СТУДЕНТТЕР ОНЛАЙН ОКУШАТ

  • 18.08.2020
  • 0

Жогорку жана орто кесиптик окуу жайларында жаңы окуу жылы он лайн форматта башталат. 

СТУДЕНТТЕР ОНЛАЙН ОКУШАТ

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен, коронавирус инфекциясынын жайылышынын тобокелдиктерин азайтуу максатында жогорку жана орто кесиптик окуу жайларда (менчигинин түрүнө карабай) аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен окуу жылы онлайн режимде башталышы тууралуу чечим чыгарды.

Окуу процесси автоматташтырылган маалыматтык системасы, ZOOM, Google classroom, MOODLE, Academic Affairs маалыматтык системалары, ошондой эле Whatsapp, Skype, электрондук почтанын, өздүк электрондук китепканаларынын ресурстарын, Kirlibnet электрондук китепканасынын ресурстарын колдонуу менен онлайн форматта уюштурулат.

Окуу жайлар дисциплиналардын окуу-методикалык комплекстерине ылайык, студенттердин өз алдынча ишинин планын иштеп чыгат. Ошондой эле аралыктан окутуу формасына керектүү санариптик окуу материалдары менен камсыздайт, өздүк маалыматтык билим берүү ресурстарын жакшыртат жана сабактарды дистанттык форматта уюштуруу үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык базаны жаңылоо боюнча чараларды көрүшөт.

Азыркы учурда ЖОЖ жана колледждердин окутуучулары үчүн методикалык жана техникалык колдоо уюштурулду.

Министрлик алдында түзүлгөн Консультативдик кеңеш тарабынан адам ресурстарын, билим берүү чөйрөсүн, санариптик инфраструктураны, методикалык базаны жана онлайн форматтагы окуу процессин баалоо ыкмалары боюнча системалык сунуштамалар иштелип чыкты.

Министрлик 17-августтан онлайн окутууга даярдык боюнча сунуштамаларды вебинар аркылуу ЖОЖ жана колледждердин өкүлдөрүнө тааныштырат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер