STEM: үйрөтүүчүдөн багыттоочуга

  • 21.01.2025
  • 0

Өткөн жылдын октябрь айынан бери өлкөдө STEM предметтери боюнча мугалимдер кесиптик чеберчилигин жогорулатууда. Учурда 3000ден ашык мугалим окуп жатса, буга чейинки окууларга 10 000ден ашууну катышкан.

Курстарда окутулган заманбап методикалар мугалимдерге окуучуларды STEM сабактарына болгон кызыгуусун арттырууга, билим берүү процессине активдүү тартууга, алардын сынчыл ой жүгүртүүсүн жана өз алдынча изилдөө жүргүзүү жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жардам берет.

STEM: үйрөтүүчүдөн багыттоочуга

Үпөл Керимканова И. Арабаев атындагы университеттин ага окутуучусу. Ал STEM мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча математика багытындагы тренер. Үпөл Керимканова бул курстар ушул жылдын март айына чейин созуларын, өлкө боюнча жалпы 15 000ден ашык STEM мугалимин окутуу пландаштырылганын билдирди.

STEM: үйрөтүүчүдөн багыттоочуга

– Тренингдер окуучулардын математика боюнча түшүнүгүн калыптандырууга, математикалык моделдештирүү жана эсептөө ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталган. Ал эми табигый илимдерде окутуу 5E модели боюнча жүргүзүлөт, ал беш этап аркылуу — кызыктыруу (Engage), изилдөө (Explore), түшүндүрүү (Explain), кеңейтүү (Elaborate) жана баалоо (Evaluate) менен өтөт. Бул ыкма окуучулардын сынчыл ой жүгүртүүсүн жана өз алдынча изилдөө жүргүзүү жөндөмдөрүн өнүктүрөт, аларга илимий процесстерге аралашып, сабакта активдүү катышуу жана билимди практикалык тажрыйба аркылуу өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт, – деди  Ү.Керимканова.

Бул ыкмалар мугалимдерге 12 жылдык билим берүүдө иш процессин арттырууга жардам берет. Мугалимдер окуучуларды эреже жаттоо, формулаларды эстеп калуу, үлгүгө салып окутуу сыяктуу ыкмалардан алыстап, окутуучунун ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталган суроолор аркылуу окутуу процессинде алар менен бирге иштеп, изилдеп, талкуулоодон жыйынтык чыгарганга жардам берген ментор катары гана иш аткарат.

– Мындай ыкмалар менен иштеп көнгөн мугалим үлгү менен иштеген методдон арылууну каалап калат. Сабагына чыгармачылык менен мамиле кылып, окуучуну өз эркине коюу, ага сабак учурунда жаңылууга жана өз катасын өзү табууга шарт түзөт. Ошондо гана окуучу бир мисалды же маселенин чыгаруу жолдорун бир канча вариантта бергенге аракет кылат. Мисалы, мугалимдер менен кайтарым байланыш учурунда окуучулары мурдагыдан айырмаланып бир эле мисалды алгебралык, арифметикалык, графикалык же конкреттүү жол менен чыгарып бергенин айтып кубанышууда. Демек, мугалимдер

STEM: үйрөтүүчүдөн багыттоочуга

Тренингге катышып жаткан мугалимдердин бири Жайыл районунун Сосновка орто мектебинин математика мугалими Осмонова Гүлкайыр сабагында бул ыкмаларды ырахаттануу менен колдонуп жатканын билдирди.

– Сингапур өлкөсү колдонуп жаткан методиканы киргизүү Кыргызстандын билим берүү системасы үчүн пайдалуу. Бул методиканы ар бир мугалим өз сабагында колдонсо, билим берүү сапаты жана окуучулардын дүйнө таанымы алда канча жогорулайт деп ишенем.  Бул усул математикалык түшүнүктөрдү окуучулардын табигый ой жүгүртүүсүнө жана күнүмдүк жашоодо колдонулушуна ылайык калыптандырат. Математика сабагында көйгөйлөрдү биргеликте чечүү окуучуларга логикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө жардам берет, – деп эсептейт мугалим.

Ал сабагында окуучулары топто иштеп, ар кандай стратегияларды колдонуп көйгөйдү чечүүнүн креативдүү жолдорун издегенди үйрөнүп, сабак кызыктуу өтүп жатканын кошумчалады.

Бишкек шаарындагы №72 орто мектебинин математика мугалими Наматова Тамара болсо ар бир ыкманын артыкчылыгы менен катар кемчилиги дагы болорун айтып, сабак учурундагы байкоолору менен бөлүштү.

STEM: үйрөтүүчүдөн багыттоочуга

– Билим берүү мамлекеттик стандарт менен ишке ашырылат. Бирок биздин буга чейинки стандарт PISA эл аралык изилдөөсүндөгү берилүүчү тапшырмаларга туура келбейт. Окшошсо дагы аларды ишке ашыруу убакытты талап кылат. Математика сабагы болсо жумасына төрт эле саат өтүлөт. Бул абдан аз. Экинчиден, класстагы балдардын саны (класста 40-45тен окуучу) бул ыкманы толук ишке ашырууга мүмкүндүк бербейт. 40 мүнөттө мугалим бардык окуучунун оюн угуп жетише албайт. Жаңы иштелип жаткан стандарт дал ушул кемчиликтерди жоюуга багытталган, – дейт ал.

Кыргызстанда 12 жылдык билим берүүгө өтүү мезгил талабы экенин баарыбыз түшүнүшүбүз керек. Өткөн жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атайын токтому менен «Кыргыз Республикасынын он эки жылдык мектептик билим берүүгө өтүү концепциясы» бекитилген.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Жаңы жыл алдындагы маалымат жыйында 2030-жылга чейин билим берүүнүн бардык башка тепкичтерин, жада калса илимди камтыган билим берүү тармагындагы реформалардын негизги линиясы 12 жылдык мектептик билимге негизделгенин айтып, 2025-жылы аткарылуучу иштердин катарында мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу биринчи орунда экенин белгилеген.

— 12 жылдык мектепте билим берүүнүн жаңы билим берүү стандартын, башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүүнүн предметтик стандарттарын, билим берүүнүн бардык деңгээлдериндеги педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуунун жаңы модулдарын иштеп чыгуу, мугалимдерди комплекстүү методикалык колдоо – облустардын, шаарлардын жана райондордун деңгээлинде методикалык борборлорду реформалоо иштери аткарылат, – деген министр.

STEM: үйрөтүүчүдөн багыттоочуга

Жогорудагы тренингдер Билим берүү жана илим министрлиги, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту тарабынан Азия өнүктүрүү банкынын “Секторду өнүктүрүү долбоору: Мектептик билим берүүнү реформалоо” долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылууда.

Эльвира Какиева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер