СИНГАПУРДУН БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

  • 14.03.2024
  • 0

СИНГАПУРДУН БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева Сингапурга болгон иш сапарында “Marshall Cavendish” басма үйү менен эки өлкөнүн билим тармагындагы тажрыйбалары, алдыдагы жаңы кызматташтык туурасында сүйлөшүүлөр болгон. Анын алкагында басма үйдүн өкүлдөрү 4-мартта министрликке келишип, Сингапурдагы билим берүү системасы, PISA да ийгиликке жетүү жолдорун сунуштаган окуу китептери менен бөлүштү.

“Marshall Cavendish” басма үйү Сингапурдагы бардык билим берүү мекемелеринин программаларын даярдаган негизги институт. Мурда мамлекеттин карамагында болсо, азыр өзүнчө коммерциялык уюм болуп түзүлгөн. Сингапурлуктарда англис тили экинчи тил катары кабыл алынып, ошол тилде жакшы сүйлөгөндүктөн окуу материалдары Кэмбридж стандартына ылайык түзүлгөн.

Кэмбридж эл аралык билим берүүнү баалоо системасынын изилдөөсүнүн жыйынтыгында, басма үйдүн окуу материалдарына жогорку баа берилген. Ошондой эле STEM багытында билим берүү мыкты жолго коюлган. Ошондуктан бул өлкөнүн окуучулары дүйнөлүк PISA сынагында дайыма алдыңкы орундарды ээлеп келет.

Сингапур илим тармагын, математиканы окутууда күчтүү өлкө катары белгилүү. Адистердин айтымында, математика сабагын өтүүдө бир эле шаблонду 1991-жылдан бери колдонуп келишет.

Эң кызыктуусу, Сингапурда бир гана мамлекеттик мектептер балдарга билим берет, жеке менчик мектеп жок.  Башталгыч мектептин мөөнөтү алты жылдык окууну түзүп, бул убакыт аралыгында мугалимдер окуучуларга беш предмет боюнча сабак берет. 1-2-класста арифметика жана окууга басым жасалып, илимий сабактар 3-класстан баштап окутулат. Мындан улам мугалимдер атайын беш предмет боюнча сабак өтүү үчүн мыкты усулдарды колдонууда терең билимге ээ.

Окуу программалары англис тилинде сүйлөбөгөндөргө ылайыкталып, жеткиликтүү түзүлгөн.  2007-жылдан тартып материалдар интерактивдүү форматта иштелип чыксын деген талап коюлган. Себеби окуучулар айына бир ирет мектепке барбай, үйдө окуганга мүмкүнчүлүк берилет. Бул учурда окуучу үйдөн да мектептегидей терең билим алуусун көздөйт. Кандайдыр-бир себеп менен окууга барбай калган окуучулар да электрондук форматта үйдөн окуй алат экен.

СИНГАПУРДУН БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

Сингапур дүйнөнүн көп өлкөлөрү менен кызматташат. Анын ичинде Ислам негизги дин болуп саналган өлкөлөр менен дагы. Окуу материалдары 14 тилге которулган. Өзбекстандын Билим берүү министрлиги менен да алака түзүп, эми өзбек тилинде да материалдар чыгарыла баштайт.

“Marshall Cavendish” басма үйү окуучуларды ийгиликтүү окутуу же адистерди даярдоо программасынан тышкары башка өлкөнүн мамлекеттик стандарттарын эске алуу менен окуу программаларды иштеп чыгуу, өнүктүрүү боюнча кызматтарды көрсөтөт. Мисалы, үч жылдан бери Азербайжан билим берүү министрлиги менен кызматташып, мектептерде математиканы окутууну өнүктүрүүгө жардам берүүдө. АКШдагы мектептердин жети пайызы, тактап айтканда, 9000 мектеп басма үйдүн окуу материалдарын колдонот.

Адистерден ПИЗА сынагында алдыңкы орунду бербей келгендигинин себебин сураганыбызда,  сабак өтүүдө негизги фокус балдардын көйгөйлөрдү чечүү көндүмдөрүнө ээ болуусуна жасалат.  Мисалы, математика сабагында формула такыр колдонулбай, окуучулардын интеллектуалдык деңгээлин жогорулатууга, тактап айтканда, элестетүү, анализ жүргүзүү, абстракттуу ойлонуу жөндөмүн өнүктүрүүгө басым коёбуз деп жооп беришти.

Жолугушуу учурунда басма үйдүн өкүлдөрү мектепте математика жана табигый илимдерди окутуу үчүн билим берүү тармагындагы негизги адамдарды тренер катары окутуу сунушун киргизди. Алар окуудан кийин масштабдуу программаларга катышып, башка адистерди даярдоого мүмкүнчүлүк алышат.

Бөлүшүү

Комментарийлер