СЕНТЯБРДА ЖОЖДОРДУН РЕКТОРЛОРУНУН ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМУ ӨТӨТ

  • 20.06.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму менен өнөктөштүктө 2022-жылдын 14-15-сентябрында Бишкек шаарында «Улуттук инновациялык экосистеманы түзүүдө университеттердин ролу» аттуу жогору окуу жайларынын ректорлорунун эл аралык форумун өткөрүүнү пландаштырууда.

 

Форумдун негизги максаты — алдыңкы эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен университеттердин илимий жана инновациялык ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, КРнын потенциалын таанытуу.

Анда жогору окуу жайларынын интеллектуалдык ишмердүүлүгүнүн натыйжаларын коммерциялаштыруу, инновация үчүн кадрларды даярдоо боюнча илимий-практикалык сунуштарды иштеп чыгуу максатында илимий-техникалык потенциалды чыңдоо, байланыштар тармагын (нетворкинг) кеңейтүү маселелери талкууланат.

Форумга дүйнөнүн 200дөн ашуун университеттеринин жетекчилери, эл аралык уюмдардын, фонддордун өкүлдөрү, эл аралык программалардын билим жана илим боюнча кеңешчилеринен турган жогорку деңгээлдеги катышуучулар катышары күтүлүүдө.

Бөлүшүү

Комментарийлер