Студенттерге арналган коворкинг борбор

  • 21.11.2024
  • 0

ААК «Элдик Банк» жана Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин кызматташтыгынын алкагында окуу жайда заманбап коворкинг борбору ачылды.

Студенттерге арналган коворкинг борбор

Анын ачылыш аземине ААК «Элдик Банк» башкармалыгынын төрагасы Уланбек Ногаев жана окуу жайдын ректору Мирлан Чыныбаев катышып, жаңы борбордун студенттерге окуу жана чыгармачылык ишмердүүлүктө чоң жардам берерин белгилешти.

Борбор студенттердин билим алуу процесстерин жандандырып, инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн идеалдуу аянтча.

Коворкинг борбордун  өзгөчөлүктөрү:

  • заманбап жабдуулар: моноблоктор менен толук жабдылган, бул студенттерге акыркы технологиялар менен иштөө мүмкүнчүлүгүн түзөт;
  • көп функционалдуу: жеке жана топтук иш алып барууга бирдей ыңгайлуу шарттарды сунуштайт;
  • студенттер үчүн жеткиликтүү: билим алуу жана чыгармачылык менен алектенүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөт;
  • шыктандыруучу чөйрө: жайлуу интерьер, ыңгайлуу мебель жана мультимедиялык жабдуулар студенттердин чыгармачылык күчүн жандандырып, продуктивдүү иштөөгө түрткү берет.

Студенттерге арналган коворкинг борбор

Долбоордун негизги максаттары — студенттердин билим алууга болгон мотивациясын жогорулатуу, инновациялык жана кесиптик өнүгүү чөйрөсүн түзүү, ошондой эле жаңы технологиялар аркылуу билимге жеткиликтүүлүктү арттыруу.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер