«АЛА-ТОО» АЯНТЫНДАГЫ 2002-ЖЫЛЫ АКСЫ ЖАНА 2010-ЖЫЛДАГЫ АПРЕЛЬ ОКУЯЛАРЫНДА ЭЛДИН ЭРКИНДИГИ ҮЧҮН КУРМАН БОЛГОНДОРДУН ЭСТЕЛИГИНЕ ГҮЛ КОЮЛДУ

  • 17.03.2020
  • 0

Эскерүү иш-чарасы Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Боспиек айылында 2002-жылдын 17-мартында болуп өткөн каргашалуу окуялардын жылдыгына арналган.

Өкмөт башчы менен биргеликте гүл коюуга биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлери Эркин Асрандиев, Акрам Мадумаров, Алтынай Өмүрбекова, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министр Самат Кылжыев жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башка мүчөлөрү катышышты.

 Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Бөлүшүү

Комментарийлер