САНДАН САПАТКА УМТУЛАЛЫ

  • 14.04.2023
  • 0

САНДАН САПАТКА УМТУЛАЛЫ

Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясынын өткөндөгү отурумунда, Чүй облусунун мектептери ЖРТ боюнча эң төмөнкү көрсөткүчтү камсыз кылганы катуу сынга алынып, ушундай эле абал Жалал-Абад облусунда орун алганы тууралуу учкай сөз болгон.

Мектеп — коомдун күзгүсү

Мектеп менен коомду бөлүп кароого болбойт. Бул эч ким тана алгыс аксиома. Сөзүбүздү УКМКнын маалымат кызматынын билдирүүсүнө таянып баштайлы. Билдирүүдө, 2022-жылдын 9-декабрында кылмыштуу топтун онго жакын мүчөсү Сузак районунун Ырыс айыл аймагында ок атуучу жана башка куралдарды колдонуу менен каракчылык кылганы, бир жаран жабыркап бычакталганы, милиция кызматкерлери алардын кылмышын жашырганы айтылат.

Мындан көп узабай ушул эле райондо дагы бир кейиштүү окуя катталды. Сузак районундагы Багыш айыл өкмөтүнө караштуу Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектептин 9-классынын окуучусу, 1-март күнү өзүнөн бир-эки жаш улуу балдардын ур-токмогунан каза болду. Жогорудагы эки окуя тең коомдо чоң резонанс жаратты.  Педагогиканын көзү менен карасак, мында коом үчүн коркунучтуу тенденция байкалат.

Окуучунун өлүмүнө алып келген окуяда сузактык өспүрүмдөр чоң кишилердин зомбулугун мектепте кайталап жатат.

Ушундан улам мектептерде орун алган рэкет көрүнүштөрүнө коомдогу зомбулуктун уландысы катары кароого болот деген ойго келесиң. Ал эми зомбулук гүлдөгөн жерде адилеттүүлүк, адамдар ортосунда гумандуу мамиле, бири-бирин урматтоо, өз ара түшүнүшүү, достук, кызматташтык, өнөктөштүк көрүнүштөрү эч жашабайт. Баса, былтыркы 7-класстагы окуучу кызды аёосуз сабаган мугалим эжейдин окуясы да 1-мартта адам өлүмү катталган  Сузак районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектепте болуп өткөн.

Демек, мектепти гумандуу нукка буруш үчүн эң биринчиден коомду гумандаштыруу зарыл экен. Коомдо акыйкаттуулукту, адилеттүүлүктү орнотпой жатып, демократия принциптерин бекемдебей туруп, мектепти адилеттүү башкаруу нугуна бура албайбыз.

Бирок коом качан оңолсо, анан биз, мектептегилер кошо оңолобуз деп кол куушуруп олтура бергенден да пайда жок. Мектеп дагы, коомдогу билим менен тарбиянын уюткулуу очогу катары өзүнүн эң башкы милдети инсанды ар тараптан калыптандыруу, ага заман талабына жараша таалим-тарбия берүү миссиясын татыктуу аткарышы керек.

ЖРТдагы төмөнкү көрсөткүч

Министрликтин коллегиясынын акыркы отурумунда, Жалал-Абад облусундагы мектептердин ЖРТ көрсөткүчү жакшы эместиги белгиленип, коллегиянын кийинки жыйынында  да ушул маселе каралары айтылган. Фактыларга таянсак, былтыркы ЖРТга Жалал-Абад облусунан кыргыз тилинде 5517, орус тилинде 1542, жалпысынан 7059 бүтүрүүчү катышып, тест упайларынын орточо көрсөткүчү кыргыз тилинде тапшыргандардыкы 112,1, орус тилдегиси 120,3, жалпы көрсөткүчү 113,9ду түздү. Коомдо резонанс жараткан кейиштүү окуялар катталган Сузак районунун орточо тест көрсөткүчү 113,6. Бул облустук көрсөткүчтөн да төмөн дегенди билдирет.

Сузак районунан 76 жалпы билим берүү мектеп ЖРТга катышкан. Калган 28 негизги мектеп жана төрт башталгыч мектеп бүтүрүүчү класстары жоктугунан жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан эмес.

Жакында эле Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган  Сопубек Сариев менен телефон аркылуу байланышып, район мектептеринде  ЖРТ көрсөткүчтөрүн жогорулатуу багытында кандай иштер аткарылып жатканына кызыктык.

—Бардык мугалимдер өз предметтери боюнча курстарга барып, кесиптик билимин жогорулатып жатат. Менталдык арифметика, бат окуу боюнча да даярдыктан өтүүдө. “Келечек үчүн билим берүү” долбоору менен иштешип, 59 мектепке компьютер  берилип, Интернет менен камсыз болду, — деп жооп берди Сопубек Камалович учурда аткарылып жаткан иштерге кайрылып.

Дагы бир айта кетүүчү маселе, Сузак районунда 33 мектептин ЖРТ көрсөткүчү 110 баллга жетпей калган. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы бул кейиштүү жагдайга да токтолуп өттү.

—33 мектептин жетекчилеринин айрымдары өз арызы менен жумуштан кеткен.  Учурда иштеп жаткан 22 директорго эскертүү, ал эми эки директорго сөгүш берилди. Бул ишке жооптуу райондук билим берүү бөлүмүнүн эки адисине да сөгүш жарыяланды. Мектеп жетекчилери быйылкы ЖРТнын орточо көрсөткүчүн 114 баллга чыгаруу тууралуу милдеттенме алды, — деди РБББнүн башчысы.

Райондогу Чанаков атындагы орто мектепти   өткөн жылы 22 бүтүрүүчү аяктаса, ЖРТга тогуз окуучу катышкан. Мектеп директору Бусара Калмурзаеванын айтуусунда калган 13 бүтүрүүчү улуттук тестирлөөгө өз каалоосу боюнча катышкан эмес. Бул мектептин ЖРТдагы орточо көрсөткүчү 114 түзүп, бүтүрүүчүлөрдүн алды 139 баллга жеткен.

Ал эми №83 Зулумбек Жамашев атындагы орто мектепти 40 окуучу бүтүп, он окуучу жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан.

— Биздин мектептен 30 окуучу өз каалоосу боюнча катышпады. Бир окуучубуз  179 балл алды. Жалпы көрсөткүчүбүз 136,6 болду, — дейт аталган мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Мунара Иманкулова.

Албетте,  ЖРТга катышуу, катышпоо бул окуучунун өз укугу. Бирок катышуучулардын сапат көрсөткүчүн унутпашыбыз абзел.

Тартип болбосо,  таалим болбойт

Сузак районундагы жалпы коомдук тартиптин   начардыгы мектептеги балдардын билим сапатына түздөн-түз өз кедергисин тийгизип жатканы байкалат. Буга өткөн жылдагы ЖРТда район боюнча 33 мектептин орточо көрсөткүчү 110 баллга жетпей калганы айдан ачык күбө болуп турат. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариевдин айтуусунда, учурда район аймагындагы мектептерде тартип маселесине өзгөчө көңүл бурулуп жатыптыр.

—Бардык мектептерде ата-энелер комитеттери менен биргеликте ата-энелер чогулуштары өтүлдү. Райондук, облустук прокуратуранын жана ИДН кызматкерлери  9-10-11-класстардын окуучулары менен  жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Өспүрүмдүн өлүмүнө байланыштуу Багыш айыл аймагындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы мектептин директору Нуралиева Даткайым өз арызы боюнча жумуштан алынып, анын ордуна райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти убактылуу директордун милдетин аткаруучу болуп дайындалды, — деди Сопубек Камалович.

Эмесе, Жалал-Абад облусунун ЖРТ көрсөткүчүнө арналган биринчи макалага чекит коё туралы. Кийинкиси да болор…

А.АЛИБЕКОВ,   «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер