«САНАРИП МЕКТЕП»: САНАРИПТИК ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫН КОЛДОНУУ МЕНЕН ЗАМАНБАП СИСТЕМАСЫН ТҮЗҮҮ

  • 17.05.2023
  • 0

Бишкек шаарында Билим берүү жана илим министрлигинин «Санарип мектеп» санариптик технологияларын колдонуу менен окутуунун заманбап жана натыйжалуу системасын түзүү” аталышындагы Бишкек шаары жана Чүй облусундагы мектеп директорлорунун форуму өтүүдө.

 

"САНАРИП МЕКТЕП": САНАРИПТИК ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫН КОЛДОНУУ МЕНЕН ЗАМАНБАП СИСТЕМАСЫН ТҮЗҮҮ

Форумда министрликтин санариптештирүү жаатындагы жүргүзүлүп жаткан иштери тууралуу докладдар угулуп, «Билим берүү тутумундагы санариптик платформалардын келечеги жана көйгөйлөрү», «MozaBook билим берүүчү презентация программасы», “PISA: Кыргыз Республикасындагы мектеп окуучуларынын санариптик көндүмдөрүн жана медиасабаттуулук деңгээлин баалоо”, «ББОУБ долбоорлорундагы санариптик технологиялар», «Компьютердик тестирлөө билим берүүнүн сапатын баалоо механизми катары» аталышындагы презентациялар көрсөтүлдү.

Билим берүү жана илим министри К.Иманалиев өз сөзүндө, Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүүнү камсыз кылуу  23,9% ды түзөөрүн, бала бакчага  600 миңден ашык бала барбай жатканын баса белгиледи.

— Бишкекте мектептер жык толгон. Мектептин долбоордук кубаттуулугунан ашык, т.а. 30 миңге көп бала окуйт. Мунун баары билим сапатына терс таасирин тийгизбей койбойт. Бала бакчага барбаган балдар башталгыч мектепте кыйналып жатышат. Мугалимдердин маалыматтык технологияларды билүү деңгээли да төмөн экендигин моюнга алуу керек. Биз биринчи жолу мугалимдерди аттестациялоону жаңы, автоматташтырылган форматта өткөргөнү жатабыз, бул мугалимдерге кошумча материалдык жана моралдык түрткү берет, — деди министр.

Ал эки айдын ичинде өлкөнүн бардык аймактарын кыдырып, мектептергет барып, сабактарга катышып, мугалимдер, директорлор, окуучулар жана ата-энелер менен сүйлөшкөнүнө токтолду. Ошондой эле региондор, шаардык мектептер кызыктуу жана сапатуу билим берген заманбап, күчтүү мугалимдерге муктаж экенин баса белгиледи.

— Биз алгылыктуу форматты издедик. «Мозаиканы»  таптык. Ал дүйнөнүн 80 өлкөсүндө, өзгөчө пандемия учурунда эбегейсиз тажрыйбага ээ экенин аныктадык. Бул заманбап, кызыктуу, натыйжалуу, билим берүүчү программа! Биз санариптик технологияны тез өздөштүргөн балдарыбызга дал келишибиз керек  жана аларды колдонууга үйрөтүшүбүз керек. «Мозаика» Кыргызстандын контенти менен толтурулуп, окуучуларга STEM-предметтерди үйрөнүүдөгү көндүмдөрүн, ошондой эле  өз көрсөткүчтөрүн жакшыртууга мүмкүндүк берет. «Мозаика» география, Кыргызстан тарыхы, Манас таануу, кыргыз тили жана кыргыз адабияты сыяктуу стратегиялык предметтерди изилдөө үчүн зор мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ошондой эле кагаз түрүндөгү окуу китептерине акча үнөмдөй алабыз, — деди К.Иманалиев.

Билим адамдарга жашоодо ийгиликке жетүү үчүн зарыл болгон билимди жана көндүмдөрдү гана камсыз кылбастан, сынчыл ой жүгүртүүнү, чыгармачылыкты жана дүйнөгө ылайыкташуу жөндөмүн калыптандыраарын, «Мозаиканы» бардык жерде, билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде колдонсо болоорун баса белгиледи.

— Бул заманбап билим берүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири. Бүгүн Сиз бул платформанын мүмкүнчүлүктөрүн көрүп, анын ар бир окуучуга жана мугалимге канчалык таң калычтуу ыңгайлаша аларын көрүүгө мүмкүнчүлүк аласыз. Жакынкы келечек – бул биздин жашообуздун активдүү бөлүгүнө айланган Жасалма интеллекттин күчүн натыйжалуу пайдалануу керек болот. Ошондуктан кечикпөө жана алдыңкы технологияларды мектептеги билим берүү чөйрөсүнө киргизүү маанилүү. «Мозаика» менен баштоону сунуштайм! – деди ал.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, «Кут Билим»

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер