САНАРИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ – САПАТТЫН КЕПИЛДИГИ

  • 11.01.2018
  • 1

Билим берүү жана илим министрлигинин Сапат боюнча координациялык кеңеши жана коллегиясы Кыргыз Республикасындагы Электрондук окутууну жана санариптик башкарууну өнүктүрүү боюнча улуттук концепциянын долбоорун жактырды.  

САНАРИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ – САПАТТЫН КЕПИЛДИГИ

Концепция Кыргыз Республикасын 2018-40-жылдарга туруктуу өнүктүрүү боюнча “Таза коом – жаңы доор” улуттук стратегиясынын “Бел болчу билим, из калтырчу илим” багытынын негизинде иштелип чыкты. Программа улуттук, аймактык жана институттук деңгээлде жашаган жерине жана социалдык статусуна карабастан аймактык, социалдык теңчиликти түзүү аркылуу сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана адамдык, каржылык ресурсту рационалдуу пайдалануу менен электрондук окутууну жана билим берүү тармагында санариптик башкарууну түзүү, өнүктүрүү максатын көздөйт. Бул максаттар бир канча багытта ишке ашырылат.

  • билим берүүнүн бардык деңгээлинде электрондук окутууну өнүктүрүү үчүн нормативдик-калыпка салуучу базаны түзүү жана өнүктүрүү;
  • маалыматтык технологияларды колдонуу менен улуттук жана институттук деңгээлде билим берүүнүн субьекттерин башкаруу системасын түзүү жана өнүктүрүү;
  • бардык деңгээлдеги билим берүү чөйрөсүнө электрондук окутуу системасын киргизүү жана аны ишке ашыруу үчүн методологиялык жана уюштуруучу базаны түзүү;
  • улуттук жана институттук деңгээлде электрондук билим берүүнүн инфрастурктурасын түзүү жана өнүктүрүү;
  • электрондук билим берүүнү өнүктүрүү үчүн мугалимдердин жана административдик кызматкерлердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу жана кайра даярдоону уюштуруу, өркүндөтүү;
  • инклюзивдик билим берүүнүн максаттарын ишке ашыруу үчүн электрондук окутууну адаптациялоо;
  • ата мекендик билим берүүнү дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интегарциялоо;
  • окуучулардын, мугалимдердин, окумуштуулардын виртауалдык академиялык мобилдүүлүгүн арттыруу, билим берүү кызматын экспорттоо;
  • электрондук окутууну ишке ашыруу үчүн инвестицияларды тартуу.

 

Заманбап электрондук китепкана түзүлүүдө

Билим берүү жана илим министрлиги электрондук билим берүү программасын буга чейин эле ишке ашыра баштаган. Мисалы, 100 инновациялык мектеп долбоору эки жыл мурун иштеп баштаса, жаңы окуу жылында республика боюнча сегиз жүзгө жакын мектеп интернетке кошулду, окуу китептеринин санариптештирилиши дагы бул багыттагы иштердин катарында. Учурда 61 мектепте заманбап электрондук китепкана түзүү иши кызуу жүрүүдө. Дүйнөлүк Банктын “Билим берүү системасындагы реформаларды колдоо” долбоорунун алкагында 61 мектептин ар бирине 20дан компьютер, сервер, төрттөн проектор, төрттөн ноутбук, тармактык жабдыктар жана эмеректер коюлат. Бул үчүн Дүйнөлүк Банк жакында эле тендер өткөрүп, жеңүүчү фирманы аныктады. Ал фирма ушул жылдын март айына чейин мектептерди тийиштүү техникалык каражаттар менен жабдып бүтүшү керек.

Серверлерди толуктоо үчүн окутуучу материалдар даярдалат. Бул милдетти Билим берүү демилгелерин колдоо фонду аткарат. Андан сырткары ар бир мектеп мүмкүнчүлүгүнө жараша өзүнүн ресурсун интернеттен алынган кошумча маалыматтар, алдыңкы мугалимдердин тажрыйбалары, ачык сабактардын иштелмелери, оюн сабактар, мыкты инновациялык окуу, көрсөтмө куралдары менен толуктап турушат.  Сервер мугалимдерге дагы, окуучуларга дагы жеткиликтүү болуп, ал жактагы маалыматтарды каалагандай пайдалана алышат.

— Бир сервер министрликке коюлуп, аны толуктап турганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Министрлик тарабынан иштелип чыккан электрондук окуу материалдар, методикалык комплекстер дагы киргизилет. Башталгыч класстардын бардык предметтери, тактап айтканда, орус, кыргыз, англис тилдери, математика, мекен таануу предметтеринин окуу китептеринин баардыгы электрондук форматта болот. Андан сырткары жогорку класстардын биология, химия, физика, тарых, англис тили, география, математика, адабият сабагынын китептери дагы киргизилет. Бул серверге lib.kg сайтын дагы киргизүү сунушталууда, — дейт Билим берүү жана илим министрлигинин китеп басып чыгаруу секторунун башчысы Чынара Курбанова.

 

lib.kg сайтынан керектүү китептерди тапса болот

Бул “Ачык китепканадан” мектеп окуу куралдарын, китепканалардын архивинен сейрек кездешүүчү китептерди, диссертацияларды табууга, бардык материалдардын электрондук түрүн жүктөп алууга болот. lib.kg сайты учурда Улуттук китепкананын серверине жайгаштырылган. “Сорос-Кыргызстан» фондунун «Маалымат эркиндиги» программасы тарабынан ишке ашырылып жатат. Келечекте бул сайт дагы толугу менен министрликтин карамагына өтөт. Азыр сайтта кыргыз, орус жана тажик тилдеринде билим берген мектептер үчүн Кыргызстанда басылып чыккан төрт жүзгө жакын китептер, алты жүзгө жакын диссертация, сегиз жүзгө жакын сейрек кездешүүчү китеп PDF форматында жайгаштырылган. Айрымдары гана сканерленип коюлган.

— 2017-жылдын март айындагы автордук укук жөнүндө мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, бул китептердин автордук укугу министрликке өттү. Ошондуктан биз окуу китептерди, окуу материалдарды сайтка жайгаштырганга толук укуктуубуз. Андыктан бул ишти токтотпой уланта беребиз, — дейт Чынара Осмоновна.

 

«Билим Булагы» порталы мугалим менен окуучунун жардамчысы

Билим берүү ресурстары үчүн мультимедиалык комплексти даярдоо боюнча  Билим берүү жана илим министрлиги өткөргөн тендерде Билим берүү демилгелерин колдоо фонду утуп алган. Учурда фонд тарабынан «Билим Булагы» деп аталган порталда 5-9-класстардын окуучулары үчүн кыргыз, орус тилдеринде математика, физика, химия, биология, география, тарых, дүйнөлүк жана кыргыз адабияты, англис тили боюнча кошумча электрондук билим берүү ресурстары даярдалууда. Электрондук курстар окуу китептерин жана методикалык колдонмолорду кайталабайт, тескерисинче аларды толуктайт, иллюстарциялайт, маалымат менен байытат, тигил же бул кубулушту изилдөөдө жаңы кадамдарды сунуштайт.  Фонд бул багыттагы ишин ушул жылдын 1-августунда баштаган. Өткөн жылдын аягында алгачкы кыскаметраждуу видеофильмдерин сунуштап, тийиштүү адистердин талкуусуна койду.

Долбоор жергиликтүү билим берүү тармагынын адситери жана маалымат технологияны мыкты билген адистер тарабынан ишке ашырылууда.

 Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер

жамила / 13.02.2019 10:31
саламатсыздарбы. Билим булагы сайты иштебей жатабы. математика боюнча кире албай жатам.