СТУДЕНТТЕР БЕКЕР ДАРЫЛАНЫШАТ 

  • 16.09.2022
  • 0

СТУДЕНТТЕР БЕКЕР ДАРЫЛАНЫШАТ 

Кореянын Тэгу шаарындагы  Кемён университетинин алдындагы Донгсан медициналык борбору Ж. Баласагын атындагы Улуттук университеттин бейтап студенттерин акысыз дарылайт. 

Студенттерди дарыланууга узатуу иш-чарасына Ж. Баласагын атындагы Улуттук университеттин ректору Төлөбек Абдрахманов катышты.

  • Жаштар-биздин келечегибиз. Дени сак, билимдүү жаштар менен бирге гана алдыга жылабыз. Билимге, ишке тойбой турган жаштарыбыз, дегеле адам баласы оорубасын. Ал жакка аман-эсен жетип, ыйык Мекениңерге сакайып кайтып келишиңерге тилектешмин, — деди ректор өз сөзүндө.

Студенттердин келечеги үчүн, алардын ден соолугуна какмкордук көрүп, мындай иш-чараларды уюштуруп, аны ишке ашырып жаткан аталган окуу жайдын эмгек  жамаатына ата-энелердин атынан чыгып сүйлөшкөн Назира Сатындиева менен Тасмабек Эргешов терең ыраазычылык билдиришти.

Дарыланууга бара жаткан студенттер негизинен жүрөк жана  ичеги-карын ооруусунун дартына чалдыккандар. Аларды ата-энелери же жакындары коштоп барат, визалары ачылып, колдоруна билеттери тийген. Жашаган жайы, жол киреси, дарылануусу, операциясы, бүт баары бекер. 10 студент буга чейинки 13-15-июлда Бишкек шаарынын Жал кичи районунда болгон медициналык текшерүүдөн өтүп, тандалып алынышкан.

Дарыланууга бара жаткан студенттердин биринчи тобу сентябрь айында, ал эми экинчи тобу октябрь айында учат. Алар алгач дарылануу курсунан өтүп, андан кийин дартына жараша хирургиялык операцияга кирет.

Жайдын аптабына карабай, студенттерди текшерип, кароодон өткөргөнү келген кореялык башкы дарыгер, педиатр, гастроэнтеролог, кардиолог, гинекологдор Саламаттыкты сактоо министринин жана Билим берүү жана илим министринин кабыл алуусунда болуп, долбоордун мындан ары үзгүлтүксүз иштей береринен  кабар беришкен.

Оорулуу студенттер үчүн бул пайдалуу жана эки тараптуу долбоорду университеттин эл аралык мамилелер бөлүмүн жетектеген Бактыбек Келдибеков жүзөгө ашырган. Ал бир нече ирет сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, максаттуу долбоордун аткарылып жатканына чын дилинен кубанганын жашырган жок.

Б. Бөкөлөев, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер