САНАРИПТЕШҮҮ ДООРУНДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН СТРАТЕГИЯЛАРЫ МЕНЕН ИННОВАЦИЯЛАРЫ

  • 23.09.2022
  • 0

2022-жылдын 5-6-октябрында «Санариптешүү доорундогу билим берүүнүн стратегиялары менен инновациялары» эл аралык конференциясы өткөрүлөт.

Иш-чаранын максаты — билим берүүнү санариптештирүү тармагындагы инновациялык стратегиялар боюнча илимий кызматкерлер, эксперттер, мугалимдер жана жетекчилер арасында кесиптик диалогду, пикир жана тажрыйба алмашууну кеңейтүү.

Конференциянын программасында билим берүү тармагындагы санариптик трансформация, мугалимдердин санариптик компетенцияларын калыптандыруу, билим берүү тармагындагы изилдөөлөр, алдыңкы тажрыйбаларды жана инновацияларды талкуулоо боюнча сессиялар, мугалимдердин жана мектеп жетекчилеринин катышуусунда «Санариптешүү шартарында мугалимдин өзгөрүп жаткан ролу» темасында тегерек стол камтылган. «Санариптик демилгелер галереясында» жана «Санариптик педагогика лабораториясында» жергиликтүү уюмдар санарип билим берүү продуктыларын тартуулашат.

Конференциянын программасы жана сессиянын графиги: https://kix.taalimforum.kg/conference-ru

Конференцияга катышуу үчүн каттоо:  https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSc5IS_0sbRWSJ2VjHNSn17VR1fJLklVYYGFgNoIPsHni1xQlg/viewform?usp=    (НМ)

Кыргыз Республкиасынын Билим берүү жана илим министрлиги

Бөлүшүү

Комментарийлер