СОЦИАЛДЫК ӨНӨКТӨШТҮКТӨГҮ ЖАҢЫ МАКУЛДАШУУ

  • 09.11.2022
  • 0

Үстүбүздөгү жылдын 28-октябрында Бишкек шаарында  Билим берүү жана илим министрлиги менен Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин ортосундагы 2022-2025-жылдарга  макулдашууга кол коюлду.

СОЦИАЛДЫК ӨНӨКТӨШТҮКТӨГҮ ЖАҢЫ МАКУЛДАШУУ

Макулдашууга КР Билим берүү жана илим министри У. Мамбетакунов жана КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов кол коюшту.

Бул макулдашуу Кыргызстандын  Конституциясына, КР Эмгек кодексине, «Социалдык өнөктөштүк жөнүндө» КР мыйзамына ылайык,  «Билим берүү жөнүндө», «Мугалимдин статусу жөнүндө» жана «Эмгекти коргоо жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын эске алуу менен социалдык өнөктөштүктү, эмгек мамилелелерин жөнгө салууну чындоо жана өнүктүрүү максатында түзүлдү.

Макулдашуунун аткарылышына контроль өнөктөш тараптар тарабынан алардын өкүлдөрү аркылуу жүзөгө ашырылат. Тараптар жалпыга маалымдоо каражаттарында, анын ичинде “Кут Билим” жана “Позиция профсоюза” газеталарынын беттеринде, тармактык сайттарда ушул макулдашуунун  аткарылышынын жүрүшүн маал-маалы менен чагылдырып турат.

Макулдашууда Тараптардын кызматташуусунун негизги багыттары каралды:

  • КР Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы №221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдарга КР Өнүктүрүүнүн Улуттук Стратегиясынын алкагында Кыргыз Республикасында 2021-2040-жылдарга билим берүүнү өнүктүрүүнүн программасын, ошондой эле билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү башка программаларды жана долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча иштерди улантуу;
  • Билим берүү тутумундагы педагогдордун эмгек акысын көбөйтүү боюнча иштерди улантуу;
  • Эмгектик мамилелерди укуктук камсыз кылуу жана социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү;
  • Дени сак жана коопсуз эмгек шартын камсыз кылуу деңгээлин жогорулатуу;
  • Иштөөчүлөрдүн эс алуусун жана ден соолугун чыңдоону уюштуруу;
  • Студент жаштардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо;

Кол койгон тараптар бул Макулдашуу 2022-2025-жылдарга билим берүү тутумундагы социалдык-экономикалык саясатты жүргүзүү боюнча башкы багытты жана зарыл аракетти аныктаган социалдык-өнөктөштүктүн негизги документи катары таанылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген өзүлөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде анын бардык шарттарын сактоо менен тармактык макулдашууну жетекчиликке алууга өзүлөрүнө милдеттенме алышты.

Макулдашуу боюнча социалдык өнөктөштөр ортосунда пайда болгон бардык талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер сүйлошүүлөр жолу жана тараптардын макулдашуусу боюнча чечилет.

Макулдашуунун аткарылышынын жыйынтыгы календарлык жылда бир жылда бир жолудан кем эмес угулат. (КС)

Бөлүшүү

Комментарийлер