«САНАРИП КЫРГЫЗСТАН СТУДЕНТТЕРДИН КӨЗ КАРАШЫ МЕНЕН»

  • 09.12.2019
  • 0

Ушундай аталыштагы конференция Ош мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент), Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлкекеттик комитети менен биргеликте өттү.

«САНАРИП КЫРГЫЗСТАН СТУДЕНТТЕРДИН КӨЗ КАРАШЫ МЕНЕН»

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков “ЖОЖдордун өлкөнү санариптик трансформациялоодогу ролу” деген аталышта презентация жасады. Анда Ош мамлекеттик университетинде санариптик билим берүү чөйрөсүн түзүү багытында жасалган иштер жана алдыдагы пландар боюнча маалыматтар айтылды.

«САНАРИП КЫРГЫЗСТАН СТУДЕНТТЕРДИН КӨЗ КАРАШЫ МЕНЕН»

“Учурда ОшМУда маалыматтар базасын сактоо жана маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Дата-борбору иштейт, эске сактоо көлөмү 148 теребайтты түзөт. Ошондой эле университеттин була-оптикалык интернеттик транспорттук системасы түзүлгөн, окуу корпустарынын арасындагы оптикалык локалдык тармактын узундугу 25 км. түзөт. Коопсуздукту сактоо максатында турникеттер орнотулган, бардык окуу корпустарыбыз, жатаканалар видео көзөмөл менен камсыздалган. Университетте автоматташтырылган информациялык система ишке кирген. Бизде эмгектенген программисттердин жардамында студенттер, окутуучулар үчүн мобилдик тиркемелер, антиплагиат программасы,  “Бирдиктүү терезе” долбоору ишке кирген. Учурда студенттер көз карандысыз тестирлөө борборлорунда экзамендерди тапшырып, электрондук анкетирлөөдөн өтүшөт. Биз университетке “Түндүк” өз ара электрондук байланыш системасына байланышуу максатында Dell 210i маркасындагы сервер сатып алдык жана ubuntu 18.04LTS системасы орнотулду. Учурда университеттин автоматташтырылган системасында студенттердин 133974, окутуучу жана көмөкчү персоналдардын 6983 маалыматтык базасы сакталып, иштетилет. Өлкөдөгү бардык ЖОЖдор ушундай тартипте иштерди аткарса өлкөнү санариптик трансформациялоого чоң салым кошкон болобуз”, — деп билдирди.

«САНАРИП КЫРГЫЗСТАН СТУДЕНТТЕРДИН КӨЗ КАРАШЫ МЕНЕН»

Ал эми Кыргызпатенттин төрайымы Динара Молдошева учурда бардык тармакты  санарипке өткөрүү жүрүп жатканын, санариптик технологияларды пайдалануу, ошондой эле инновациялык идеяларды өнүктүрүү максатында  региондордо, жаштар арасында кеңири масштабдуу билим берүүчүлүк жана агартуучулук иштерди баштоо жүргүзүү зарыл экендигин билдирди.

Конференциянын катышуучулары үчүн иш-чаранын алкагында ОшМУда экскрусия уюштурулуп, санариптештирүү багытында жүргүзүлүп жаткан алгылыктуу иштер менен жеринде таанышышты.

«САНАРИП КЫРГЫЗСТАН СТУДЕНТТЕРДИН КӨЗ КАРАШЫ МЕНЕН»

Жыйындын экинчи бөлүгүндө мамлекеттик органдардын жетекчилери, эксперттер жана студенттер санариптештирүү жаатындагы баяндамаларын жасашып, тажрыйбалары менен бөлүшүп, бир катар суроолордун үстүндө талкуу жүргүзүштү. Андан сырткары катышуучуларга “Кыргызстандын мыкты стартаптары” сынагы боюнча маалыматтар берилди.

Бөлүшүү

Комментарийлер