СЕКЕЛЕКТИН ӨМҮРҮН АЛГАН КАЙДЫГЕРЛИК
- 20.01.2023
- 0
Кара-Балтадагы жети жашар кыздын өлүмү коомчулукту бир дүрбөтүп, мигранттардын жана алардын балдарынын көйгөйүн көңүл чордонунан чыгарбай турган маселе экенин дагы бир жолу тастыктады.
Кайдыгер Болбойлу
Бул секелек кыздын ажалы башында ачкачылыктан болгон дешсе, кийин өпкөсү кагынган деген диагноз коюлгандыгын айтып чыгышты. Кандай болгон күндө анын өлүмү, өзгөчө өтө арыктыгы жана ата-энесинин кызынын ден соолугуна кам көрбөгөнү баарыбызды – ата-энелерди да, коомчулукту да, мамлекетти да ойлондура турган чоң маселе болуп калды.
Адаттагыдай эле мындай маалымат чыгары менен коомчулук кыздын өлүмүнө себепкерди издеп, жарымы балдарын таштап кеткен ата-энесине наалат айтса, жарымы мамлекетти күнөөлөп жатып калды. Даректерине түрдүү сөздөр айтылды. Биринин боору ооруса, экинчиси ата-энесин, мамлекет башчыларын баш кылып жер-жеберине жеткире тилдеди. Кыскасы, ар кимибиз күчүбүздүн жетишинче бугубузду чыгарып алдык. Бирок ага ким күнөөлүү деген маселе ачык бойдон калды.
Былтыр кабыл алынган Балдар кодекси тууралуу мыйзамда ата-энелердин жоопкерчилиги, баланы социалдык коргоонун механизмдери, жардамга муктаж балдарды аныктап, кароо жолдору күчөтүлгөн. Расмий маалыматка таянсак, Кыргызстанда 100 174 баланын ата-энесинин экөө тең, же бирөөсү чет жакта эмгек миграциясында. Алар балдарын чоң ата, чоң апасына, таята, таенесине, же жакын туугандарына таштап кеткен. Алардын көбү балдарына жана аларды багып жаткандарга акча салганы эле болбосо, анын тарбиясы, билими, жашоосу жөнүндө ойлонушпайт. Курсагы ток, кийими бүтүн болсо болду дешет. Каза болуп калган кыздын ата-энеси да балдарына дал ушундай кош көңүл мамиле кылган. Эң биринчи эле кыздын эмне себептен жети жашта болсо да салмак кошпой жатканын ойлогон да, убагында чара көргөн да эмес. Болбосо анын үй-бүлөсү жакыр жашаган үй-бүлө катары каттоодо турганы менен азык-түлүгү жетиштүү болгонун текшерип барган тийиштүү органдар айтып чыкты. Керек болсо балдардын онлайн окуусуна да шарт түзүлгөн. Компьютер, ноутбук жана телефону да бар болгон. Тилекке каршы, жогоруда айтылгандай, бул балдардын ата-энеси акча табуу, алардын күнүмдүк муктаждыгын канааттандыруу жана талабын аткаруу менен гана чектелип жүргөн. Ошондуктан бул жакта эң биринчи орунда ата-эненин жоопкерчилиги турушу керек беле деген ой келбей койбойт.
Анан калса буга чейин алар деле жакындарына таштап кеткендердин балдары кандай кыйынчылыктарга туш болуп жаткандары, ал тургай ур-токмокко алынып, ошол эле ишенип таштаган адамдарынын колунан ажал таап жаткандарды угуп-билип эле жүрүшсө керек.
БАЛАНЫН ЖАН ДҮЙНӨСҮ МЕНЕН ЭЧ КИМ ЭСЕПТЕШПЕЙТ
Ата-энесинен алыс болгон балдардын жан дүйнөсү аялуу болорун тилекке каршы, ар кимибиз эле сезе бербейбиз. Бул маселе өзгөчө аларды багып жаткандарды жана таштап кеткен ата-энесин ойлонтушу керек. Мындайда мугалимдер, өзгөчө класс жетекчиси да өтө сак болуп, педагог катары баланын ички сезимин сыртынан туюп турушу зарыл.
Жети-Өгүз районундагы Данаке Иманов атындагы орто мектептин англис тили мугалими Сулайманова Адина 10-класстын класс жетекчиси. Бул классты бешинчи класстан бери жетектеп келет. Классында эки ички жана бир тышкы миграцияда жүргөн ата-эненин балдары бар. Алар менен дайыма иштешип, кабак-кашын байкап, сырдашып турат.
— Ата-энеси миграцияга кеткен балдарды биринчи кезекте каттоого алабыз. Социалдык педагогдун жардамы менен бала кимдин колунда тарбияланат, үйүндө канча адам жашайт, кандай абалда жашарына чейинки бардык маалыматтар такталып, жазылат. Ата-энеси менен тыгыз байланышта болуп, кайсыл убакытта кетип, кайра качан келери тууралуу маалымат алып турабыз. Атайын мигранттын балдары тууралуу маалыматтар камтылган байкоо дептерге баланын күнүмдүк абалы, маанайы, сабакка даярдыгы, өзүн алып жүргөндүгү, дегеле баланын бир күндүк жүрүм-туруму жазылып турат. Эгерде маанайы түшүп турса биринчи кезекте классташтарынан себебин сурайбыз. Анткени кээ бир балдар бизге караганда ошол досторуна көбүрөөк ачылат. Өзү менен да сүйлөшүп, үйүндө чыр-чатак болгон жокпу, эмнеге маанайы мындай, ата-энесин сагындыбы деп, баланы ошол абалга алып келген себепти билүүгө аракеттенебиз. Кээ бир ачык балдар үйүндө жеңеси урушуп койгонун, же байкеси, же тайкеси менен урушуп кеткенин, же ата-энесин сагынганын айтат. Үй-бүлө мүчөлөрү менен конфликт жаралса, социалдык педагогдорго билдиребиз, алар өзүнчө иш алып барышат. Азырынча менин окуучуларымдын арасында үйүндөгүлөр менен пикир-келишпестик жаралган учур же болбосо такыр сабакты таштап койгон учур каттала элек, — дейт Адина.
АР БИР БАЛАНЫН ЖАШОО-ШАРТЫ ТЕКШЕРИЛЕТ
Өкмөттүн тапшырмасы боюнча эми Саламаттык сактоо, Билим берүү, Социалдык жактан камсыздоо, Ички иштер министрликтери жана жергиликтүү бийлик ар бир баланын жашоо-шартын текшерип чыгат. Өзгөчө көңүл миграцияда жүргөндөрдүн жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына бурулат.
БАКТЫЛУУ БАЛАЛЫККА ЖОЛ АЧАЛЫ
“Жыргаганымдан жылкычы болуптурмунбу” дегендей, тышка иш издеп кетип жаткандардын телегейи тегиз болгондуктан кетип жатпаганын баарыбыз эле көрүп, билип, туюп турабыз. Байкап көрсөк, мигранттардын дээрлик баардыгы турак-жай алуу үчүн иштеп кетишет экен. Мисалы, өзүмдүн эле бир тууганым жолдошу менен үй алам деп бир жылдан бери Россияда иштеп жүрөт. Эки баласы ата-энемдин колунда болсо, бирөөнү өзүмө алгам.
Садыр Жапаров күздө өткөн Элдик курултайда дагы элди аргасыздан иш издеп кетүүгө түртүп жаткан турак-жай маселеси болуп жатканын айтып, бул тартыштыкты чечүү максатында ар бир райондун борборунда, 32 шаар жана жети облуста жер тилкелери бөлүнүп жатканын билдирген. Жакында эле Бишкек шаарында ипотекалык негизде бериле турган 1500 батирлүү көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу башталганы маалымдалды. Батирлер кийинки жылдын июнь-июлунда мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу тапшырылып, 4% менен 20-25 жылдык мөөнөткө берилет. Ушундай эле үйлөр Каракол шаарында салына турганы да белгилүү болду. Бул үйлөр мурдагыдай жалаң мамлекеттик мекемелерде иштегендерге гана эмес бардык каалоочуларга берилет экен. Мамлекет башчынын мындай жакшы иш баштаганы эжеме окшогон миңдеген мигранттардын үмүтүн жандырды. Буюрса, мындай иштер көптөгөн балдардын ата-энеси менен бирге болуп, бактылуу балалыкта чоңоюшуна өбөлгө болот деп үмүт кылып туралык.
Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”
Комментарийлер