САНАРИП ОКУУ ЖАЙ

  • 15.09.2023
  • 0

Педагогдордун республикалык август конференциясында Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков “ЖОЖдордун өнүгүүсүндө санариптештирүүнүн ролу” аттуу баяндама жасап, окуу жайлардагы санариптештирүү боюнча жасалып жаткан алдыңкы тажрыйбаларды ОшМУнун мисалында айтып берди.

САНАРИП  ОКУУ ЖАЙ

DATA-БОРБОР

ОшМУ республика боюнча биринчилерден болуп, 2011-жылы санариптик технологиялардын жардамында AVN  автоматташтырылган окутуу жана башкаруу системасын ишке киргизген. 2017-жылы университетте чоң көлөмдөгү маалыматты сактоо, иштетүү жана сайттардын үзгүлтүксүз иштеши үчүн атайын кубаттуу серверлердин негизинде Data-борбору түзүлгөн. Учурда борбордо модернизациялоо процесси жүрүп, DELL тибиндеги алты сервер орнотулуп, аянтчасы 120 терабайтка жогорулады. DATA-борбордун кубаттуулугу кеңейип, борбордук башкаруудагы компьютерлер түзүмү орнотулду. VDI виртуалдык жумушчу орун булуттук технология аркылуу ишке ашып, жеке компьютерлердин  процессорлорун Data-борбордун серверине өткөрүү аркылуу каражаттар үнөмдөлүп,     компьютерге болгон муктаждык азайды. Окутуучуларга жумушун мобилдик телефон, планшет, компьютер, ноутбук ж.б. каражаттар менен онлайн форматта аткарууга шарт түзүлдү. Эгерде бул технология толук кандуу ишке ашса, электр энергияны сарптоо 20 эсеге азаят.

Кудайберди Кожобековдун айтымында, Data-борбордун аянтчаларын кеңейтүү жолу менен  Ош шаарындагы жана Ош облусундагы мекеме, ишканалардагы маалыматты иштетүүчү жана сактоочу Data-борбордун сегменттерин жайгаштыруу аркылуу кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Ошондой эле GEANT европалык илим-изилдөө жана билим берүү коомуна кошулду. Мында ОшМУ биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана интеграцияланган билим берүү программаларын түзүү үчүн кызматташууга, илимий ресурстарга аралыктан виртуалдык кирүүгө, эл аралык видеоконференцияларды пайдаланууга, Eduroam түйүндөрүндө эл аралык  Wi-Fi роуминг ж.б. кызматтарын колдонууга мүмкүнчүлүк алды. Ошондой эле GEANT технологиялык мүмкүнчүлүктөрү аркылуу дүйнөдөгү алдыңкы өнүккөн мамлекеттердин окуу жайларынын заманбап ресурстарын пайдаланууга жол ачылды.

Заманбап ыкмалар

ОшМУнун бардык кыймыл-аракеттери электрондук форматта ишке ашат. Абитуриент окуу жайга тапшыргандан тартып, колуна диплом алганга чейинки процесс санариптештирилди.

Окутуучуну баалоо «Электрондук өздүк баракча» платформасы аркылуу ишке ашууда. Анын максаты — иштин натыйжалуулугун арттыруу,  профессордук-окутуучулук курамдын ишмердүүлүгүн көтөрүү, илимий изилдөө иштерине тартуу жана  стимулдаштыруу менен эмгек акысына кошумча  акыны аныктоо.  Анда окутуучулардын атайын бекитилген критерийлери аркылуу окутуунун рейтинги упай менен аныкталып, алган упайына жараша эмгек акыга кошумча он миң сомго чейинки өлчөмдө каражат түшөт.

Система аркылуу 2022-жылы 113 кызматкерге бир миллион 213 миң сом төлөнсө, 2023-жылы 206 кызматкерге эки миллион 332 миң сом төлөндү.

http://teacher.portal.oshsu.kg/ профессордук-окутуучулук курамдын электрондук өздүк баракчасы түзүлүп, анда ар бир окутуучу  рейтингге катышууга мүмкүнчүлүк алды.

Электрондук документ системасы иштелип чыгып, ал аркылуу университеттин ичинде документ айлантуу толук санариптештирилди.

Мындан сырткары, окуу жайдын электрондук кампусу түзүлүүдө. Факультеттер арасында оптобулалуу өткөргүч аркылуу байланыш түзүлүп, аларды жалпы системалар менен камсыздоо үчүн DATA-борбор  уюштурулуп, автономдуу электр генератору орнотулду.

Онлайн тест алуу үчүн https://testapp.portal.oshsu.kg/ тест системасы ишке кирип, ар бир окутуучуга жеке каана уюштурулду.  Экзамен тапшырып жаткан студенттин өздүгүн аныктоо прокторинг аркылуу жүргүзүлүүдө.

Бүтүрүүчү курстар аралыктан экзамен жана МАКты тапшыруусун үчүн http://webinar.oshsu.kg/ видеоконференция программасы түзүлдү.

Окутуучулардын табель тапшыруусу онлайн форматка өткөрүлүп, ал үчүн  http://tabel.oshsu.kg/ системасы түзүлдү. Система дем алыш күндөрдү өзү көрсөтөт жана эсептелген маалыматтарды 1С бухгалтерия программасына жүктөйт.

Илимий изилдөө иштеринин сапатын жогорулатуу, маалыматты жеткирүүнүн ачык-айкындуулугун жана отчёттуулугун камсыз кылуу максатында http://vestnik.oshsu.kg веб порталы жаңы маалыматтар менен толукталды. Антиплагиат http://plagiat.oshsu.kg программасы аркылуу текшерүү жүрүүдө.

Кесипке багыт берүү иш-чараларынын алкагында, «Адис» окуу борборунун өтүнүчү менен абитуриенттердин кесиптик жөндөмдүүлүгүн аныктоочу http://test.oshsu.kg/ порталы иштелип чыгып, 15 миңдей мектеп бүтүрүүчүлөрүнөн тест алынды жана жөндөмдүүлүгүнө жараша кесиптер сунушталды.

2020-2021 окуу жылынан тарта ОшМУ «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу маалымат алмаша баштады.  Анда Билим берүү жана илим министрлигинин базасынан  дипломдорду текшерүү http://sev.oshsu.kg/  сервиси аркылуу жүргүзүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Студенттерге кызмат көрсөтүүлөрдү онлайн форматка өткөрүү максатында http://ab.portal.oshsu.kg/ айланма баракча сервиси иштеп баштады.  Анда студент окуу жайга келбей эле айланма баракчаны онлайн толтуруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

ОшМУнун программисттери тарабынан электрондук журнал, электрондук силлабус, электрондук архив, электрондук жадыбал, электрондук оорукана системасы  жана башка 40тан ашуун университеттин факультеттеринин, колледждердин, мектеп-гимназияларынын, структуралык түзүмдөрдүн сайты иштелип чыгып, КРдин Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы тарабынан тастыктоочу күбөлүккө ээ болду.

ОКУУ ПРОЦЕССИНДЕГИ, БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ИННОВАЦИЯЛАР

2022-2023-окуу жылында университеттин окуу процесси академиялык эркиндиктин принциптерине жана студенттердин жеке траекториясына негизделген дисциплиналарды жана окутуучуну тандоо мүмкүнчүлүгүн киргизди. Студент өзү каалаган дициплиналык курсту жана окутуучуну эркин тандап, тиешелүү кредиттик сааттарды өздөштүрөт.

Айгерим ТОКТОБАЕВА,
«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер