СОЦИОЛОГИЯ АРКЫЛУУ КЫРГЫЗСТАНДЫ ТУРУКТУУ ӨНҮКТҮРҮҮ

  • 26.12.2017
  • 0

СОЦИОЛОГИЯ АРКЫЛУУ КЫРГЫЗСТАНДЫ ТУРУКТУУ ӨНҮКТҮРҮҮ

Калыптануубуздун тарыхы жөнүндө 

Тарыхый чен-өлчөм менен алып караганда Кыргызстанда социология илим жана кесип катары калыптана баштаган учурдан тартып бар болгону бир көз ирмем өттү. Жакында эле, 1960-жылдардан тартып демилгелүү кыргыз илимпоздору, ар түрдүү илимдин өкүлдөрү (философтор, экономисттер, математиктер ж.б.) А.Табалдиевдин жетекчилиги менен совет мезгилиндеги ар түрдүү олуттуу проблемалар – этностор аралык мамилелер, үй-бүлө, эмгек ж.б. боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүшкөн, айыл-кыштактардын, шаарлардын социалдык паспортторун түзүп жана эл чарбасынын тармактарын өнүктүрүүнүн стратегиялык пландарын иштеп чыгышкан. Муну менен дүйнөлүк социологиялык илимди азыркы Кыргызстанда өнүктүрүү үчүн алгачкы пайдубал түптөлгөн.

Мамлекетибиз азаттыкка чыгаары менен совет доорунун кийинки калыптануу этабында – жогорку кесипкөй билим берүүнүн чегинде социологины институтташтыруу, эл аралык тажрыйбаны колдонуп колдонмо коммерциялык изилдөөлөр башталган, коомдук уюмдардын да, консалтинг кызматтары активдешип, саны өсө баштады. Ошентип, 1990-жылдардын таңында Бишкек гуманитардык университетинде биринчи Социология кафедрасы ачылган. Бара-бара мындай структуралар өлкөнүн башка бир катар окуу жайларында түзүлүп, илимий кадрлардын – социология боюнча илимдин кандидаттары менен докторлорунун корпусу калыптанды. Бүткүл республиканын масштабында көп сандаган социологиялык изилдөөлөр жүргүзүлүп, калктын жакырлыгынан тартып мамлкеттик бийлик институттарын калыптандырууга чейинки кеңири көйгөйлөр козголуп отурду. Ошентип, чейрек кылымдын ичинде өлкөнүн соңку тарыхында социология калыптануудан жана өнүгүүдөн тартып татаал жолду басып өттү жана теориялык-колдомо илим катары өз жолун таап, кесипкөй кадрлардын потенциалын топтой алды.

Социология жана мамлекет – байланыш жок!

Ошону менен  бирге социумду изилдөөнүн жана таанып-билүүнүн таасирдүү куралы катары социология илими Кыргызстанда өзүнүн татыктуу ордун ээлей албагандыгын өкүнүч менен белгилөөгө туура келет. Атап айтканда, колдонмо илим катары дүйнөлүк практикада коомго илимий талдоо жүргүзүүнүн жана башкаруунун жалпы тутумунда өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтүп келген жана көрсөтүп жаткан бул илим республиканын тарыхый өнүгүшүнүн сыртында калды. Жергиликтүү деңгээлдеги турмуштук мааниси чоң көйгөйлөрдөн тартып өлкөнү стратегиялы өнүктүрүүнүн маселелерине чейинки проблемаларды камтыган колдонмо социологиялык изилдөөлөр биздин мамлекеттин көңүлүн кыйгап өтүп, анын изилдөөлөрү негизинен эл аралык институттар тарабынан гана жүргүзүлүп жана акы төлөнүп келе жатат. Эл аралык институттарга АКШнын миллиондогон долларларын түзгөн зор каражат жумшалат (бүгүнкү күндө так сумманы айтыш кыйын), ал биздин социум үчүн оң натыйжа берген жери жок. Мындан тышкары бул сыяктуу изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн күн тартибин жана  саясатын калыптандырууга мамлекет иш жүзүндө эч кандай таасир тийгизген жери жок.

Мамлекеттик башкаруунун соңку практикасында, атап айтканда өнүктүрүүнүн маанилүү программаларын иштеп чыгууда жана жүзөгө ашырууда социологиянын мүмкүнчүлүгү пайдаланылган жок. Ал тургай Кыргызстанда жүргүзүлгөн реформаларга үстүртөн көз чаптырып көрсөк, азаттыктын чейрек кылымынын ичинде ар түрдүү улуттук стратегиялар, концепциялар жана максаттуу программалар кабыл алынды. Мисалы, “Өнүктүрүүнүн комплекстүү негиздери” (2001-ж.), “Жакырчылыкты кыскартуунун улттук стратегиясы” (2003-ж), “Жаңы экономикалык саясат” (2009-ж.), ошондой эле “Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын” (2013-2017-ж.ж.) атап кетсек болот. Булардын мазмундук бөлүгүн талдап көрсөк, аталган стратегиялык документтердин бардыгына бир чоң кемчилик мүнөздүү. Аларды турмушка ашыруунун натыйжалуулугуна (майнаптуулугуна) баа берүү жана мониторинг жүргүзүү системасынын жоктугу же жакшы иштелип чыкпагандыгы аксатып турат.  Дал ушул өксүктү толтура турган илим – бул социология! Бул туурасында кыргыз социологдору какшап келе жатышканын эч ким капарына алган жок!

