СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ АЧКАН БИЙИКТИК

  • 08.12.2023
  • 0

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ АЧКАН БИЙИКТИК

Советбек Байгазиевдин «Чыңгыз Айтматов — ак калпак кыргыздын жана адамзаттын даанышманы» аттуу эмгегин окуп чыгып, төмөндөгү беш бийик ойдо калдым (Аталган китеп 9 баптан, 19-параграфтан жана 11-параграфчадан турат):

  1. Автор 1-бапта Айкөл Манас жана Чыңгыз Айтматов Азия чөлкөмүндөгү эки бийик чоку, Эверест жана Хан-Теңири сыяктуу көк тиреген бийиктиктер деген ойду айтат. Автордун бул оюн куранга салыштыргым келет. Куранда да: “Күндү, анын жарыгын, тоону (М: Саян тоолорун) күбө тартам”, — деген Кудайдын сөзү бар. Мына ушундай түбөлүктүү, өзгөрбөгөн жаратылыштагы кубулуштарды күбө тартуу абдан маанилүү, жандуу, ишенимдүү экендигин айткым келет.

“Эки рухий чокубуздун бийиктиктерине көз чаптыралы (2-бет)”– дейт автор. Мындай эки бийиктикке көз чаптыруу ар кимдин эле колунан келе бербейт, ал үчүн Советбек Орозканович болуу керек. Бийиктикти бийик адам гана баалай алат.

  1. “Манастын дүйнөлүк идеясы” деген бапта Манас менен Алманбеттин достугу адамзатка балбылдап күйгөн шамчырак экендигин, Манастын кырк чоросу ар түрдүү улуттардын өкүлдөрүнөн түзүлгөндүгү баяндалат. Мындай идея бүгүнкү күнү да өз актуалдуулугун жоготкон жок, ал гана эмес адамзатты сактап калуунун зарыл шартына айланып отурат. Жалпы адамзаттык чакырыктын негизи биздин «Манаста» жаткандыгын айткысы келет автор.

Ал эми Ч.Айтматов «Манастагы» бул идеяны улап: “Манас адамзаттын тынчтык, ынтымак жөнүндөгү мүдөөлөрүн боюна сиңирген, жол көрсөтүп турган КАСИЕТ”, — дейт. Чынында, биз “Манас баатыр”, “Манас жол башчы”, “Манас элди бириктирүүчү”, “Манас кол башчы” ж.б. толгон сыпаттарды берип жүрөбүз. Советбек Орозканович, Чыңгыз Айтматовдун сөзү аркылуу Манас жалпы адамзатка берилген КАСИЕТ дейт. Мындай КАСИЕТ кыргыздарда гана сакталып келе жатат. Ошондуктан «Манасты» ошол касиетке эгедер кыргыз эли гана оозеки сактап, улантып келе жатат. Мындай жаңылыгы менен баалуу биз сөз кылып жаткан китеп.

  1. Советбек Орозканович бул китебинде: “Ч.Айтматов Манастын идеялык эстафетасын улантуучу”, — дейт. Биз Манасты энчилеп алып, кыргыздын улуттук менчигине айландырганбыз (анын жаман жагы жок), ал эми Советбек Орозканович Манас бир эле кыргыздыкы эмес, жалпы адамзаттыкы, адамзаттык миссияны аткаруу үчүн келгендигин далилдөөгө аракет жасайт б.а. Манас жалпы адамзаттык миссияны аткарганы келген. Манастын акыркы изилдөөлөрүнө таянсак, анын Жердин түбү Желпинишке (Америка континентине), Жет кайтка (Түндүк муз океанга), Кытай, Индияга чейин бийлигин жүргүзгөндүгү такталууда.

«Мындай адамзаттык ой толгоо биздин эки бийиктикте» — дейт Советбек Орозканович. Жашыруун эмес, Ч.Айтматовду “космополит” деп жүргөндөрүбүз да аз эмес. Советбек Орозканович “Манастагы” идеялар аркылуу бир эле улуттун эмес, жалпы адамзаттын көйгөйлөрүн ойлоону Ч.Айтматов аркылуу берет. «Ч.Айтматовдун планетардык аң-сезимге ээ болуу маанисин түшүнүп коюшубуз керек» — дейт автор.

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ АЧКАН БИЙИКТИК

  1. Кийинки айтар сөз, китепте Ч.Айтматовдун «Манас» жана манасчылар жөнүндө айткан ойлорунун кору берилген. Эң кызыгы жана автордун жеке эмгеги, табылгасы катары, «Манастагы» ар бир идея, айтылган ойлор Ч.Айтматовдун чыгармаларынан келтирилген фактылар менен бекемделгендигинде дегим келет. Ал үчүн албетте, Ч.Айтматовдун чыгармаларын казып чыгуу талап кылынат. Автор бул ишти абийирдүүлүк менен аткарган деп айта аламын.
  2. Китеп бүркүткө салыштыруу иретиндеги ойлор жана сүйүү темасы менен аяктайт. Бул Советбек Орозкановичтин жеке тагдыры, аткара турган миссиясы. Мындай айтып отурганымдын себеби, анын алгачкы чыгармасы “Боз торгой” болсо, 1990-жылдардын экинчи жарымында “Кыргыз журту ободогу бүркүттүн көзү менен” деген китепке айланган. Кеп чыгарманын аталышында эмес (аталышы да жөн эмес), ал Советбек Орозкановичтин өзүнө өзү мүнүшкер болуп, талантын таптап отуруп, боз торгоюн бүркүткө айландырды дээр элем. Мына, бүгүн Советбек Орозканович өзү да, бийиктиктерди багынтып, бүркүт сыяктуу ободон көз салып турган убагы.

Мен байкагандан Ч.Айтматов да, Советбек Орозканович да сүйүү боюнча адистер. Китеп башкача духта аякташы мүмкүн эмес эле. Сүйүү темасы менен аяктап отургандыгы да символикалуу. Манастай элин, жерин сүйгөн личность кайталанбай келе жаткандыгы да бекеринен эмес. Чынында, сүйүү гана жалпы адамзатты кармап тургандыгы талашсыз чындык.

Жыйынтыктап айтканда, бул китеп кыргыз элине, жалпы адамзатка кызмат кылып, педагогика, психология, филология, тарых илимдеринин өнүгүшүнө өбөлгө болот деп терең ишенем. Авторго баалуу эмгеги үчүн ыраазычылык билдирем, ден соолук каалайм.

Тууганбай КОҢУРБАЕВ,
Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти, психология илимдеринин кандидаты, доцент

 

Бөлүшүү

Комментарийлер