ӨТҮНМӨЛӨРДҮ ОНЛАЙН КАБЫЛ АЛУУДАГЫ КОЛЛЕДЖДЕРДИН АРАКЕТТЕРИНИН АЛГОРИТМИ

  • 11.08.2020
  • 0

Абитуриентти каттагандан кийин кабыл алуу комиссиясынын администратору системага негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүктүн же орто жалпы билими жөнүндө аттестаттын бааларын киргизет.

Бюджеттик да, контракттык да окутуу формасына абитуриенттерди кабыл алуу үчүн негиз катары аттестаттын (11-класс) же күбөлүктүн (9-класс) орточо баллы жана конкреттүү адистик үчүн профилдик предмет же онлайн тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча орточо балл алынат.

Билими жөнүндө документтин (аттестаттын жана күбөлүктүн) орточо баллын эсептөө үчүн билими жөнүндө документтин арифметикалык орточо маанисин чыгаруу зарыл. Ал үчүн негиз катары билими жөнүндө документтин тиркемесиндеги баалар алынат, алар бири-бирине кошулат жана алынган сумма бардык предметтердин жалпы санына бөлүнөт. Бул суммага профилдик предмет боюнча балл кошулат.

Орто кесиптик билим берүүнүн ар бир адистиги боюнча профилдик предметтердин тизмеси ОКОЖ тарабынан өз алдынча аныкталат.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер