САЯКАТ-САБАК

  • 01.03.2023
  • 0

2023-жылдын 1-мартында Нарын районундагы Актан Тыныбек атындагы орто мектебинин окуучулары «Биздин өлкөдөгү социалдык адилеттүүлүк менин көз карашымда» деген темадагы саякат-сабактын алкагында Нарын шаарында болуп, музыкалык окуу жай менен музейдин иши менен жакындан таанышып кайтышты.

САЯКАТ-САБАК

Нарын шаарындагы Ж.Шералиев атындагы музыкалык окуу жайда оркестрдин аткаруусунда Карамолдо Орозовдун күүлөрүнөн түзүлгөн концерттик программага күбө болушту. Андан кийин музей экспонаттары менен таанышып, өздөрү кызыккан суроолорго жооп алышты.

Кенжегүл БЕКТЕМИРОВА, Нарын району

 

Бөлүшүү

Комментарийлер