СОЦИАЛИСТТИК ЭМГЕКТИН БААТЫРЫ, ЭМГЕК СИҢИРГЕН МУГАЛИМ

  • 07.06.2024
  • 0

Мугалимдик ишмердиги менен өлкөбүзгө таанылган таланттуу педагог, Кыргыз ССРине эмгек сиңирген мугалим, Социалисттик Эмгектин Баатыры Көкөбай Мамбеталиев 1913-жылы 10-январда Кочкор районуна караштуу Кара-Суу айылында туулган.  Ал мугалимдердин Бүткүл союздук II сьездинин делегаты, «Кыргыз ССРинин  Эл агартуунун отличниги» болгон. Өзүнүн ак ниет жигердүү эмгеги менен, дайым мактоого арзыган Көкөбай агай бүт өмүрүн билим берүүгө арнап,  убактысын кур бекер өткөрбөгөн асыл адамдардын бири эле.

Анын колунан жасалган мектептин биологиялык музейдин экспонаттары жаш муундарды сулуулукка умтулууга, жаратылышты коргоого, эмгекчилдикке тарбиялаган.

Бул жакшы адамдын эмгегинин үзүрүн көргөн окуучулар, мугалимдер ушул агайдай бийик, ыйык, адамгерчиликтүү, эмгекчил болууга далалат кылып,үлгү, өрнөк тутушкан.

Ал эми бул мектепке семинарга келген агайдын кесиптештери көр оокаттан башка, андан улуу асыл нерсе—адамдын өлбөс-өчпөс ак ниет эмгеги бар экендигин өз көздөрү менен көрүп, сезип ынанып, чыгармачылык менен иштөөгө умтулган.

СОЦИАЛИСТТИК ЭМГЕКТИН БААТЫРЫ, ЭМГЕК СИҢИРГЕН МУГАЛИМ«Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин»,—деп жазуучулар айткандай Көкөбай Мамбеталиевдин текке кетпеген өмүрүн кийинки муунга айтып калуу, келечек жөнүндө кам көрүү—азыркы заманда биздин парзыбыз.

Көкөбай агай өзү эң жөнөкөй, тамашакөй, адамды өзүнө бат эле тартып алган жайдары ачык мүнөз адам эле. Ал ар дайым адамга жолукканда, сүйлөгөндө элди ынандырып, кубандырып, шыктандырып турган өзгөчө касиетке ээ адам болгон.

Көкөбай агайдын кесиптештери, замандаштары ал жөнүндө төмөндөгүдөй эскеришет.

«Мен Көкөбай Мамбеталиев менен кичинекей чакта бирге окуп, кийин мугалимдик кесипте да 1976-жылга чейин чогуу иштедим,—дейт эмгек ардагери, билим берүүнүн мыктысы, ага мугалим Раманкул Сманкулов, — Ал өз ишине ак ниет мамиле жасаган, иш дегенде ичкен ашын жерге койгон адам болчу. Өзү окуткан ботаника, биология сабактарын окуучуларга түшүндүрүүдө аны айлана-чөйрөгө, жаратылышка байланыштырып өтүп, сабакты максатына жеткире берчү. Балдардын жан-дүйнөсү менен аралашып кетчү, көрсөтмө куралдарды даярдоо үчүн Фрунзеге (Бишкекке) чейин баргандан да жадачу эмес. Жаз, жай, күз мезгилдеринде окуучулар менен экскурсияга көп чыгып, ар кандай гүлдөрдү, чөптөрдү чогултуп, аларды гербарий кылып, катырып, 5 күндүк өсүшү, 10 күндүк өсүшү жана башка абалдарын көрсөтүп, сабагын көрсөтмөлүү өтөөр эле. Ошондой эле жан-жаныбарлардын кебин да жакшы катырчу. Эл журт менен жакын тыгыз мамиледе болгондуктан, музейди да көпчүлүк менен бирге түздү.

СОЦИАЛИСТТИК ЭМГЕКТИН БААТЫРЫ, ЭМГЕК СИҢИРГЕН МУГАЛИМАрпа, буудай толук бышпаган биздин өрөөндө ар кандай  жер-жемиш, жашылчаларды өстүрдү. Кыскасы, өз ишине жан дили менен берилген эмгекчил бул адам айылдаштары үчүн да кадырлуу адам болгон.

«Ал барыдан мурда жөнөкөй, көпчүлүктүн мүдөөсүн көздөгөн карапайым, адамкерчиликтүү, анча-мынча жамак айта койгон тамашакөй, сөзмөр, айтор, асыл адам эле»,— дейт эмгек ардагери Зарлык Абдыжалилов.

Эгерде учурда дагы Кочкор районундагы Кара-Суу айылындагы Көкөбай Мамбеталиев түзгөн мектеп музейин көрдүңүздөр, не деген жаныбарларды көрүп, көңүлүңүз көкөлөйт.

Чындыгында, анын ар бирин табуу, кеп кылып катыруу жеңил эле иш эмес. Бир эле кичинекей чымчыкты союп катыруу канчалык кыйынчылыкты жаратат. Ал өзү мерген болбосо да, тили мерген, мамилеси да мергендей эпчил жан болчу. Жан-жаныбарлардын терисин, мүйүзүн, денесин таап алып келгендерди өзү кандай кылса да, ыраазы кылып кетирмейинче, жаны жай алчу эмес. Керек болсо, адал малын берип узатып, ак көйнөгүн же калпагын кийгизип, аткарып, көңүлүн алчу.

Жогору жакта Көкөбай агайды тамашакөй, жамакчы, калыс, адилет адам эле дедим. Буга бир-эки мисал айта кетейин: Ошол 1941-жылы мен 5-класста окуган баламын. Анда Талаа-Булак мектебинин директору Чынгышбаев Аалыбек жана Көкөбай агай биологиядан сабак берет. Ал ошол жылы мектептин тажрыйба участогуна биринчи жолу картошка айдайт. Бирок, анын түшүмүн мектеп директору кызмат абалынан пайдаланып, үйүнө алып кетет. Директордун туура эмес жоругуна ичи күйгөн Көкөбай эртеси мугалимдер менен директор чогуу отурганда:

«Айланайын Аалыбек, айта берсе баары кеп, Кана кардың, тойгону, картошканын баарын жеп» — деп учурашып, уяткарган экен.

Ал эмгек тартибин сактабаган мугалимдерди да уяткарып, жоопкерчиликтүү иштөөгө чакырчу. Ошол жылы ал мектепте Аалыбаев Жапар деген мугалим да иштейт. Ал Кочкордогу базарга кетип, көп күнү мектепке келбей, анын классындагы балдар окубай калышат. Буга капа болгон ошол учурда окуу бөлүмүнүн башчысы Көкөбай, Жапар келгенде:

Аалыбай уулу Жапарым, мугалим эле катарың, Бир ай жүрдүң Кочкордо, таркады бекен базарың?!» — деп ырдап, тиги Жапардын бетин кызартат. Көкөбай мына ушундай түз жүрүп, адилет иштеген чыныгы мугалим эле, -деп эскерет замандашы Зарлык Абдыжалилов.

СОЦИАЛИСТТИК ЭМГЕКТИН БААТЫРЫ, ЭМГЕК СИҢИРГЕН МУГАЛИМКөкөбай агайдын билим берүүгө кошкон салымдары жана ишиндеги ийгиликтери жогору бааланып, учурунда  «Ленин», «Эмгек Кызыл Туу», «Ардак белгиси» ордендер жана бир нече медалдары менен сыйланган. Анын ысымы өзү көп жыл иштеген Талаа-Булак орто мектебине ыйгарылган.

“Аккан арыктан суу агат” дегендей Көкөбай агайдын күжүрмөн педагогдук жолун уулу Нукан ушул мектепте биология сабагы боюнча мугалими болуп иштөө менен улантууда.

Кабыл Макешов,

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер