СЫНАКТЫН СЫНЫНАН ӨТКӨН ОКУУЧУЛАР СЫЙЛАНДЫ

  • 26.12.2023
  • 0

Өзгөн районунун мектептеринин арасында Мырза аке айылындагы Мамат Нурбаев атындагы орто мектебинде IV англис тили боюнча сынак өттү.

СЫНАКТЫН СЫНЫНАН ӨТКӨН ОКУУЧУЛАР СЫЙЛАНДЫ СЫНАКТЫН СЫНЫНАН ӨТКӨН ОКУУЧУЛАР СЫЙЛАНДЫ СЫНАКТЫН СЫНЫНАН ӨТКӨН ОКУУЧУЛАР СЫЙЛАНДЫ

Салттуу англис тили сынагы ОшМУнун Дүйнөлүк тилдер жана маданияттар факультетинин колдоосу менен Кубат Темирбаев атындагы фонд, KGTESOL англис тили мугалимдеринин ассоциациясы, Academka Language Centre тарабынан уюштурулду.

Маалыматка таянсак, аталган сынак район боюнча 5-класстын баштап 11-класстын окуучуларына чейин ар бир класстар арасында өз өзүнчө сынак өттү. 5-класстан баштап 11-класстарга чейин ар бир класстын окуучуларына 1-орунга 3000 сом, 2-орунга 2000 сом, 3-орунга 1000 сом, калган катышуучуларга 200 сомдон сый акы коюлган.

Уюштуруучулар менен калыстар тобу окуучулардын алдыга умтулуу аракеттери күчтүү экенин белгилеп, окуучуларга бул колдоо келечекке кең жол ачарын айтышты.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер