СТУДЕНТТЕР АРАСЫНДА ӨТКӨН “ЖЕҢИШ ЫРЫН ЫРДАЙБЫЗ” АТТУУ ОНЛАЙН ФЕСТИВАЛДЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

  • 01.06.2020
  • 0

Жеңиштин 75 жылдыгына арналган “Жеңиш ырын ырдайбыз” аттуу студенттер арасында өткөн республикалык онлайн фестиваль-сынагынын жыйынтыгы чыгарылды.

Жогорку жана орто окуу жайлардын студенттеринен фестивалга жалпы 400дөн ашуун материалдар келип түштү. Ал эми катышкандардын саны 1000ден ашты.

Жыйынтыгында обондуу ырлар номинациясында Талас мамлекеттик университетинин 3-курсунун студенти Искендер Токтогулов 1-орунду, Ош  гуманитардык -педагогикалык институтунун 4-курсунун студенти Майрамбек Шакиров 2-орунду алды.

 Монолог окуу боюнча жеңүүчүлөр:

 1-орун — Уланбек кызы Гулнур, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы педагогикалык колледжинин 2-курсунун студенти;

 2-орун — Кеңешбек кызы Уулкан, Ош мамлекеттик университетинин 1-курсунун студенти жана Дүйшөева Аяна Ысык-Көл индустриялдык-педагогикалык колледжинин 2-курсунун студенти,

3-орун- Кудайберди Арапбаев,  Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад университетинин алдындагы  Жалал-Абад колледжинин  1-курсунун студенти, Акжол кызы Орозгүл, Баткен мамлекеттик университетинин 3-курсунун студенти жана Темирлан Маликов, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 4-курсунун студенти.

Көркөм окуу боюнча жеңүүчүлөр:

 1-орун — Бектур Калиев, М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин студенти;

2-орун — Бакытбек уулу Улукман,  Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулушш, транспорт жана архитектура университетинин 3-курсунун студенти.

 Кызыктыруучу сыйлыктар:

  • Уланбеков Эдил, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин 1 -курсунун студенти;
  • Касыяров Тилекмат, Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык -педагогикалык колледжинин 1- студенти;
  • Рыскулбекова Бегимай, И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун  2-курсунун студенти;
  • Асанбекова Дамира, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 2-курсунун студенти;
  • Атаналиев Марсель, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин 1-курсунун студенти;
  • Рустамов Руслан, К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын 4-курсунун студенти;
  • Калмуратова Элес, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма теартынын алдындагы театралдык окуу жайынын 3-курсунун студенти;
  • Чолпонбай кызы Нурсара, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин 1-курсунун студенти.

Байгелүү орунду алгандарга диплом, планшет, смартфон жана букридер берилет. Ал эми кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болгондорго китеп сатып алуу үчүн 3 миң жана 2 миң сомдук сертифкаттар тапшырылат. Ошондой эле фестивалга катышкан бардык студенттер фестивалдын дипломанты сертификаты менен сыйланат.

 Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер