САНАРИПТИК САБАТТУУЛУК

  • 12.07.2023
  • 0

Билим берүү жана илим минстрлиги жана Бүткүл дүйнөлүк банктын колдоосу мененКелечек үчүн билим берүүдолбоорунун алкагында республика боюнча 1200 мектептин мугалимдерине  “Санариптик сабаттуулук ” (“Билим берүү процессинде МКТны колдонуунун артыкчылыктар”) курсу өтүп жатат.

САНАРИПТИК САБАТТУУЛУК

Долбоордун тренери Кундуз Арапованын берген маалыматына караганда,  долбоорго Ноокат районунун 66 мектеби тартылган.

САНАРИПТИК САБАТТУУЛУКСАНАРИПТИК САБАТТУУЛУК

— Азыркы күндө пилоттук мектептер окутулуп баштады жана төрт агым окуп бүттү. Бул долбоорго районубуздан төрт тренер тартылган: Кундуз Арапова, Аксана Байматова, Бактыгүл Үркүнбаева жана Максатбек Маккамбаев. Азыркы күндүн талабы функционалдык сабаттуулукту калыптандыруу жана заманбап технологияларды окуу процессинде максаттуу пайдалануу. Бул долбоор бир гана технология менен иштөөнү гана үйрөтпөстөн, билим берүү стандарты, сабакта колдонулуучу интерактивдүү жана пассивдүү усулдарды колдонууну да үйрөтүүгө багытталган. Жасалып жаткан бардык иш-аракеттер негизинен окуучунун алган билимин турмушта пайдалана алуусун көрсөтүү жана турмуштук мисалдар менен берүү. Ошону менен бирге эле заман талабына шайкеш билим берүү, бул санарип технологияларын окуу процессине натыйжалуу кийирүү. Дагы бир максат PISA – 2025 эл аралык баалоо изилдөөсүнө катышууда жакшы жыйынтык көрсөтүү, — дейт Кундуз Арапова.

Аталган  семинар-тренингге максаттуу мектептерден 20-28 мугалим тартылып, окууга катышып жатат. Ар бирине http://consultingac.org/ сайтынан жеке кабинет ачылган жана ал жакта өтүлгөн материалдар электрондук түрдө жайгаштырылган. Негизинен окуу тренинг беш модулга бөлүнгөн.

— 1-модуль: Курстун максаттары жана милдеттери, күтүлүүчү натыйжалар жана билим берүүдө МКТнын актуалдуулугу; 2-модуль: Санариптик сабаттуулук; 3-модуль: Активдүү окутуу үчүн МКТнын стратегиялары жана офлайн инструменттер, окуу жетишкендиктерин баалоочу компьютердик технологиялар (платформалар), дистанттык форматта окутууну баалоо инструменттери жана платформалар; 4-модуль: МКТны колдонуу менен проблемалык окутуу, предмет мугалимдери үчүн санариптик ресурстар; 5-модуль: Кесипти жогорулатуу боюнча камтылган. Ар бир модулда кейстик жана тесттик тапшырмалар камтылган. Алган билимдерин практика түрүндө аткарып, кейстерге жүктөп, ал жактан баалоого коюлат. Бул долбоордун жетишкен жагы мугалимдерге колунда бар техникалык каражат (смартфон, ноутбук, мультимедиалык проектор ж.б.) менен натыйжалуу сабак өтүүнү үйрөтүү. Эң эле жөнөкөй mindomo сайтында интеллект карт түзүүнү көрсөтүп бергенимде, сабакка даярдык көрүү ушунчалык жеңил жана убакыт үнөмдүу болорун айтышты. Азыркы учурда мектептерде лабороториялык иш жүргүзүу үчүн мүмкүнчүлүк же шаймандар жок дейбиз, ал эми колубузда турган смартфон аркылуу симуляциялык лабораторияларды иштетүү бул коркунучсуз, кызыктуу жана жеткиликтүү болорун көрүшүп, сабактарга колдонобуз деген пикирлерин билдиришти. Музыка сабагында минус даярдап, аны аткаруучунун үнүнүн тонго тушүрүү, геометрия сабагында чиймелер (фигуралар) 3Д форматта мейкиндикте көрсөтүү, астрономия предметинде Галактиканы мейкиндикте (көз алдыга) чагылдыруу, биологиядан адамдын ички органдарынын жашоосун көрүү, химиялык реакцияларды жүргүзүү жана натыйжасын көрүү жеткиликтүү жана кол алдыбызда экенин билдик деп мугалимдер ыраазычылыгын билдиришти, — дейт Кундуз Арапова.

Бул долбоор эки жылга пландалган жана алдыда дагы максаттуу мектептердин мугалимдерин окутуу күтүлүүдө.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер