СТАЦИОНАРЛАРДА САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК НОРМАЛАРДЫН САКТАЛУУСУН КӨЗӨМӨЛДӨӨНҮ КҮЧӨТҮҮ КЕРЕК

  • 23.07.2020
  • 0

Күндүзгү жана түнкү стационарларда эпидемиологиялык нормалардын сакталуусун көзөмөлдөөнү күчөтүү керек. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди.

«Медицина кызматкерлерине жана жарандарга коронавирус инфекциясынын жугуу коркунучун алдын алуу үчүн стационарларда санитардык ченемдерди катуу сактоо талап кылынат. Мындан өлкөнүн эпидемиологиялык абалы көз каранды. Ошондуктан адистер жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте бардык санитардык эрежелерди аткарууну туруктуу негизде көзөмөлгө алууга тийиш жана стационарлардагы медицина кызматкерлеринин иштөөсүнө зарыл шарттарды түзүү абзел», — деди Өкмөт башчы.

Жыйындын жүрүшүндө штабдын мүчөлөрү ооруп жаткан жарандардын өмүрүн сактап калуу боюнча көрүлүп жаткан иштерди талкуулашты. Мындан тышкары оорусу өтүшүп кеткен бейтаптардын абалын жакшыртуу үчүн чараларды күчөтүү тапшырмасы берилип, бул боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин аймактардагы кураторлоруна жана Бишкек шаарындагы ооруканаларга бекитилген Өкмөт мүчөлөрүнүн дарегине Премьер-министр сын айтты.

«Оор абалдагы бейтапты дарылоодо түшүнүксүз жагдайлар болуп жатса, академик, профессор жана клиницисттерден турган эксперттик топко кайрылуу зарыл. Саламаттык сактоо министрлиги жалпы республика боюнча иштей турган дарыгерлердин консилиумунун ишин күчөтүүнү колго алууга тийиш», — деп белгиледи Кубатбек Боронов.

Отурумда Бишкек жана Ош шаарларында жаңы ооруканаларды куруу, аймактардагы бош имараттардын багытын өзгөртүп, медициналык мекемеге ылайыкташтыруу иштерин ушул жылдын 25-августуна чейин бүткөрүү тапшырмасы берилди.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Бөлүшүү

Комментарийлер