Табылды АКЕРОВ: «ТҮРГӨШ, КАРАХАН МАМЛЕКЕТТЕРИН КЫРГЫЗДАР ТҮЗГӨН»

  • 17.02.2023
  • 0

Табылды АКЕРОВ: «ТҮРГӨШ, КАРАХАН МАМЛЕКЕТТЕРИН КЫРГЫЗДАР ТҮЗГӨН»

Табылды АКЕРОВ, доцент, тарых илимдеринин кандидаты: «ТҮРГӨШ, КАРАХАН МАМЛЕКЕТТЕРИН КЫРГЫЗДАР ТҮЗГӨН»

Белгилүү тарыхчы, окумуштуу, саясат таануучу Табылды АКЕРОВ кечээ жакында “Усуни-кыргызы. Кыргызы на просторах Евразии» деген китебинде усундарды кыргыздар деп жазды. Андан ары ал Түргөш, Карахан мамлекеттерин кыргыздар түзгөнүн айтып чыкты.  Аталган китеп кыргыз тарыхынын мурда белгисиз жагдайларын ачканы менен баалуу болууда. Биз ушундан улам тарыхта сенсация жаратып, өзүнүн ачылыштарын ишенимдүү аргументтер менен далилдеген  Т.Акеровго бир катар суроолор менен кайрылып, кепке тарттык.

– Сиз «Усуни-кыргызы. Кыргызы на просторах Евразии» деген китебиңизде усундарды кыргыз деп жазыптырсыз. Буга кандай далилдерди келтире алдыңыз?

– Ооба. Менин «Усуни-кыргызы… » китебимди көңүл буруп окуган окурман өзү эле түшүнөт. Ал китепте мен усундардын кыргыз болгондугун далилдей алдым.

Албетте, мага чейин Н.А.Аристов усундарды кыргыз деп атаган. Ал «Усун» деген ат, алардын уруу башчысынын аты. Булардын нукура аты дайыма «кыргыз» болгон” деп жазган. Анын пикиринде усундар б.з. ч. II кылымда енисей кыргыздарынан бөлүнүп чыгып, Теңир-Тоону бет алып көчүшкөн. Бул жерден сактарды чаап, алардын жерине Усунго аттуу мамлекетин курушкан. VI к. Истеми каган усундарды басып алып, он ок будун уруулар союзун түзгөндө, алардын тукумдары бул бирикмеге кирген. Он ок будундардын ичиндеги нушиби тобундагы асиги жан гэшу уруулары кыргыздардын азык жана күчүк урууларынын атына уйкаш. Демек, булар усундардын тукумдары, усундар кыргыздар болгон деп жазган. Бирок советтик доордо окумуштуулар Н.А.Аристовдун гипотезасына анчейин көңүл бурушкан эмес. Мен бул маселеге башкача карадым. Илгери сяньби бирикмесинин башчысы Таншихай усундар менен батышка бет алып алган хуннуларды талкалоо үчүн мукри же мукрин деген чыгыштык көчмөн уруулардан атайы кол топтоп, Тянь-Шанга жөнөткөн. Мукриндер жолдон абарларга учурап, аларды жеңип өтө албай, усундарга жакынкы аймактарда жашап калышкан. Ошентип, булактардагы маалыматтарда усундар ошол мукриндер менен коңшу болуп жатат. Ал эми орто кылымдарда аздар менен алардын тукумдары бахрииндер коңшу көрсөтүлөт. Бирок усундарды Истеми каган чапкандан кийин, мукриндер нушиби урууларынан болгон асиги жана гэшулар менен коңшу болуп, булар менен чогуу Батыш Түрк жана Түргөш каганатынын курамына кирип жатат. Мындан башка, Истеми каган өзүнүн уулу Түрксанфды тухсы уруусунун башына коюп, Талас чөлкөмүн жердеген нушиби урууларын көзөмөлгө алган. Б.а. кытай булактары боюнча асиги менен тухсылар кездешип жатса, башка булактарда тухсылар дайыма аздар менен бирге эскерилет. Бул болсо, асиги жана тухсылар ар кайсы булактарда ар кандай атта кездешип жүргөнүнөн кабар берет. Демек, асигилер баягы эле аз уруулары экени анык болуп жатат. Илимде Барсбек каганды аз уруусунан болгон деп жазышат. Андай болсо, асигилер ошол байыркы аз уруусунун тяньшандык бөлүгү болуп калууда. Тактап айтканда, Н.А.Аристовдун усундарды кыргыз болгон деген пикири толук айгинеленип жатат.

– Анда Теңир-Тоодогу кыргыздар усундардын жана Истеми кагандын доорунан бери эле жашап келаткан экен да?

– Ооба. Учурунда А.Н.Бернштам айткандай, усундар да ошол эле ус, аз, ис урууларынан болгон. Алар кыргыздын төбөл уруусу болгон. Ошондуктан кытай булактарында тяньшань кыргыздары төбөл уруунун атынан жазылып калган.

– Былтыр сиз тувалык окумуштуулар менен биргеликте Кыргызстанда да, Тувада да илимий экспедицияларды жүргүзүпсүздөр. Жыйынтыгы кандай болду?

– Мен тувалык журналга макала жөнөткөм. Тувалык окумуштуулар макаламды окуп, кыргыздар менен тувалыктардын туугандык жагы бар болсо, чогуу изилдөө жүргүзүп көрөлү деп мага кайрылып калышты. Ошентип, биз адеп Кыргызстандагы мунгуш уруусун изилдөөгө келиштик. Себеби аларда да монгуш уруусу бар экени илгертен белгилүү. Биз түштүккө барып, Алай,
Кара-Суу райондорун, Ош, Өзгөн шаарларынын тегерегиндеги мунгуш урууларын изилдедик. Мунгуштардын тотеми жагалмай куш болгондугу аныкталды. Мындан башка да керектүү маалыматтарды алдык. Анан Тувага барып монгуш уруусун изилдеп көрдүк. Жыйынтыгыбызды макала кылып жазып, журналга жөнөтүүгө дайындап жатабыз. Мен буга чейин эле VIII кылымда чыгыштан көчүп келген ягма уруусунун аты жагалмай тотемине байланыштуу караган окумуштууларды колдоп келгем. Ошого «Усуни-кыргызы…» китебимде ягмалар Урал чөлкөмүндө жашаган жагалбайлы жана чекты урууларынын түштүктүк бөлүгү болушу мүмкүн деп жазгам. Ал эми Түркияда жарык көргөн макаламда («Тухсы и азы как основатели Караханидского каганата», Эрзинжан шаары, Түркия, 2022) ягмалар булар мунгуштардын Жети-Сууга көчүп келген алдыңкы бөлүгү болсо керек деп жаздым. Мен мунгуш уруулары Теңир-Тоого этап-этабы менен көчүп келген деген пикирге келдим.

– Белгилүү окумуштуу, профессор О.Караев агай өз учурунда Караханий мамлекетин чигилдер курган деп жазды эле. Сиз Түркияга барганда Караханийлер мамлекетин тухсы жана аз уруулары түптөгөн деп доклад жасаптырсыз? Сиз ошондо О.Караевге каршы пикир айттыңыз. Эмнеге тыянып жаздыңыз?

– О.Караев В.В.Бартольдун айткандарына таянып жазган. Тарыхый булактарда караханийлердин санжырасы сакталып калган. Анда Яфеттин уулу Түрктүн Барсхан, Чигил, Илак жана Тутел деген уулдары болгон деп айтылат. Чигил караханийлердин санжырасына кирип калгандыктан, окумуштуулар караханийлерди чигилдер менен байланыштырышкан. Мен болсо бир аз башкача карадым. Биринчиден, «чигиль» этнониминин келип чыгышы манихей дини менен байланыштуу болгон. Чигилдердин Тянь-Шанга көчүп келиши да ошо менен байланыштуу деп жатам. Экинчиден, тухсылар Истеми кагандын доорунан бери эле Тянь-Шанда тектүү уруу катары белгилүү эле. Х кылымда жазылган «Худуд ал-аалам» китебинде тухсылардын жери чигилдердин жеринен да бай деп айтылат. Бул маалымат боюнча тухсылар саясий жана социалдык-экономикалык жагынан чигилдерден алда канча жогору тургандыгын билдирип жатат. Үчүнчүдөн, башка бир эмгекте, тухсылар чигилдердин себук уруусун талкалап, анын элин туткундап алгандыгы айтылат. Төртүнчүдөн, М.Кашгари өз «Диванында…» тухсы, чигил жана ягмалар тыгыз байланышта болгондугун жазат. Ал эмгегинин дагы бир жеринде тухсылар менен чигилдер Саплык Каяс, Орун Каяс, Кара Каяс аттуу үч чептин ээси экендигин жазган. Башкача айтканда, Тухсылар менен чигилдер өз ара аскердик мамиледе болгондугун айтып жатат. Бешинчиден, тухсыларды Истеми кагандын уулу Түрксанф башкаргандыктан, булар тектүү деп эсептелген. Ошондуктан, караханийлердин санжырасындагы Яфеттин уулу Түрк бул Истеми кагандын уулу Түрксанф болушу толук ыктымал. Мында караханийлердин санжырасында чигилдер чыгыштан келген уруу катары тухсыларга баш ийип калгандыгы тууралуу сөз болуп жатат. Ошондуктан Истеми каганды кадимки түрк урууларынын ата-бабасы болгон Афросиабдын прототиби деп кароого болот. Ал эми Истеми каган менен уулу Түрксанфды «Манастагы» хан Жакып жана Манастын прототиби катары кароого мүмкүнчүлүк алабыз. Манас («мани+аз») ысымын ошол эле манихейлердин башчысынын титулу «манак» менен байланыштуу карасак болот. «Манак» – манас» бири-бирине өзгөчө жакын. «Манас» («мани+аз») манихей дининдеги аз уруу башчысын түшүндүрсө керек деген пикирди жаздым («Тухсы и азы …» Эрзинжан шаары, Тюркия, 2022). Алтынчыдан, караханийлер өзүлөрүн түркпүз деп айтышкан. Алар Истеми кагандын уулу Түрктүн тукумубуз деп сыймыктанышкан. Карлук каганатында тухсылар менен аздардын өзүнчө ээликтери болгон. Жетинчиден, карлуктар бир кезде аларды басып алышса, кыязы, кийинчерээк, тухсылар карлуктардын ябгусунун бийлиги начарлаганда, реванш жасап, бийликти кайра тартып алганга жетишкен десек туура болот.

– Карлуктарга баш ийип турган тухсылар кантип күчөп кетиши мүмкүн эле?

– VIII кылымда Енисей кыргыздарында, тогуз огуздарда, көк түрктөрдө манихей дини кеңири жайыла баштаган. Батыш Түрк каганатында манихей дини Истеми кагандын доорунан бери жайылган. Батыш Түрк каганаты кайсы бир деңгээлде манихейлердин борбору катары таанылып калган. Гардизи тухсы уруусунун башчылары тухсы-чигил деген титулду алып жүргөндүгүн жазат. Ал тухсылардын манихей дининдеги уруулардын лидери болгондугун маалымдап жатат. Ошондуктан бул чөлкөмгө чыгыштан манихей дининдеги чигил, ягма, чумугун, кыргыз, отуз оглан ж.б. уруулар көчүп келген.

Х кылымдагы «Худуд-ал-Аалам» китебинде» кыргыздар ягмалар менен Кашгар шаарынын тегерегинде жашашканы айтылат. Анын башка бир жеринде тухсылар кыргыздардын бир уруусу менен коңшу жашашат деген маалымат бар. Кыргыздардын улуу дөөлөттүгү мезгилинде Теңир-Тоого көчүп келген кыргыздар бул жердеги тектүү уруулардан болгон тухсылар менен катарлаш жашап, тухсы жана аз урууларын колдогон. Ошентип, тухсылар акырындык менен күчөп, карлуктардан бийликти тартып алган. Тухсы, аз, ягма, чигил жана кыргыздар тууган уруктардан болгон. Ошого буларды кыргыздардын өзөгүн түзгөн уруулар катары караганыбыз туура болот.

– Кыргыздар менен түргөштөр тыгыз саясий байланышта болгонун жазыптырсыз. Түргөштөр кыргыз болгонбу?

– Барсбек каган түргөштөрдүн каганы Уч элик каган жана анын уулу Сакал каган менен союздаш болгон. Себеби булар экөө тең аз уруусунан чыккан. Уч элик кагандын кичүү улуу Ченгбек агасы Сакал каган өлгөндөн кийин да Барсбек каганды колдоп, ал өлгөнчө анын жанында бирге кармашкан. Капаган каган 711-жылы Сунга токоюндагы согушта Барсбек каганды өлтүргөн. Ал эми Ченгбек колго түшүп калган. Капаган анын да башын алган. Кыргыздар буларга арнап, ошол жерге таштан эки эстелик коюп, алардын бетине бул эки баатырдын эрдигин жазышкан. Ченгбектин ташында мен түргөшмүн (уруулар бирикмеси), езгене уруусунан болом деп жазылган. В.Я.Бутанаев езгене кыргыздардын адыгине уруусу эле болсо керек дейт. Мен адыгиненин келип чыгышын аздар менен байланыштырып, «езгене», «азыгине», «адыгине» бир эле уруунун атынын ар кандай айтылышын туюнтат деген пикирдемин.

Түргөш каганатын кыргыздардын аз жана тухсы уруусун түптөгөн деп айтсак болот. Капагандан женилип калгандан кийин тухсы, аздар, кыргыздар Тянь-Шанга келип, бул жерде Сулук каган башында турган жаңы каганат түптөшкөн. Сулук каган «карахан» титулун алып жүргөн.

Тухсылар менен аздар чыгыштан келген чигил, ягма, чумугун, кыргыз, отуз оглан ж.б. уруулар менен тыгыз ымалада болушкан. Кыргыздардын азык, адыгине, тагай жана казактардын алимуулу уруусу ошол аз, тухсы урууларынын тукумдары деп айтсак болот. Себеби алимуулу уруусунун Шомекей (чумугун) уругунун курамында тохы же тока, көпөк (күчүк), бозгул жана аспан (аз/ман) уруктары кездешет. Ал эми кыргыздын чоң багыш уруусунун курамында азыгаалы (азыг+аалы), «тинчин» («тухсы»), бугуда – асан мырза жана токоч, сары багышта – токо уруктары кездешет. Булардын баарын аздар менен тухсылардын майда бөлүкчөлөрү катары карасак болот.

– Анда кыргыздар менен казактар Истеми каган жана анын уулу Түрксанфдын тукумубуз деп сыймыктанышса болот экен да?

– Ооба. Изилдөөлөр кыргыздар менен казактардын канында Бумын жана Истеми кагандын тукумдарынын каны болушу мүмкүн экенин көрсөтүп жатат. Өзгөчө, кыргыздардын оң жана сол канаттан тараган Адыгине (езгене) жана Тагай (тухсы/тохы, тока/тагай) тукумдарын жана казактардын кичүү жүзүнөн алимуулу уруусун айтсак болот.

 

Аңгемелешкен Майрамбек ТОКТОРОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер