САНАРИП БИЛИМ БЕРҮҮ. КЕЛЕЧЕК ГОРИЗОНТТОРУ

  • 12.12.2020
  • 0

8-9-декабрда Билим берүү жана илим министрлигинин жана Республикалык “Алтын түйүн” Балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясы, БРИТА “Алтын түйүндүн” 60 жылдыгына арналган Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринде санарип билим берүү боюнча топтолгон практикалык тажрыйбаны жана илимий изилдөөлөрдү кеңири жайылтуу, окуу процессине маалыматтык жана компьютердик технологияларды андан ары ишке ашыруу максатында “Санарип билим берүү. Келечек горизонттору” эл аралык илимий-практикалык конференциясын өткөрдү.

Санарип билим берүү боюнча топтолгон практикалык тажрыйбаны жана илимий изилдөөлөрдү кеңири бөлүшүү үчүн конференцияга катышууга 120дан ашуун адис Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Турция жана башка өлкөлөрдөн чакырылган. Катышуучулардын арасында Кыргыз Республикасынын 16 жогорку окуу жайынын өкүлдөрү жана 15 эл аралык жогорку окуу жайлары катышуу ниетин билдиришкен. Алардын ичинде 12 илимдин доктору, 16 илимдин кандидаты, 3 илимий изилдөөчү, аймактык институттардын жетекчилери, аймактык усулдук борборлор, шаардык, райондук башчылардын орун басарлары, директорлор жана мектеп, кесиптик лицейлердин мугалимдери болгон.

Конференциядагы иш үч багытта өтүлдү: «Билим берүү чөйрөсүндө санариптик компетенттүүлүктү өнүктүрүүнүн чечимдери жана ыкмалары», «Аралыктан билим берүү байланышы», «Аралыктан окутуу программаларын, мектепте жана кошумча билим берүү аянтчаларын түзүү жана ишке ашыруу тажрыйбасы».

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орун басары Омуров Нурлан Кубатович 8-декабрдагы конференциянын пленардык отурумду ачты. “Бүгүн биз билимдин сапатын жогорулатуу, билим берүү тутумунун бардык деңгээлдеринде компетенттүү мамилени киргизүү боюнча реформаларды өткөрүү менен активдүү алектенип жатабыз. Ал эмгек рыногунун талаптарына туура келиши үчүн  салттуу, консервативдик позициялардан баш тартышы керек. Биз дүйнөлүк тенденцияларды эске алып, жаңылыктарды киргизип, реформа жүргүзүп жана заманбап талаптарга ылайык өзгөрүшүбүз зарыл. Мына ошондуктан, бүгүнкү өтүп жаткан БРИТА “Алтын түйүндүн” 60 жылдыгына арналган “Санарип билим берүү. Келечек горизонттору” эл аралык илимий-практикалык конференциясы сыяктуу мындай  эл аралык  тажрыйба алмашууларды өткөрүп туруу маанилүү” – деп баса белгиледи өз сөзүндө.

Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Токтомаметов А.Д., п.и.к., санарип билим берүүнү Кыргызстандын өнүгүүсүнүн жаңы этабы деп анализдеди. БРИТА “Алтын түйүндүн” директору Бапанова Ж.Б. академиянын ишинин санариптешүүсү тууралуу айтып берди. Ош мамлекетинин ректору Кожобеков К.Г., ф.-м.и.д., билим берүү процессин санариптештирүүнүн ролу жана заманбап шарттарда жождорду башкаруу ишмердүүлүгү жөнүндө докладын окуду. «СТАНКИН» Москва мамлекеттик окуу жайынын бөлүмүнүн башчысы Савельева Г.Н., п.и.к., конференциянын катышуучуларына санарип шарттарында билим берүү чөйрөсүндөгү окуучулар жана кызматкерлер менен бүткүл россиялык сынактык иш-чараларын өткөрүү тажрыйбасы  менен бөлүштү. Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Иманалиева Э.С., окуучуларды аралыктан  окутуу процессинде санарип технологиялардын потенциалын пайдалануунун заманбап абалын анализдеген. Талас методикалык билим берүү борборунун директору Тилекматов Т.К. билим берүү чөйрөсүндөгү санариптик компетенциялар жөнүндө айтып берди. Ош облустук балдар чыгармачылыгынын борборунун директору Назаров Р.Н., облустук  балдар чыгармачылык борборлорунун БРИТА “Алтын түйүн” менен санарип трансформациядагы өз ара методикалык тажрыйбасы менен бөлүштү. Кемин райондук билим берүүсүнүн бөлүм башчысы Тулебаева А.А., окуу процессине аралыктан окутууну киргизүү жөнүндө айтып берди. Токмок щаарынын Жаш өспүрүмдөр чыгармачылык борборунун директору Полосина Т.Н. кошумча билим берүү тутумун аралыктан окуу жөнүндө доклад окуду.

9-декабрда секцияларда иш жүрүп, модератор катары кийинки аты аталгандар катышты: Кожобеков К.Г., ф.-м.и.д., ОшМУ ректору; Мамбетакунов У.Э., п.и.д., КББА вице-президенти; Бийбосунов Б.И., ф.-м.и.д., И.Арабаев атындагы КМУнун кафедра башчысынын орун басары; Бримкулов У.Н., т.и.д., Кыргыз-түрк «Манас» университетинин профессору; Савельева Г.Н., п.и.к., «СТАНКИН» Москва мамлекеттик университетинин бөлүм башчысы; Арзыбаев А.М., т.и.к.,  И.Арабаев ат. КМТУ кафедра башчысынын орун басары.

Конференциянын катышуучулары абдан кызыктуу баяндамалар менен чыгып, мектепте, мектептен тышкаркы мекемелерде жана ЖОЖдордун окуу процессин санариптештирүүнүн ар кандай аспектилеринин кеңири спектрин камтышты. “Илимий-практикалык конференциянын уюштуруучуларына, ыраазычылык билдиребиз! Биз биринчи жолу катышып жатабыз жана Кыргызстан жана КМШдан келген адистердин баяндамалары биз үчүн пайдалуу болду! Бул эң эле масштабдуу платформа! Алгылыктуу жактары абдан көп жана өнүккөн билим берүү мекемелери менен байланыш түзүүгө болот. Ушундай тажрыйба алмашуунун болгонуна абдан кубанып турабыз, биз жаңы мамилени жана аралыктан окуу ыкмасын үйрөндүк. Пандемияга карабастан, биз баарыбыз чогуу болуп, аралыктан окутуу деп аталган актуалдуу теманы көтөрүп чыктык. Биз көп окутуучуларыбыз үчүн көптөгөн пайдалуу маалыматтарды алдык жана башка окуу жайларынын ийгиликтерине күбө болдук. Бирок, баарыбызды “Алтын түйүн”  бириктирди! “Алтын түйүнгө”, уюштуруучуларга илимий-практикалык конференцияны мыкты деңгээлде даярдап, өткөрүп бергендери үчүн ырааазычылыгыбызды билдиребиз! Биздин  чет өлкөлүк кесиптештерибизге дагы катышкандыгы үчүн рахмат айтабыз! (Туленова Гульнара Мукубаевна, Кара-Балта шаарындагы балдар чыгармачылык үйү), “Мындай сонун конференцияга онлайн катышууга мүмкүнчүлүк бергениңиздерге, рахмат! Бардык уюштуруучуларга жана катышуучуларга, ыраазычылык билдирем! Биз биргеликте балдарыбыз үчүн келечек түзүп жатабыз!”. (Устинский Дмитрий Владимирович, ООО «Брейн девелопмент» өнүгүүлөр бөлүмүнүн башчысы, Санкт-Петербург ш.) – көптөгөн жагымдуу жана жылуу сөздөрдү иш-чаранын катышуучулары өзүлөрүнүн сын-пикирлерин жазышкан.

Адистер кесиптик компетенттүүлуктү калыптандырууга өбөлгө түзүүчү окутуу методикасын иштеп чыгуу, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды натыйжалуу пайдалануу, окутуучулар жана окуучулар үчүн билим берүү чөйрөсүндө санарип компетенттүүлүктү өнүктүрүүнүн жаңы чечимдерин жана ыкмаларын табуу маселелерин талкуулоого катышты.

Конференциянын катышуучулары билим берүүдө санариптештирүүнү өнүктүрүүнүн төмөнкүдөй көйгөйлөрүн белгилешти:

— Айылдарда жана алыскы райондордо жогорку ылдамдыктагы интернет кызматы кымбат же жеткиликсиз бойдон калууда. Азыркы учурда Кыргызстандын алыскы жана тоолуу райондорунда телекоммуникация чөйрөсү толугу менен электрондук  окутууну уюштурууга жол бербейт;

— бүгүнкү күндө сапаттуу электрондук  окутуу үчүн техникалык жабдуулардын деңгээли жетишсиз. Санариптик билим берүү өнүгүүсү билим берүү уюмдардын  заманбап жабдыктар менен камсыз болушун, жаңы билим берүү программаларын ишке ашыруусун киришүү үчүн квалификациялуу адистер, педагогдор, квалификациялуу техникалык персонал, жабдуулардын үзгүлтүккө учурабай иштешин камсыз кылуусун талап кылат.

— билим берүү уюмдарында заманбап маалыматтык технологияларды кеңири жайылтууга эски жана алсыз материалдык база, педагогикалык кадрдын маалыматтык-коммуникациялык технологиянын даярдыксыздыгы, аймактарда Интернетке кирүү түйүндөрүнүн санынын жетишсиздиги, айылдык калктуу конуштарда алардын жоктугу  тоскоол кылат.

Иш-чаранын жыйынтыгы менен Резолюция кабыл алынып, ага төмөнкүлөр камтылды:

  • Кыргызстанда электрондук окутуунун маалыматтык жана билим берүү чөйрөсү, анын ичинде санариптик ресурстарынын жыйындысы, маалыматтык жана телекоммуникация технологиялар топтому, жабдыктар, жогорку ылдамдыктагы телекоммуникациялар, интерактивдүү технологияларды камсыз кылуучулар, программалык жана аппараттык платформа түзүлүшү керек;
  • Педагогдордун жана окуучулардын санариптик компетенцияларын жогорулатуучу комплексттик иш-чараларды, окутуп-үйрөтүүчү семинарлар, практикалык иштер, билим берүү программаларынын сынактары, тартип жана сабактарды методикалык камсыздоонун электрондук ресурстары боюнча видео сабактарды өткөрүү зарыл. Түрдүү билим берүү тармагында ийгиликтүү тажрыйба методикасына натыйжалуу дал келүүчү оффлайн жана онлайн сабактарын жайылтуу зарыл;
  • Инвестицияларды тартуу, инфраструктуранын өнүгүүсүнүн долбоорлору, билим берүү уюмдардын санариптик чөйрөсүн түзүү үчүн эл аралык ресурстарды да, жеке уюмдардын чөйрөсүнүн өндүрүштөрүн да, IT-индустриясындагы бизнести колдонуу сунушталат;
  • И.Раззаков атындагы КМТУ, БРИТА «Алтын түйүн» жана педагогдорду сабактан тышкаркы даярдоо боюнча облусттук билим берүү бөлүмү үч тараптуу келишимдин негизинде «Технологиялык билим берүү» багытында окутуу боюнча  абитуриенттерди тартуу ишин күчөтүү.

Конференциянын катышуучулары иш-чара жогорку деңгээлде өткөндүгүн, мындан тышкары темаларды талкуулоодо актуалдуулугун белгилеп, мезгил-мезгили менен эки жылда бир  бул чөйрө боюнча тажрыйба алмашуу практикасын  улантуу ниетин  билдиришкен.

Конференциянын катышуучуларынын мыкты илимий иштерин РИНЦ илимий-метрикалык тутумуна кирген «Известия КГТУ им. И.Раззакова»/И.Раззаков атындагы КМТУнун Кабарлары журналынын илимий эмгектердин жыйнагына, мындан тышкары бардык макалалар БРИТА “Алтын түйүндүн” материалдар жыйнагына жарыяланат.

Бир четинен, санариптештирүү бардык технология, экономика, маданият жана билим берүүнүн жылышына алып келээри сезилиши мүмкүн, бирок, бул процесстерди адамдын мүмкүнчүлүгүнүн кеңейиши, анын ичинен билимди алуу жана берүү чөйрөсү деп кароо туура болот. Дүйнөдө учурдагы кырдаал билим берүү процессин андан ары  кайра уюштуруу үчүн кошумча учур болуп эсептелет. Бүгүн, билим берүүдөгү негизги өзгөрүүлөр аны санариптештирүү менен байланыштуу, ал эми анын актуалдуулугу мамлекеттик деңгээлде жана жалпы коомчулукта колдоого алынып, прогрессивдүү билим берүү мекемеси санариптик технологияны активдүү колдонушу керектигин даана көрүп турабыз, ошондуктан, коюлган максатка кадам сайын жакындоо менен бул багытта активдүү өнүгүшүбүз керек!

 

 

БРИТА “Алтын түйүн” директору Бапанова Ж.Б.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер