STEAM — БАЛА БАКЧА ПЕДАГОГДОРУ ҮЧҮН

  • 01.04.2024
  • 0

5-апрелде Бишкектеги Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинде өтүүчү илимий-практикалык конференцияда бала бакчаларда STEAM илимий-техникалык чыгармачыл чөйрөнү түзүү, жаңы инновациялык ыкмалар боюнча тажрыйба алмашуу жана аны жайылтуу боюнча актуалдуу маселелер талкууланат.

STEAM - БАЛА БАКЧА ПЕДАГОГДОРУ ҮЧҮН

“Мектепке чейинки билим берүүнүн заманбап практикасы: реалдуулук жана перспективалар” деп аталган конференцияда ошондой эле мектепке чейинки билим берүүнүн башка предметтери тууралуу да кеңири сөз болмокчу. Алсак, балдар үчүн туура сүйлөө технологиясы, көп тилдүү билим берүү программасы, балдарды окутууга жекече багытталган мамиле, активдүүлүк борборлору, МЧББУда санариптик технологиялар, этнопедагогика, көркөм кол өнөрчүлүк ж.б.

STEAM - БАЛА БАКЧА ПЕДАГОГДОРУ ҮЧҮН

Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосунда “Союз дошкольников Кейджи” коомдук фонду уюштуруп жаткан конференция “Өзүңө инвестиция салуу менен өлкөнүн келечегине инвестиция саласың!” деген теманы демилгелейт.

А.Кашыбаева,

«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер