САБАКТЫН 5Е МОДЕЛИ — СТЕМДИК ОКУТУУГА  НЕГИЗГИ  ТАЯНЫЧ

  • 15.01.2025
  • 0

(STEMдик компетенцияларды калыптандыруунун 5 этабы)

2025-жылдын 14-январында Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн алдындагы окуу-усулдук кабинеттин башчысы Т.К.Орозова тарабынан STEM предметтеринин мугалимдерине «Сабактын 5Е модели — стемдик окутууга негизги таяныч» деген темада шаардык усулдук семинар өткөрүлдү.

САБАКТЫН 5Е МОДЕЛИ — СТЕМДИК ОКУТУУГА  НЕГИЗГИ  ТАЯНЫЧ

Семинар STEMдик компетенцияларды калыптандыруунун 5 этабы менен тааныштырып, STEM сабактарын өтүүдө «Санарип кампаны» максаттуу пайдалануу, сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу жолдорун карап чыкты.

Сабактын 5E модели — бул окуучуларга билимди натыйжалуу өздөштүрүүгө жардам берүүчү заманбап окутуу ыкмасы.
Бул модель Джозеф Байбоп (америкалык окмуштуу, бул модель BSBS уюму тарабынан 1987-жылдан бери колдонулуп келе жатат) тарабынан иштелип чыккан. Алгач, өзгөчө илимге багытталган сабактарда колдонулган, учурда бардык эле предметтерге кеңири колдонулуп келе жатат, себеби ал конструктивдик (“конструкция” –куруу дегенди билдирет б.а. өз билимине таянып, жаңы билимди куруу, өздөштүрүү) окутуу теориясына негизделген жана активдүү, өз алдынча билим алууга багытталган.
Джозеф Байбоп  “Мугалим түшүндүрөт, окуучу угат” моделинен баш тартып, табигый илимдерди окутууда окуучуларга өз алдынча изилдөө жүргүзүүгө, практикалык тажрыйбаларды колдонууга жана логикалык ойлоосун өстүрүп, өз алдынча жыйынтык чыгарууга басым жасайт.
5Е Модели билим алууда окуучунун кызыгуусун, изилдөөчүлүк жөндөмүн жана билимди өз алдынча өздөштүрүүсүн арттырууга багыттайт. Бул модель беш негизги этаптан турат:

1Е- Engage — Вовлечение — Кызыктыруу
2Е- Explore — Исследование — Изилдөө
3Е- Explain- Объяснение — Түшүндүрүү
4Е- Elaborate — Углубление — Кеңейтүү
5Е- Evaluate-  Оценка — Баалоо.

Стемдик окутууда колдонуучу “Санарип кампа” ушул 5Е моделинин негизинде түзүлгөнүн байкоого болот. Себеби санарип кампада темага ылайык сабактын планы, видео-материал, презентация, 3D модель (кызыгуу жаратат), симулятор (реалдуу шарттарда тажрыйба жасоо- үйрөнүү), көнүгүү (баалоо учурунда тесттик иштер, кроссворд, аналетикалык ой -жүгүртүү ж.б.), инфографика (татаал маалыматтарды тез жана оңой кабыл алууга шарт түзүү — сүрөттөр, анимациялар, графика ж.б.), электрондук китеп да берилген.
СТЕМ мугалимдери учурдагы билим берүүнүн өзгөрүү жолунда бирден -бир «12 жылдык окутуу концепциясын» жүзөгө ашыруучулар, өзгөрүүнү өзүнөн баштаган креатив педагогдор. Ошентип, бул күнү семинардын катышуучулары Сингапурдук окутуунун жаңы «5Е моделин» үйрөнүү менен  усулдук куржундарын дагы бир ирет толуктап кайтышты.

Ү.ЭГИЗБАЕВА, Кара-Көл шаары

Бөлүшүү

Комментарийлер