САБАТТУУ ЖАЗУУ — МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕР ҮЧҮН СЫЙМЫК!
- 12.11.2024
- 0
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата жана Билим берүү жана илим министрлигинин “Мамлекеттик тилдин үч айлыгын жарыялоо жөнүндө” буйругун ишке ашыруу максатында министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлеринин кыргыз тилинин жазуу эрежелерин билүү деңгээлин аныктоо үчүн жат жазуу өткөрүлдү.
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык Мыйзамына ылайык, мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, кызматкерлердин туура, сабаттуу жазуусуна багыт берүү максатында Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери арасында өткөн жат жазуу иш-чарасы — сабаттуулук маселелерине көңүл бурууга жана сабаттуу жазуу маданиятын өнүктүрүүгө багытталган.
— Иш-чаранын максаты — Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлеринин арасында кыргыз тилинин жазуу эрежелерин билүү деңгээлин аныктоо. Ошондой эле мамлекеттик тилдин кадыр-баркын жогорулатуу аркылуу сабаттуу жазууну учурдун талабына айлантуу, кызматкерлерди мамлекеттик тилде сабаттуу жазууга багыттоо жана үндөө. Кыргыз тилинин жазуу эрежелерин мыкты билгендерди, ошондой эле кызматкерлердин арасынан жазуу кебинде кездешкен каталарды аныктоо, өз алдынча сабаттуулук деңгээлин жогорулатууга кызыгуусун арттыруу, — дейт министрликтин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Аркарбек Мамытов.
Жазылган тексттерге жашыруун код коюлуп, аны атайын түзүлгөн калыстар тобу тарабынан тыкыр текшерилип чыкты. Калыстар тобунун төрагасы Кыргыз билим берүү академиясынын Филологиялык билим берүү лабораториясынын башкы илимий кызматкери Сулайман Рысбаев, мүчөлөрү — И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Акылбек Шаршенбаев, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Окуу-маалыматтык борборунун директору Карлыгач Жумакадырова, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин доценти Гүлзада Станалиева жана “Кут Билим” гезитинин мектептер бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Алыбаева текшерүү учурунда жат жазууда кызматкерлердин көбүнчөсү созулма үндүүлөр, йоттошкон сөздөрдөн одоно ката кетиргендерин белгилешти. Эми сектор башчысы ар бир кызматкерге өзүнүн жат жазуу ишин көрсөтүп, кийин ката кетирбеш үчүн кыргыз тилинин жазуу эрежелерин көрсөтүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Мындай иш-чара кызматкерлердин сабаттуу жазуусун жогорулатмакчы.
12-декабрда жат жазуунун мыктыларына сыйлыктар тапшырылат. 1-орунга сканер, диплом; 2-орунга планшет, диплом; 3-орунга телефон, диплом ыйгарылат. Эки кызыктыруучу сыйлыкка китеп, диплом берилет.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер