САЛТТУУ ЖАНА ДИСТАНТТЫК ОКУТУУДА МЕКТЕП ЖЕТЕКЧИЛИГИ МЕНЕН АТА-ЭНЕЛЕР КАНДАЙ МИЛДЕТТЕРДИ АТКАРЫШЫ КЕРЕК? НУСКАМА

  • 24.08.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги эксперттик-консультативдик кеңеш менен биргеликте пандемия шартында жалпы билим берүү уюмдарында окуу процессин уюштуруу боюнча нускама иштеп чыкты.

Министрликтин басма сөз кызматы маалымдагандай, нускама райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө жеткирилди.

Анда окуу процесси салттуу (1-класс) жана дистанттык (2-11-класс) түрдө өткөрүүдөгү райондук, шаардык билим берүү бѳлүмдѳрүнүн мектеп администрациясынын жана мугалимдердин милдеттери так көрсөтүлгөн.

1-сентябрда менчик формасына жана түрүнө карабастан, республиканын бардык мектептеринде 1-класстар үчүн салтанаттуу линейка уюштурулбайт. Билим күнүндө салттуу түрдө ийкемдүү графикке ылайык, «Сүйүктүү Кыргызстаным» аттуу алгачкы сабак өткөрүлөт.

Мындан сырткары нускамада окуу процессин уюштуруу, окуучуну мектепке тосуп алуу шарттары, класс ичиндеги алгоритмдер, танапис учурундагы талаптар, окутуу салттуу жана дистанттык түрдө жүргүзүүдөгү ата-энелердин милдеттери так жазылган.

COVID-19 пандемиясына байланыштуу жаңы окуу жылында 1-класстар гана салттуу режимде билим алышат.

2020-2021-жаңы окуу жылында пандемия шартында жалпы билим берүү уюмдарында окуу процессин уюштуруу боюнча нускама

Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен жана балдардын, педагогдордун, ата-энелердин ден соолугуна кооптуу кырдаал жаратпоо максатында эпидемиологиялык абал турукташканга чейин 2020-2021-окуу жылынын 1-чейрегинде менчик формасына карабастан, республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарында 2-11-класстарда окутуу дистанттык түрдѳ ѳтѳт.

Ошону менен бирге 1-класстын окуучуларынын окуу көндүмдөрү калыптандырылбаганын эске алып, 2020-2021-окуу жылынын 1-чейрегинде менчик формасына карабастан республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарында санитардык-гигиеналык талаптарды аткаруу менен 1-класстарда окутуу салттуу түрдө жүргүзүлөт.

1-класстарда окуу процессин салттуу түрдѳ ѳткѳрүүдѳ райондук/шаардык билим берүү бѳлүмдѳрүнүн/башкармалыктарынын, мектеп администрациясынын жана мугалимдердин милдеттери:

1. 2020-жылдын 1-сентябрында менчик формасына карабастан, республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарында 1-класстар үчүн төмөнкү иш-чараларды өткөрүү:

Билим күнүн салттуу түрдө ийкемдүү графикке ылайык өткөрүү (массалык иш-чараларды өткөргөнгө тыюу салынат),

«Сүйүктүү Кыргызстаным» аттуу алгачкы сабак өткөрүү, экскурсия жүргүзүү.

2. Телеканалдардан көрсөтүлүүчү видеосабактардын темаларын эске алуу менен: жылдык календардык-тематикалык планды иштеп чыгуу, мектептин ички тартибин иштеп чыгуу, сабактардын ийкемдүү расписаниесин жана аралыкты сактоо үчүн ар бир класстын танаписинин расписаниесин иштеп чыгуу.

3. Мектеп администрациянын чечими менен зарыл болгон учурда 1-класстын мугалимдерине жардам берүү үчүн жогорку класстардын дене тарбия, музыка, сүрѳт мугалимдерин, лаборанттарды, китепканачыларды бекитүү.

4. Балдарды 1-класска кабыл алууну тездетүү жана тизмесин тактоо.

5. Ата-энелер менен келишим түзүү (мектептин жана ата-энелердин милдеттери так жазылышы керек), алар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

6. Санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо үчүн шарттарды түзүү: мектепте дезинфекция иштерин жүргүзүү, ички ажатканаларды иштетүү, кол жуугуч, тепловизор, мектептин кире беришине хлордонгон килемче менен камсыздоо, гигиеналык жана антисептикалык каражаттар менен камсыздоо.

7. Ар бир классты өзүнчө окуу бөлмө менен камсыздоо.

8. Окуучулардын топтолуш мүмкүнчүлүктөрүн азайтуу үчүн кошумча кирүү жана чыгуу эшиктерин колдонууну камсыздоо.

9. Күнүгө сабактар бүткөндөн кийин мектепти, окуучулардын ордун дезинфекциялоо.

10. Санитардык талаптарды аткаруу менен ысык тамак уюштуруу: ашканаларды, идиш-аяктарды дезинфекциялоого, аралыкты сактоого шарттарды түзүү.

11. Ата-энелерден балдарына бирдиктүү мектеп формасын алып берүүнү талап кылбоо.

12. Күнүгө бардык окуучулардын, мектеп кызматкерлеринин дене табын текшерип туруу, атайын журналга каттоо.

13. Мектепке мугалимдер жамаатынан жана окуучулардан тышкары башка адамдарды киргизүүнү чектөө.

14. Мектепке кирип-чыккан адамдарды каттоого алуу.

15. Психологиялык кызматты жана «ыкчам байланышты» уюштуруу.

16. Мектеп администрациясы жана мугалимдер ар дайым санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳнүн, жергиликтүү бийлик органдары жана ата-энелер менен тыгыз байланышта иш алып баруу.

17. Мектептеги кырдаал боюнча министрликке жана тиешелүү органдарга маалыматтарды ѳз учурунда берип туруу.

Окуу процессин уюштуруу боюнча:

Эпидемиологиялык абал курч аймактарда жана окуучулардын саны кѳп мектептерде:

1. 1-касстарда окуучулардын санына жараша окуучуларды кичи топторго бѳлүп, (ар бир кичи топто окуучулардын саны 20дан ашпашы керек), ийкемдүү расписаниеге ылайык окутуу, мисалы:

1-топ — дүйшѳмбү, шаршемби күндѳрү;

2-топ — шейшемби, бейшемби күндѳрү.

2. Сабак учурунда аралыкты сактоо.

3. Жума күндѳрү мугалимдер окуучулар менен кайтарым байланышка чыгуу жана сабакка даярдануу.

4. Айрым сабактарды таза абада ѳткѳрүү сунушталат.

Эпидемиологиялык абал туруктуу аймактарда жана окуучулардын саны аз мектептерде:

1. Класстарда окуучулардын саны 20га чейин болсо, кичи топторго бѳлүнбѳйт.

2. Ийкемдүү расписаниеге ылайык окутуу чечими ар бир мектептин мүмкүчүлүгүнѳ жараша кабыл алынат.

Уюштуруу иштери:

1. Окуучу мектепке келгенде дене табынын көрсөткүчүн ѳлчѳѳ, атайын журналга жазуу.

2. Окуучуларды аралыкты сактоо менен окуу кабинетине коштоо, (1,5-2 метр) шахмат түрдѳ отургузуу.

3. Окуучуларга танапис учурунда сакталуучу эрежелер тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

4. Аралыкты сактоо.

5. Танапис учурунда кабинеттерди желдетүү.

Окутуу салттуу түрдѳ жүргүзүүдѳ ата-энелердин милдеттери:

1. Мектеп менен келишим түзүү.

2. Баланын ден соолуугу боюнча мугалимге күнүгө маалымат берип туруу.

3. Баланы санитардык-гигиеналык каражаттар менен камсыздоо.

4. Окуучулардын ѳздүк гигиенасын сактоону камсыздоо.

5. Баланы мектепке убагында алып келүүнү жана алып кетүүнү камсыздоо.

2-11-класстарда окуу процессин дистанттык түрдѳ ѳткѳрүүдѳ райондук/шаардык билим берүү бѳлүмдѳрүнүн/башкармалыктарынын башчыларынын, мектеп администрациясынын жана мугалимдердин милдеттери:

1. 2020-жылдын 1-сентябрында Билим күнүн дистанттык түрдѳ өткөрүү.

2. Билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базаларын жакшыртуу.

3. Окуучулардын окуу программаларын дистанттык билим берүү технологиялары (маалыматтык жана телекоммуникациялык) аркылуу өздөштүрүүсүн камсыздоо.

4. Дистанттык түрдѳ билим алуу үчүн окуучулардын мүмкүнчүлүгүн текшерүү жана шарт түзүү үчүн (ѳзгѳчѳ аз камсыз болгон үй-бүлѳлѳрдүн балдарын) мониторинг жүргүзүү.

5. Дистанттык түрдѳ билим алуу үчүн аз камсыз болгон үй-бүлѳлѳрдүн балдарын сыналгы же уюлдук телефон менен камсыздоо боюнча жергиликтүү органдар жана демѳѳрчүлѳр менен иш алып баруу.

6. Болгон билим берүү платформаларын пайдалануу аркылуу жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартын аткарууну жана кайтарым байланышты камсыздоо.

7. Окуучулардын окуу программаларын дистанттык билим берүү технологиялары (маалыматтык жана телекоммуникациялык) аркылуу өздөштүрүүсүн камсыздоо боюнча мугалимдер үчүн вебинарларды өткөрүү.

8. «Баластан» коомдук телерадио компаниясы, «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы жана башка каналдары аркылуу кѳрсѳтүүлүчү видеосабактарды жана мектеп окуучуларына арналган телекѳрсѳтүүлѳрдү кѳрүүнү камсыздоо.

9. Үй шартында дистанттык түрдө билим алуу боюнча ата-энелер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

10. Психологиялык кызматтарды жана «ыкчам байланышты» уюштуруу.

Окутуу дистанттуу түрдѳ жүргүзүүдѳ ата-энелердин милдеттери:

1. Балага дистанттык түрдѳ билим алуусуна шарттарды түзүү.

2. Балага билим алуусуна, окуу программаны өздөштүрүүсүнө кѳмѳк кѳрсѳтүү.

3. Телеканалдардан кѳрсѳтүлүүчү видеосабактарды жана окутуучу телекѳрсѳтүүлѳрдү кѳрүү үчүн балдарга шарт түзүү.

4. Мугалим менен белгилеген мөөнөттө жана убакытта кайтарым байланышка чыгуусун камсыздоо.

Бөлүшүү

Комментарийлер