур. Андыктан Түркиядагы бала бакчаларда жалаң мектепке чейинки билим берүү тармагындагы адистер гана иштебейт. Ал жерде драма, сүрөт, чет тили, балет мугалими ж.б.у.с. ишке тартылат. Коомдон кандай талап келсе, ошол  талапты канааттандыруучу адис талап кылынса, бала бакча ошол адистерди жумушка алууга аргасыз. Ушул айткан нерселер жеке менчик окуу жайларга да таандык.

Түркиядагы өнүгүү жагынан эң жаман деген аймактарда дагы мектепке чейинки билим берүү милдеттүү жана бала бакчага барганга бардык шарттар камсыздалган жана мектептер жакшы иштешет.

Жеке менчик бала бакчалар акча жана саат маселеси боюнча өтө ийкемдүү. Мамлекеттик бала бакчалар эртеден кечке чейин, жарым күн, же жартылай жарым күнгө келген балдарды кабыл ала беришет. Ата-энесинин иш өзгөчөлүгүнө жараша. Анан бардык бала бакчаларда кезмекчи (дежурный) тарбиячылар болот, ата-эне баласын кайсы учурда алып келсе, ошол убакытка алып калышат. Кезмекчи тарбиячыларга кошумча акча төлөнөт.

Анда окурман, иш-сапардагы ар бир күнүбүздө көргөн тажрыйбалар тууралуу кеп баштайлы.

Биринчи күн. Күндүзгү Байрам бала бакчасы

Байрампаша муниципалитетине тиешелүү күндүзгү Байрам бала бакчасынын жетекчиси бизди кучак жая тосуп алды. Бул бала бакчада 3-6 жаштагы балдар кабыл алынат экен. 2001-жылы ачылыптыр.

  • Түркияда негизинен эки түрдөгү бала бакчалар бар: бирөөсү Улуттук билим берүү министрлигине караштуу, экинчиси — Социалдык жана үй-бүлө министрлигине тиешелүү. Биздин бала бакча Социалдык жана үй-бүлө министрлигине тиешелүү. Статусу боюнча күндүзгү балдарды карай турган мекеме. Билим министрлигинен биздин айырмабыз, алар 3 жаштан баштап алышат, биз 5 айлык баланы деле кабыл ала беребиз. Анткени энелерге иштегенге мүмкүнчүлүк болот жана баланы тарбиялаганга жеңил. Бир тайпада (группа) 20 бала. Иштеген эне-аталардын балдары эртең мененки саат 7.30 кечки 18.30 чейин болушат. Ошол эле кезде иштебеген энелер саат 10.00 – 16.00 чейин балдарын алып келишет. Дагы саат 9.00 – 12.00 чейин өнүгүү гана оюндарына алып келгендер болот. Албетте, төлөмдөр ар кандай, сааттарга жараша. Биздин бала бакчанын имараты муниципалитетке карайт, ошондуктан мэриянын кызматкерлеринин балдарына төлөм арзан. Эртеден кечке болгондор үчүн 1000 лир (1 лир – 18 сомго барабар: 18000 сом), жарым күнгө келгендерге 800 лир. Биздин имарат мамлекеттик болгону менен, бул бала бакча жеке менчик. Мен аренда төлөйм. Бизде жооптуу тарбиячынын айлыгы башкалардан жогору. Жөнөкөй тарбиячылардын айлыгы 1800 лир (32400 сом), — дейт бала бакчанын жетекчиси.

Негизинен Түркиядагы мамлекеттик бала бакчаларда төлөм арзан болот. Биздикиндей эле жетим-жесирлерге, жалгыз бойлорго жеңилдик каралган.

“Суу тамчысы” бала бакчасы

Биз барган экинчи бала бакчанын башкалардан өзгөчөлүгү – Монтессори программасы менен окутат экен. Балдар толук эмес күнгө келишет. Бул бала бакчада дин, керамика, сууда сүрөт тартуу боюнча мугалимдер иштешет экен. Керектен чыккан буюмдардан ар кандай дидактикалык материалдарды өз колдору менен жасашат. Компьютерде ата-энелер үчүн атайын программа иштелип чыккан. Эгер тарбиячы тамак-аш боюнча кнопканы басса, ата-энелер баласынын тамак ичкени же ичпегени тууралуу маалымат алышат. Ошондой эле балдар үчүн медициналык база түзүлгөн, эгерде балага даары бериш керек болсо тарбиячыга белги келет, анан ал кайра кнопканы басса, баланын даары ичкени тууралуу ата-энеге отчет кетет.  Ар бир ата-энеге пароль берилген үчүн, ал өзүнүн гана баласын көрө алат. Эң негизгиси — балдардын туура тамактанышына өзгөчө маани бурулат.

Акыркы жылдары муфтият тарабынан бала бакчаларды ачканга уруксат берилген. Андыктан мечиттин алдында бала бакчалар ачыла баштаган. Бирок алар мамлекеттин катуу  көзөмөлүндө турат. Ал жерде жалаң эле дин үйрөтүлбөйт, драма, спектакль аркылуу баалуулуктарды, диндин негиздери окутулат. Бул бала бакчалардын программалары мамлекеттик стандартка ылайыкталып жазылып жатыптыр.  Мечиттерде да бала бакчалар ачылганына байланыштуу алардын  саны аябай өскөн. Анткени диний башкармалыктардын бала бакчалары абдан эле арзан экен.

Түрк дүйнөсү

Ушул эле күнү Түрк дүйнөсү муниципалитеттердин биримдигинин башкы катчысы Фахри Солак менен жолугуштук. Ал кезегинде Жалал-Абаддагы жогорку окуу жайында иштеп кеткен экен. Таптак кыргызча сүйлөп, бир туугандай жылуу мамиле менен кабыл алды.

ТҮРКИЯ: БАЛДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ – МАМЛЕКЕТТИН БАШКЫ МАКСАТЫ

  • “Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фондунун долбоорун 2015-жылдан баштап колдойбуз. Кыргызстан менен Түркия тыгыз иштеген мамлекеттерден. БУУнун изилдөөсүнө караганда, дүйнө калкынын жарымы, т.а. 7 млрд. ашык эл шаарларда жашайт экен. 2050-жылы болжол менен ал 70% чыгат экен. Ал эми жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары элге жакын. Ааламдашуу мезгилинде муниципалитеттер өздөрүнүн ишмердиктерин кеңейтип жатышат. Алардын ичинде билим берүү тармагы да бар.  Түркияда башталгыч билим алуу милдеттүү жана мамлекет тарабынан билим берүү бекер. Түрк дүйнөсү муниципалитеттердин биримдигинде 28 мамлекеттин 1128 муниципалитети бар. Албетте, Стамбул чоң шаар болгондуктан, кыйынчылыктар болбой койбойт. Машина абдан көп. Мурда табигый газ жетиштүү болбогондо көмүр пайдаланчубуз, кийинки он жыл ичинде шаарга көмүр киргизилбейт, газ менен жылытылат. Негизинен мэрлер менен байланышабыз, кандайдыр бир долбоорлор болсо биз жардам бергенге даярбыз, тажрыйба менен бөлүшөбүз. Сиздер келген программа абдан эффективдүү болушу үчүн бардык аракеттерди жасайбыз, — деди Фахри Солак.

Жолугушуудан кийин түрк дүйнөсүнүн маданий үйлөрүнө, панорама музейине бардык.

уландысы кийинки санда

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”, Бишкек – Стамбул – Бишкек

 

Бөлүшүү

Комментарийлер