СЕРГЕК ЖАШОО МҮНӨЗҮ БОЮНЧА КЛАССТЫК СААТТАРДЫН  УСУЛДУК КОЛДОНМОСУ  ИШТЕЛИП ЧЫКТЫ

  • 11.11.2021
  • 0

КР Билим берүү жана илим министрлигинин видеосабактарды колдонуу менен сергек жашоо образын калыптандыруу боюнча нускама-усулдук катынын негизинде ЮНЕСКОнун Билим берүүдөгү маалыматтык технологиялар боюнча институту (ИИТО ЮНЕСКО) мектептердин базалык окуу планына ылайыкташкан жана мугалимдерге арналган 6-11-класстардын окуучулары үчүн сергек жашоо мүнөзү боюнча класстык сааттардын  усулдук колдонмосун иштеп чыкты. Бул окуу куралдарын жана видеосабактарды бул жерден көрүп жана көчүрүп алууга болот.

СЕРГЕК ЖАШОО МҮНӨЗҮ БОЮНЧА КЛАССТЫК СААТТАРДЫН  УСУЛДУК КОЛДОНМОСУ  ИШТЕЛИП ЧЫКТЫ

Сабактар 6-7 жана 8-11-класстардын окуучуларына арналып, сергек жана коопсуз жашоо образына керек болгон бардык негизги темаларды камтыйт. Айрым сабактарда жетилүү жана өткөөл куракка («Өткөөл курак» сабагы), аба аркылуу жугуучу инфекциялардын, анын ичинде COVID-19 жана башкалардын («Микробдор. Колду эмне үчүн жууш керек?», «Аба аркылуу жуккан инфекциялар жана алардан кантип коргонуу керек?» сабактары) алдын алууга байланышкан маселелер каралат.

Башка сабактарда мамиле, достук, үй-бүлө куруу, ала качууга жол бербөө тууралуу айтылат («Сүйүү жана мамиле: ал кандай болот?», «Адамдар эмне үчүн достошот жана мамилелердин кандай түрлөрү бар?», «Үй-бүлө жана нике. Бактылуулук эмне алып келет жана ага эмне тоскоолдук кылат?»).

СЕРГЕК ЖАШОО МҮНӨЗҮ БОЮНЧА КЛАССТЫК СААТТАРДЫН  УСУЛДУК КОЛДОНМОСУ  ИШТЕЛИП ЧЫКТЫ

АИВтин алдын алуу («АИВ. Ал тууралуу эмне билүү керек?» сабагы) жана АИВ эпидемиясынын социалдык аспектилери («АИВ, КЖИС жана коом») тууралуу сабактардын алып баруучусу —  БУУнун АИВ жана КЖИС боюнча бириккен программасынын (ЮНЭЙДС) ыктыярдуу элчиси Эркин Рыскулбеков.

Видеосабактарда жөн эле насыят, кеп-кеңештер айтылбастан, фактылар гана берилет, көрүүчүлөр видеодогу иллюстрациялар, кыскача тесттер жана анимациялык роликтер аркылуу өздөрү жыйынтык чыгарышат. Видеосабактарды бөлүк-бөлүгү менен көрүп, аны талкуулоо сунушталат.

Сергек жашоо образын калыптандыруу боюнча бул видеосабактарды класста жана аралыктан (онлайн) окутууда колдонууга болот. Ал видеолор мугалимге татаал темаларды түшүндүрүүгө жардам берет. Сабакты толук же бир бөлүгүн көргөндөн кийин мугалим талкуу уюштуруп, окуучуларга видеосабакка камтылган тесттерди жана тапшырмаларды аткарууну сунуш кыла алат.

Бул видеосабактарды колдонуу методологиясын окутуу боюнча И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети ноябрь айында билим берүү кызматкерлери үчүн 14 вебинар өткөрөт.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер