ШАРТ ЖЕҢИЛДЕТИЛЕТ, БИРОК ЖООПКЕРЧИЛИК КҮЧӨТҮЛӨТ

  • 04.04.2023
  • 0

Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн ишкер аялдарды окутуу модулдарын жана тренерлердин мобилдүү топторун даярдоо боюнча иш алып барып жаткан жумушчу топ Бишкек шаарындагы Дордой-2ге барып, жеке бала бакча жетекчиси Индира Жакыпбекова менен жеринен таанышты.

Индира айымдын төрт баласы бар. Өзү эки кесиптин ээси. Адегенде медициналык колледжди аяктап, И.Арабаев атындагы КМУда педагогикалык билимге ээ болгон. Балдарын карап үйдө олтурганда, кошуналарынын балдарын да кошо карашып жүрүп, жеке менчик чакан бала бакча идеясы бышып жетилген.

— Балдарды багуу менен алектенип келатканыбызга жети жыл болуп калды. Азырынча документибиз жок, ошол үчүн толук кандуу бала бакча деп атоого болбойт. Жаңы конуш болгондуктан, үйүбүзгө техпаспорт алалбай жүрдүк. Эми техпаспорттуу болгондон бери башка документтерди алуу оңой болор деп ишенип турабыз. Бул бакчага 20 балага чейин батат. Бир гана ачык жарнамалай албайбыз, азырынча тааныш-билиштердин эле балдары келет. Эгерде расмий уруксаат алсак, ай сайын төлөнчү төлөмдөрдү бекитүүгө, окуу программалары менен иштөөгө жакшы болмок, — дейт жаш ишкер айым Индира Жакыпбекова.

Индиранын бакчасына учурда 10-15 бала келет. Иш жаз алды менен жандана баштайт, бул жаңы конуш тургундарына мүнөздүү көрүнүш. Алдыда дагы жашы мектепке жетип калган балдарды мектепке даярдоо боюнча иш жүргүзүүнү пландоодо. Анткени шаардан чет жайгашкан бул жаңы конуш тургундарынын баарында эле балдарын шаар ичине ташып окутууга даярдоо мүмкүнчүлүктөрү боло бербейт.

Билим берүү жана илим министрлигинин, саламаттыкты сактоо министрлигинин, өрт өчүрүү кызматынын, мамлекеттик курулуш ж.б. өкүлдөрү жаңыдан старт алууга даярданып жаткан өкмөттүк акселераторлор программасынын алкагында маалымат алмашып, өз сунуш-пикирлерин ортого салышты. Республикалык өрт өчүрүү башкармалыгынын башчысы, полковник Акылбек Расулов мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, биринчи кезекте талап кылынган өрт өчүрүү эрежелерин эскерте кетти.

— Кыргызстанда жылына катталган өрт кырсыктарынын 9-12 пайызы бала бакчада болобу, үйүндө болобу балдардын шалаакылыгынан болот. Коопсуздукту камсыздоо максатында өрт өчүрүү шаймандарды алып коюу, очоккананы өзүнчө бөлүү, мешти жагуунун коркунучун төмөндөтүүдөн, алсак из уруу, көмүрдүн сапатын аныктоо, мешти жагуунун эрежелерин сактоосунан көз каранды. Өрт кырсыктарынын 7-8 пайызы мештерден, каза болгондордун 80 пайызы из ургандан болот. Ушул жаатында билимдерди күчөтүү керек. Электр жабдууларын да өтө этият пайдаланууга тийишпиз. Канчалык көп электр кубаттуулугу колдонулса, ошончолук көбүрөөк кооптуу кырдаал жаралат.

Бала бакчаларды ачууга кандай жеңилдиктер берилген күндө да, сөзсүз өрт өчүрүү эрежелерин сактоо талап кылынат. Анткени биз үчүн эң биринчи – балдардын коопсуздугу, — деди полковник.ШАРТ ЖЕҢИЛДЕТИЛЕТ, БИРОК ЖООПКЕРЧИЛИК КҮЧӨТҮЛӨТ

Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрүн албетте, кызматкерлердин жана балдардын ден соолугу, тазалык эрежелеринин сакталышы кызыктырды. Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки саясат бөлүмүнүн башчысы Нурзида Касымова, окутуу жана тарбия жагын аксатпай, тиешелүү окуу программаларын үзгүлтүккө учуратпоо керектигин белгиледи. Ал жеке бала бакча ачууну көздөгөн жеке ишкер айымдар менен жолугушуп, пикир алмашуулар учурунда мектеп жашына чейинки балдарды бала бакча жана ясли тайпалары менен мүмкүн болушунча көбүрөөк камсыздоого басым жасалып жатканын билдирди.

Эсиңиздерге сала кетсек, КР Президентинин Администрациясынын “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу багытында министрликте атайын жумушчу топ иштеп жатат. Стартаптар үчүн интенсивдүү билим берүү программасы, тагыраак айтканда, өкмөттүк акселераторлор программасы боюнча 100 күн ичинде төрт миң баланы бала бакчага орноштуруу жана жеке ишкерлик менен алектенген 250 айым атайын билим алат. Алгачкы кадам Бишкек шаарынын Биринчи май жана Ленин районунда жеке ишкерлик менен алектенген айымдарды окутуп даярдоо багытында башталмакчы. Экинчи этабында Свердлов жана Октябрь райондору камтылат.

Мектеп жашына чейинки балдарды мамлекеттик, вариативдүү – кыска мөөнөттүү, чакан үй-бүлөлүк жана жеке менчик бала бакчалар менен камсыздоо республика боюнча 47% түзөт. Расмий маалыматтар боюнча учурда 1712 бала бакча бар. Эгерде жылына жарык дүйнөгө келген наристелердин саны 160 миңдин тегерегинде болуп жатканын эске алсак, бала бакчалардын санын көбөйтүү багытында тез арада өтө ыкчам аракеттерди көрүү зарыл экендиги айдан ачык.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер