Төлөбек Абдырахманов: «Бишкектеги балдардын кырк пайызы алты жашынан мектепке барат»

  • 26.03.2024
  • 0

Ж. Баласагын атындагы КУУда учурда 26миң студент билим алса, анын алты миңи колледждерден келген. Башталгыч кесиптик окуу жайларда билим алган студенттер бакалавриат, магистратурада окуган студенттерге салыштырмалуу умтулуусу жогору, ийгиликтүү келет. Конкурстарда биринчиликти бербейт. Бат үйрөнүп, ийгиликке жетүүгө, коомго аралашып, бат ордун табууга ашыгып турат. Бул тууралуу Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректору билдирди.

Төлөбек Абдырахманов: «Бишкектеги балдардын кырк пайызы алты жашынан мектепке барат»

Ректордун айтымында, 12 жылдык билим берүү системасына өтүүдө эки-үч чоң маселе бар. Алардын эң оору – билим берүү системасын алмаштыруу. Бул оңой нерсе эмес. Себеби мектептик жана мектепке чейинки билим берүү советтер союзунан бери келатат. 12жылдык билим берүү системасын киргизүү менен 30жылдан бери келе жактан системаны өзгөртө алабыз. Албетте, жөн эле механикалык түрдө которуп коюу менен маселе чечилбейт. Билим берүү методикасын, методологияны, китептердин басылып чыгарылышын кайра карап чыгуу кажет.  Менеджменттик жөндөм күчтүү болсо, азыркы каражат, убакыт, мугалимдер менен эле 12 жылдыкка өтүүгө болот.

 

  • Дүйнөнүн 78% өлкөлөрүндө 12 жылдык билим берүү киргизилген. Алардын билим деңгээли да жогору. Мисалы, Монголияны айтсак, билим берүү жаатында жакшы бийиктиктерге жетишип келе жатат. Араб өлкөлөрү мурда кандай эле? Азыр футбол, маданият, илим, билимден дагы көп өлкөлөрдү артка калтырууда.
  • «Pisa» сынагынын эң биринчи талабы – 15 жаштагы балдар үчүн. Батыштын окуучулары 15 жашында биздин балдардан бир жылга алдыда болот. Алар алган билим деңгээлди биздин окуучулар көрсөтүшү оор. Биз, дүйнөлүк ритмден калбашыбыз керек. Кыргызстандын эң негизги ресурсу – адамдар. Эмне үчүн балдарды бир жыл кармап, бир жылга артка тартышыбыз керек? Бир жыл үйдө отургандан эмне табат? Биздин балдар тезирээк окуп, коомдо өз ордун таап, рынокко аралашышы керек. Башка өлкөнүн балдарынан мурда барып, өз нишасын табышы керек, — деди Төлөбек Абдырахманов.

Ошондой эле ректор 12 жылдык окуу боюнча пессимисттик ойду билдиргендердин басымдуу бөлүгү айылдын жашоочулары экендигин айтты. Себеби айыл жеринде алты жаштагы баланын үй иштерине жардам бергени көбүрөөк пайдалуу. ЮНЕСКОнун окумуштууларынын изилдөөсү боюнча, Бишкектеги мектеп окуучуларынын 40 пайызы алты жашынан мектепке барат. Ошол себептен шаардыктарда каршылыктар жок. Демек, маселенин жарымы чечилген. Билим берүү жөнүндө мыйзамында да алты-жети жашынан баштап мектепке барары тууралуу жазылган. Бишкек шаарындагы эң күчтүү жеке менчик мектептерге да алты жаштан кабыл алат. Ал эми алты жашта баланы бакчага жиберүү моралдык, эмоционалык жактан да туура эмес. Өкмөттүн маалыматы боюнча, алты жашында бакчага барган балага караганда ушул эле куракта мектепке барган балага эки-үч эсе чыгым көп кетет.

Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер