САДОВОЕ АЙЫЛЫНДАГЫ САЛТАНАТ
- 02.09.2024
- 0
Чүй районундагы Садовое айылында жайгашкан №33 Иса Үкүев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебиндеги Билим күнү бул жолу эсте каларлык белгиленди. Анткени, мугалимдер жамааты, жалпы айыл эли, район жетекчилиги мектептин окуу кааналарын жабдууга салым кошкон демөөрчүлөрдү тосуп, зор сый-урмат көрсөтүштү.
Мектептин эң жаш мугалими Ырысбекова Канышай Ишеналы Арабаев атындагы КМУда сырттан окуйт. Былтыр күзүндө Садовое айылына келин болуп келген. Ал жаңы окуу жылынан баштап кайненеси Иманалиева Айымкүлдүн ысмындагы каанада химиядан сабак берет. Кайненеси — айылдык кеңештин депутаты, демөөрчү.
— Толкунданып жатам. Биринчи жолу сабак берем да — деди бизге жаш педагог.
Дегеле бул күнү жаш педагогдун эле эмес, жалпы айылдыктардын кубанычы тоодой болду.
— Мектепке биринчи жолу келип жаткан кичинекей балдар, силер кандай бактылуусуңар! Силердин ата-энеңер окуган тушта мектепте спорт залды бери кой, көп нерсе жок эле. Мугалимдер жетишчү эмес. Ар кайсы айылдарга, ар кайсы мектептерге барып, мугалимдерди чогултуп келгенбиз, — деп эскерди өткөндөгү күндөрүн билим уясынын 1979-1990-жылдардагы жетекчиси Шарипа Галиева.
Шарипа Галиеванын аракети менен типтүү мектептин курулушу башталса, элибиз үчүн эң кыйын өткөөл доордо, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары, тагыраак айтканда, 1997-жылы, айылдагы билим ордосунун эки кабаты чоң кыйынчылык менен бүткөрүлгөн экен.
— Ушул мектептин пайдубалын Шарипа эжей тургузса, мен директор болуп дайындалганда эки кабаты бүткөн экен. Анан биз үчүнчү кабаттын чатырын жаптырып, спорт залды бүтүргөнбүз. 18 жыл жетекчи болсом, ошончо жыл мектептин долбоорун бүтүрүүгө чуркадым, — деп белгиледи өз сөзүндө билим ордосунун кийинки жетекчиси Майрам Шаршеева.
Быйылкы 2024-2025-жаңы окуу жылын мичуриндиктердин мектеби 370 окуучу жана 24 мугалим менен баштап отурат. Иса Үкүев атындагы билим ордосунун азыркы мүдүрү Венера Касмалиева 2023-жылдын февраль айында директорлорду тандоо конкурсунан ийгиликтүү өтүп келгенден бери жамаатты жетектеп келүүдө.
— Директорлор сынагына чейин деле ушул жерде иштеп келгем. Мектептин түйшүгүнө башынан быштым десем болот. Бүгүн үчүнчү кабаттын жана Иса Үкүев атындагы музейдин ачылышына күбө болдук. Буга чейин бизде айылдыктардын арасынан 10 демөөрчү болсо, ошого дагы 14 демөөрчү кошулду. Алардын аракети менен үчүнчү кабатта дагы 11 предметтик каана жасалгаланды. Үкүев атанын урпактары атасынын музейине 250 миң сом сарпташты. Башка демөөрчүлөр да 50 миңден акчалай жардам беришти. Биз көп жетишпеген нерселерди демөөрчүлөрдүн жардамы менен чечкенди үйрөндүк. Министрлик да четте калбай, 12 комплект эмеректерди берди. Ушундай эле сандагы эмеректерди бизге Чүй айыл өкмөтү белек кылды. Андан сырткары, 250 миңге тосмо тосулду. Айыл өкмөтүнөн алынган 36 миң сомго көчөттөрдү отургуздук, — деди Венера Кемеловна.
Демөөрчүлүк аракеттин аркасында мезгил талабына ылайык жасалгаланган предметтик кааналардын арасында башталгыч класстын каанасы өзгөчөлөнүп турарын байкадык. Бул каанада башкалардай жалгыз демөөрчүнүн эмес, өмүрүн ушул мектепке арнаган маркум жубайлардын сүрөтү илинген. Жолдошу айыл өкмөтүн жетектеп турганда билим уясын ар убак каржылык жактан колдоп келсе, жубайы — Карачева Ырыс ушул мектепте 32 жыл жаш жеткинчектерге билим берип келгенин мындагы маалымат тактасынан окуп билдик.
— Ырыс Кадыркуловна бизде 32 жыл эмгектенди. Аябай эмгекчил, чыгармачыл мугалим болчу. Баарыбыздын устатыбыз, насаатчыбыз эле. Эжейдин уул-кыздары ата-энесинин жогун билдирбей, башталгыч класстар каанасын өз эсебинен жабдып беришти, — дейт мектеп директору биз менен коштошуп жатып.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер