ШРИ-ЛАНКА: ЖОКЧУЛУКТУН АЙЫНАН БАЛДАР МЕКТЕПКЕ КЕЗЕКТЕШИП БАРУУДА

  • 20.01.2023
  • 0

ШРИ-ЛАНКА: ЖОКЧУЛУКТУН АЙЫНАН БАЛДАР МЕКТЕПКЕ КЕЗЕКТЕШИП БАРУУДА

Он жаштагы Малки бүгүн эрте ойгонуп, өзүнчө эле жүрөгү элеп-желеп. Ал эки эже-сиңдиси жана эки агасынан бир саат эрте туруп, тырмагындагы кызыл боекту кырып, мектепке даярданышы керек. Ал бүгүн мектепте биринчи күн болот, демек баары сонун өтпөсө болбойт. Бирок анын бир туугандары үйдө калат, анткени анын үй-бүлөсү мектепке балдардын бирөөнү гана жибере алат.

Алты ай мурда Шри-Ланка эгемендиктен берки эң оор экономикалык кризистин чордонунда болду. Аралдагы мамлекетте экономикалык кыйынчылыктын эң оор учуру артта калган менен массалык жумушсуздук менен кымбатчылыктын соккусунан көп үй-бүлөлөр али оңоло элек.

ШРИ-ЛАНКА: ЖОКЧУЛУКТУН АЙЫНАН БАЛДАР МЕКТЕПКЕ КЕЗЕКТЕШИП БАРУУДА

Ар бир ата-эненин башындагы азап

Малкинин апасы балдарын мектепке жибербей, акча табыш үчүн көчөдө иштеткенге мажбур болду. Шри-Ланкада инфляция жалаңдап дээрлик 95% чыкканда, азык-түлүктүн баасы рекорддук деңгээлге көтөрүлдү. Малкинин үйүндө кээде жылан сыйпагандай аңгырап, оозго алар эчтеке жок күндөр болууда.

Шри-Ланкада мектеп акысыз болгон менен тамак берилбейт. Мектеп формасы менен жол киреге кеткен каражатты эсептегенде мектепке барыш үчүн өзүнчө эле бир байлык керек болуп калды. Приянтиктердин үй-бүлөсү мындай чыгымды көтөрө албайт. Эгер ар бир баласы мектепке бара турган болсо, анда ар бирине күнүгө 400 рупий (1.09 доллар) керек болот. Балдардын энеси баары чогуу уктаган бир бөлмө үйүндөгү керебетте отуруп, көзүнүн жашын сүртө үшкүрөт. «Мурда бардык балдар күнүгө мектепке барышчу, азыр менин акчам жок, алар баары мектепке бара албайт», -дейт ал.

ШРИ-ЛАНКА: ЖОКЧУЛУКТУН АЙЫНАН БАЛДАР МЕКТЕПКЕ КЕЗЕКТЕШИП БАРУУДА

Малки мектепке барса болот, анткени анын бут кийими менен формасы дагы эле жарактуу жана чак. Ал эми анын сиңдиси Дуланджали акырын бышактап ыйлап төшөктө жатат, анткени бүгүн анын кезеги эмес. «Кулунум, ыйлаба!», — дейт апасы жалбарып. – Мен сени эртең жиберем».

ШРИ-ЛАНКА: ЖОКЧУЛУКТУН АЙЫНАН БАЛДАР МЕКТЕПКЕ КЕЗЕКТЕШИП БАРУУДА

ТАЛКАЛАНГАН БИЛИМ БЕРҮҮ

Күн чыгары менен ак көйнөк кийген балдар мотоциклдердин артына учкашып, чаң жолго түшүп мектепке жөнөшөт.

Шаардын экинчи четиндеги колледжде Пракрама Вирасингхе кейип-кепчип отурат. Ал Коломбодогу Котахен борбордук колледжинин директору. Экономикалык кыйынчылыктын азабын ал дагы далай көрдү. «Эртең менен баары келип сабак башталарда балдар ачкалыктан алдан тайып кулап жыгылууда», — дейт директор.

Өкмөт өз кезегинде мектептерге жардам катарында күрүч жеткирип жатканын айтууда, бирок биз байланышкан мектептерде андай жардам алышпаптыр. Вирасингх балдардын мектепке келиши 40% түшүп калганын, мугалимдерге балдар үчүн колдон келишинче кошумча тамак-аш ала келүүнү өтүнүп жатканын айтууда.

Иосиф Сталин – Цейлондун мугалимдер   башкы катчысы. Анын айтымында. өкмөт кымбатчылык менен каатчылыктын айынан мектепке барбай калган балдардын көбөйүп жатканын билмексен болууда.

«Биздин мугалимдер – эртең мененки тамактын ордуна кур кутуларды көрүп жаткандар», — дейт ал.   «Экономикалык кризистин чыныгы азабы балдардын мойнуна түштү». «Алар (өкмөт) бул суроону ойлонгон жок. Бул ЮНИСЕФти жана башкаларды санаага салууда, бирок Шри-Ланканын өкмөтүн эмес».

ЮНИСЕФ билдиргендей, жакынкы айларда элге тамак таап жеш дагы оор болот, анткени ээ-жаа бербеген инфляциянын айынан күрүч сыяктуу негизги азык-түлүктөрдүн баасы асмандап жатат.

ШРИ-ЛАНКА: ЖОКЧУЛУКТУН АЙЫНАН БАЛДАР МЕКТЕПКЕ КЕЗЕКТЕШИП БАРУУДА

Акыркы үмүт?

Кырдаалды оңдоо өкмөттүн колунан келбей жаткандан кийин кайрымдуулук уюмдары жардамга келүүдө. Samata Sarana – христиандык кайрымдуулук уюму отуз жылдан бери Коломбонун кедей жашоочуларына каралашып келүүдө. Бүгүн алардын ашканасында баш калаанын ачка окуучулары толтура батпай турат. Кайрымдуулук уюму күнүгө 200 балага гана жардам көрсөтө алат, бирок ага карабай бардыгына жетишүүгө аракет кылууда. «Бизге тамак берип жатышат, автобус менен үйгө жеткирип коюшат, биз окушубуз үчүн баарын жасап жатат», — дейт кайрымдуулук тамагын күтүп кезекте турган беш жаштагы Манодж.

Малки бүгүн биринчи сабактан кайтканда өзүнүн мектептеги досторун кайрадан көргөнү үчүн кандай кубанычта болгонун апасына айтып берет. Ошондой эле ага жаңы дептер керек экенин, ал эми мугалимдер мектепке окуу материалдарын сатып алуу үчүн кошумча акча сурап жатышканын да апасына айтууга туура келет. Бирок анын үйүндө бир тыйын акча жок, кара курсактын кайгысын тартып отурушат. «Бүгүн эптеп өзөк жалгаганга бир нерсе тапсак, эртең эмне жештин камын көрүп баштайбыз», — дейт апасы.

«Биздин жашообуз ушундай болуп калды».

Бөлүшүү

Комментарийлер