Бүгүнкү күндө мамлекет узак мөөнөттүү келечекке – 2040-жылга чейинки мөөнөткө эсептелген улуттук туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун иштеп чыкты. Ал “Таза Коом. Жаңы Доор” (ТӨУС) деп аталып, мурдагы улуттук стратегияларда түптөлгөн маанилүү өбөлгөлөргө таянып жана Кыргызстанды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн өтө бийик максаттарын ишке ашырууга багытталган. Классикалык багыттардан тышкары ТӨУС жаңычыл күн тартибин сунуштайт, бул азыркы маалымат дүйнөсүнүн алдынкы технологияларын киргизүү аркылуу коомду санариптештирүүнү башкы багыт катары сунуштайт. Мындан тышкары улуттук стратегиянын көлөмдүү блогу адам капиталын өнүктүрүүгө арналган. Жаңы ТӨУСта жарандык биримдикти андан ары чыңдоо, “Кыргыз жараны” жана “Кыргызстан улуту” деген сыяктуу жарандык иденттүүлүктү калыптандыруу маселелери улантылгандыгы социологдордун өзгөчө көңүл буруусуна арзыйт. Ушул аталган маанилүү компоненттерди натыйжалуу ишке ашыруу чоң илимий даярдыкты  талап кылат. Улуттук стратегиянын илимий багытын, мониторинг жүргүзүү менен коштолуусун анын дагы бир жаңычылдык белгиси деп эсептейбиз.  ТӨУС долбоорунун текстинин өзүндө тышкы өзгөрүүлөргө өз учурунда мамиле жасоонун жана түзөтүү кигизүүнүн индикаторлору баса көрсөтүлгөн (http://www.president.kg). Андыктан, социологиянын эмпириялык арсеналы бул иште сөзсүз колдонулууга тийиш, ал эми ТӨУС аны ишке ашыруунун бардык этабында масштабдуу социологиялык изилдөөлөр, консалтинг жана алдыңкы методологияны пайдалануу, болжолдоо иштери менен коштолмокчу. Биз Кыргызстанды санариптик трансформациялоонун жана өнүктүрүүнүн таңында социологиянын жана социологдордун тарыхый миссиясын ушундан көрөбүз!

Социологиялык жигерденүүлөр жана үмүттөр

2017-жылдын октябрында Президенттик шайлоонун учурунда маанилүү тарыхый окуя болуп өттү, өлкөбүздүн социологиялык жамаатын кубандырды жана үмүттөндүрдү. Кыргызстандын андагы президенти А.Атамбаев өзү коомчулукка талапкерлердин электоралдык рейтингдери жөнүндө социологиялык изилдөөлөрдүн натыйжаларын жарыялады жана медиа мейкиндигинде “социология”, “социологиялык сурамжылоо” жана “социолог” деген терминдер жаңырып турду.

Саясий элиталардын чөйрөсүндө, жалпыга маалымдоо каражаттарында, эксперттик жамааттарда жана жалпысынан коомдук пикирде социологиялык тема кызуу талашка түштү. Ал тургай социология жөнүндө биринчи жолу угуп жаткан катардагы жарандар да социология өлкөнүн саясий турмушунда чоң роль ойной тургандыгын түшүнө баштады. А.Атамбаев кыргыз социологиясын өнүктүрүүдө  жаңы баракты ачты! Ошентип, биздин оюбузча республикада социологияны актуалдаштырууга, аны мамлекеттин кызматына эң таасирдүү каражат катары тартууга жаңы түрткү берилди.

Ушундай жагдайда биз коомчулукту кыргыз социологдорунун айрым сунуштары менен тааныштырууну чечтик. Бул сунуштар соңку кездеги маанилүү иш-чаралардын – “Кыргызстандын өнүгүү жолу жана социология” деп аталган Кыргызстандын социологдорунун VIII конгерссинин (2017-жылдын 26-августу, Бостери айылы) жана республиканын көрүнүктүү социолог-илимпоздорунун катышуусу менен өткөн Социологдордун эл аралык күнүнүн урматындагы “Социологдордун диалогу аркылуу социумду түшүнүүгө” (К.Карасаев атындагы БГУдагы “Социология жумалыгы”, 2017-ж. 21-ноябрь) деп аталган конфференциянын алкагында иштеп чыгышты.

Ушул социологиялык аянттарда азыркы кыргыз коомунун жашоо турмушунун эң олуттуу аспектилери каралды. Маселен, социологдор 2018-2040-жылдарда Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза Коом. Жаңы Доор” улуттук стратегиясынын чегинде “Кыргыз жараны” концепциясын ишке ашыруу жана жарандык иденттүүлүктү калыптандыруу жана чыңдоо проблемаларын талкуулашты, өлкөдөгү диний кырдаалды, миграциялык процесстерди, улуттук экономиканын ар түрдүү тармактарындагы керектөөлөрдү изилдөөдө социологдордун ролу жөнүндө сөз кылышты.

Илимий иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча социологдор Өкмөткө, мамлекеттик башкаруу органдарына, жогорку окуу  жайларына, эксперттик чөйрөлөргө, жарандык секторго жана кесипкөй социологиялык жамаатка багышталган бир катар сунуштарды иштеп чыгышты. Атап айтканда социологдор төмөнкүлөрдү сунуштады.

Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн Өкмөтү мамлекеттик стратегилык документтерди – концепцияларды, улуттук жана максаттуу өнүктүрүү программаларын иштеп чыгууга социологдорду кеңири тартуусу максатка ылайык келет. Социолигия эмпириялык илим катары өлкөнүн стратегиялык саясатын негиздөөдө илимий компонентти камсыз кылууга активдүү пайдаланылууга тийиш. Атап айтканда, социологиялык эксперттик жамаат 2018-2040-жылдарда республиканы туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза Коом. Жаңы Доор” улуттук стратегиясын ишке ашыруунун натыйжалуулугуна узак мөөнөттүү мониторинг жүргүзүү процедураларына тикеден-тике катышууга тийиш.

Социалдык-экономикалык, саясий, маданий ж.б. мамлекеттик реформаларды иштеп чыгууда, жүзөгө ашырууда жана мониторинг жүргүзүүдө, ошондой эле диний кырдаалды, экономиканын тармактарын, өлкөнүн адам капиталынын абалын жана деңгээлин аныктоодо, ошондой эле келечектеги санарип дооруна карай кыргыз коомунун даярдыгына, мүмкүнчүлүгүнө болжол жасоодо социологиялык жамааттын (академиялык чөйрөлөр жана эксперт-практиктер) мамлекеттик башкаруу органдары менен кызматташуусун активдештирүү зарыл.

Бүгүнкү күндө социологиялык изилдөөлөрдүн көпчүлүгү өкмөттүк эмес, коомдук уюмдардын жана коммерциялык консалтинг кызматтарынын үлүшүнө туура келүүдө. Алардын изилдөөлөрүнүн күн тартиби белгилүү бир заказчынын талабына жараша калыптангандыктан, маанилүү процесске таасир берүү мүмкүнчүлүгү жокко эсе. Андыктан, малымаат коопсуздугун камсыз кылуу, улуттук кызыкчылыкты сактоо жана эң негизгиси өлкөдөгү коомдук-саясий жагдайды билип туруу, мамлекеттик программалардын ишке ашырылышына көмөктөшүү, прогрессивдүү өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алуу максатында социумду иликтөө боюнча мамлекеттик мекеме түзүү (мисалы, Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун, Улуттук илимдер академиясынын базасында) максатка ылайык келер эле.

Республикада изилдөө иштерине көмөк көрсөтүү үчүн аткарылып жаткан социологиялык изилдөөлөрдүн маалыматтарынан турган масштабдуу архив түзүү (студенттерди, магистранттарды, аспиранттарды жана докторанттарды тартуу), ошондой эле жергиликтүү жана борбордук деңгээлде мамлекеттик башкаруу органдарынын ишинде аны практикалык жактан пайдалануу зарылчылыгы бышып жетилди.

Социологиялык жамаат мамлекеттик саясаттын ачык-айкындыгын камсыз кылууда, жарандардын бийликке, мамлекеттик башкаруу органдарынын ишине, кыргыз коомундагы демократиялык процесстерди тереңдетүү үчүн өлкөнүн медиа мейкиндигинде социологиянын жана колдонмо социологиялык изилдөөлөрдүн ролун кеңири жайылтууда жигердүү орунду ээлөөгө тийиш.

Өз кезегинде Кыргызстандын Социологиялык Ассоциациясы өлкөбүздүн социологдорун жана К.Карасаев атындагы БГУ, КР УИА башында турган жогорку окуу жайларды бириктирип, алардын илимий жана кадрлык мүмкүнчүлүгүнө таянып, азыркы кыргыз социумундагы жогоруда көрсөтүлгөн жана башка актуалдуу проблемаларды чечүүнүн жолдорун издөөгө жана изилдөөлөргө катышууга даярдыгын билдирет. Социологдор диалогго жана кызматташууга жан дили менен умтулат!

КУСЕИН ИСАЕВ, Философия илимдеринин доктору, социология профессору, Кыргызстандын социологдор коомунун президенти, Эл аралык Социология Ассоциациясынын мүчөсү, Кыргыз Эл мугалими

САМАР СЫРГАБАЕВ,   Кыргызстан Социологдор Ассоциациясынын  окумуштуу-катчысы,  соц.ил.кан., К.Карасаев атындагы БГУнун Социология кафедрасынын  башчысы

Бөлүшүү

Комментарийлер