«САНАРИП АЙМАК» СИСТЕМАСЫН ЖЫЛДЫН АЯГЫНА ЧЕЙИН ТОЛУГУ МЕНЕН ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ КЕРЕК

  • 27.08.2020
  • 0

«Санарип аймак» автоматташтырылган маалымат системасын 2020-жылдын аягына чейин толугу менен ишке ашыруу керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов санариптештирүү боюнча 2020-жылдын I жарым жылдыгында аткарылган иштерди талкуулаган кеңешмеде билдирди.

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча, «Санарип аймак» автоматташтырылган маалымат системасына 176 айыл өкмөт кошулду.

«Санарип аймак» системасын жүзөгө ашыруу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатып, адистердин калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүсүндөгү ишин автоматташтырууну шарттайт.

Ошондуктан системаны аймактардагы шаарлар менен айыл өкмөттөргө киргизүү иштери күчөтүлүүгө тийиш. «Санарип аймакты» жүзөгө ашыруу үчүн айыл өкмөттөр маршрутизаторлор (роутер) менен ыкчам тартипте камсыздалышы шарт», — деди Өкмөт башчы.

Кеңешмеде саламаттык сактоо, билим берүү тутумдарын санариптештирүү маселеси да талкууланды.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, өлкө боюнча 2292 мектептин 99% интернетке туташтырылды.

Премьер-министр мектеп окуучулары пандемияга байланыштуу аралыктан окуусун эске алганда, аймактарда интернеттин жеткиликтүүлүгүнө жана сапатына өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.

«Окуу жылы башталганда айылдарда интернет жок деген маселе жаралбашы керек. Бул боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар ишти күчөтүлгөн тартипте жүргүзүүсү абзел. Мектептерди сапаттуу, жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыздоо боюнча иштер күчөтүлсүн. Ал эми саламаттык сактоо тутумунда санариптештирүү боюнча бир катар алгылыктуу иштер жасалды.

Ошентсе да аймактардагы медициналык мекемелерге кеңири масштабдагы маалыматтык технологияларды киргизүүнү аягына чыгаруу зарыл», — деп белгиледи Өкмөт башчы.

Ошондой эле жыйында мамлекеттик органдардын санариптештирүү боюнча аткарып жаткан иштери талкууланып, бул багыттагы жумуштары кечеңдеп жаткан айрым тармактардын жетекчилерине бир катар милдеттемелер коюлду.
Кеңешмеде «Түндүк» мекемелер аралык электрондук системасы, мамлекеттик органдардын электрондук документ алмашуусу, иш кагаздарды санариптештирүү боюнча маселелер талкууланып, тармактык мамлекеттик органдарга тийиштүү тапшырмалар берилди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Бөлүшүү

Комментарийлер