САУД АРАБИЯ МЕНЕН БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫК БЕКЕМДЕЛЕТ

  • 17.03.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Сауд Арабия Падышачылыгынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрахим бин Ради бин Абдурахман Аль Ради менен жолугушту.

САУД АРАБИЯ МЕНЕН БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫК БЕКЕМДЕЛЕТ

Жолугушууда Каныбек Иманалиев министр кызматын аркалап баштагандан бери биринчи кабыл алган элчи Сауд Арабиянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси болгондугун белгиледи.

Тараптар билим берүү тармагындагы эки тараптуу мамилелерди, стратегиялык өнөктөштүктү, кызматташтыкты тереңдетүүнү жана бекемдөөнү талкуулап, биргеликте тыгыз иш алып баруу максатын алдыга коюшту.

Элчи Ибрахим бин Ради бин Абдурахман Аль Ради Кыргызстан тарабынан бөлүнгөн квоталар тууралуу маалымат берди.

Министр билим берүү жаатында жасала турган реформалардын бир багыты кесиптик башталгыч билим берүү тармагына багытталганын айтты.

САУД АРАБИЯ МЕНЕН БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫК БЕКЕМДЕЛЕТ

САУД АРАБИЯ МЕНЕН БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫК БЕКЕМДЕЛЕТ

Бөлүшүү

Комментарийлер