С. ЖАПАРОВ: «АТА ЖУРТТУН БАШЫНА КҮН ТҮШСӨ ЫНТЫМАК МЕНЕН БИРИМДИКТИН КҮЧҮ КАНДАЙ БОЛООРУН ААЛАМГА СЕЗДИРЕ АЛДЫК»

  • 19.09.2022
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн 2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу конфликткке байланыштуу Кыргызстандын элине кайрылуу жасады. 

Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

“Кадырман калайык-журтум!

Кымбаттуу мекендештер! 

Ата Журттун башына кыйынчылык келсе бир муштумдай бириккен бийик наркы бар эл экенибизди ар дайым далилдеп келатабыз. Манас атабыздын каны каныбыз менен бирге айланып турганда, биздин элдин бул наркын эч ким буза албайт! Ата Журттун башына күн түшсө ынтымак менен биримдиктин күчү кандай болоорун ааламга сездире алдык.

Мекен чегин коргоо – ары жооптуу, ары сыймыктуу ыйык милдет. Ошентсе да, эр жигиттерибиз эл-жеринин чегин коргоп жатып, кандары забын болгонуна ар бирибиздин жүрөгүбүз сыздап турат. Курман болгон жоокерлерибизди жарык дүйнөгө алып келип, Кыргыз жерин жанындай сүйүп, ага өмүрүн берүүгө даяр кылып тарбиялап өстүргөн энелерге айтаарым, сиздер чыныгы баатыр уулдарды төрөгөн экенсиздер, сиздерге башымды ийип таазим кылам. Алардын ар биринин эрдиги Кыргызстан элинин эсинде түбөлүккө сакталат.

Мекен чегин коргоп, курман болгон ар бир жоокердин ата-энелери менен жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Кайрат кылыңыздар! Баатыр уулдарыбызга бүгүн бүт Кыргызстан эли башын ийип таазим кылып, аза күтүү менен бирге чын дилдеринен ыраазы болуп сыймыктанышууда.

“Эр жигит эл четинде, жоо бетинде” дейт, керек болсо, ар бир эр жигит Ата Журт үчүн канын-жанын аябаган деген мына ушул эмеспи. Ушундай азамат уулдарыбыз турганда биздин чекти эч ким буза албайт. Биз буга бекем ишенебиз.

Алардын артында калган үй-бүлөсүнүн, балдарынын келечегин мамлекет мойнубузга алабыз.

Баткен чек арасындагы кандуу кагылышууну укканда, чыдамы кеткен ар бир атуулубуз баскынчылардын мындай жоругуна кайдыгер эмес экендиктерин билдирип чыгышты. Республиканын бүткүл аймагынан мекендештерибиз жеке демилгелери менен ар кандай жардамдарды уюштуруп, Баткенге жөнөтүшүүдө. Элибиздин мындай урагыс биримдигине таазим кылам!

Мындай учурда бардык мамлекеттик органдар күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, каран күнгө кабылган мекендештерибиздин оорун колдон, жеңилин жерден алып, жай турмушту калыбына келтирүүнүн камын көрүшүүдө.

Кудайга шүгүр, казынабыз да куру эмес. Жоокерлерибизди жана кырдаалга байланыштуу, жер которгон элибиздин муктаждыктарын толук камсыз кылууга мамлекетибиздин күчү жетет.

Мындан эки эле жыл мурда армиябызда курал жарак, ок-дары жетишсиз, атүгүл жоокерлерибизди кийген кийими да эски болсо, бүгүн андай эмес. Армиябыз барган сайын ар тараптан күчтөнүп, катылгандын катыгын берүүгө моралдык жактан да, материалдык жактан да жетилип барат.

Кагылышууда талкаланган, күйгөн үйлөрдү чукул арада кайра курууга да мамлекетибизде каражат бар. Арадан аз убакыт өтсө да белибиз бекемделип калды. Буга ички да, тышкы да душмандарыбыздын тынчы кетүүдө.

Бүгүнкү күндө чек ара мейкиндигинде ажал бүрккөн ок атышуу токтогону менен интернет мейкиндигинде чагымчыл сөздөр жаңырууда. Мындай чыр-чатактын чекесин кыйытып, элдин аң-сезимин бурмалоого багытталган кеп-сөздөр белгилүү бир максатта – меймандос элибиздин карым-катышта болуп, кызматташып келе жаткан өлкөлөр менен болгон мамилесин суутуп, алардын ортосуна от жагууга багытталганын эсибизден чыгарбашыбыз кажет!

Урматтуу кыргызстандыктар, ата-бабаларыбыз эзелтен сөз баккан эл. Интернет желесинде аралаган чагымчыл маалыматтарды ылгай билели. “Ачуу душман – акыл дос” дейт, ачууга алдырып, божомолдонгон, такталбаган маалыматтарга ишенип, ортого от жаккандардын торуна түшүп калбасаңыздар. Жүзү кара чагымчылдардын тилине кирип, стратегиялык өнөктөш, дос өлкөлөрдүн, бизге тилектеш элдердин дарегине жөн жерден жалаа жаап албайлы.

Мындай коогалаңдуу шартта бир гана расмий органдар тарабынан берилип жаткан малыматтарга гана ишениңиздер деп үндөп кетер элем. Себеби азыркы учурда чек ара коопсуздугу, маалымат коопсуздугу – баары тыкыр көзөмөлдө.

Мамлекетибиздин чек араларына байланыштуу талаштуу маселелер акырындык менен чечилип келе жатат. Өзүңүздөр билгендей, буга чейин Өзбекстан Республикасы менен чектешкен аймактардагы чек араларыбыз толук чечилип, расмий түрдө документтештириле турган маселе гана калды. Бүгүнкү күндө жалгыз гана Тажикстан Республикасы менен чектешкен жерлерибиз такталбай, көйгөй жаратып келүүдө. Биз кыргыз-тажик чек арасын бир гана тынчтык жолу менен ыкчамдатып чечүүгө аракетибизди токтотпой улантып жатабыз.

Дагы бир айта кетүүчү жагдай, Баткенге барабыз деген жигиттер, жаштар сабыр кылыңыздар. Мамлекеттин аскер дараметин мурдагыдай көрбөңүздөр. Кудайга шүгүр, армиябыздагы абал бүгүн башка. Чек арабызды бузгусу келгендерге толук жооп берүүгө жараган эр-азаматтарыбыз, күч-кубатыбыз бар, жетиштүү. Мекен чегине басып киргендер өз жазаларын катуу алышканы буга далил. Жалпы элибизден сураныч, ички ынтымакты кармап, биримдигибиз менен мамлекеттик бийликтин, аскер күчтөрүнүн аракетин колдоп бериңиздер.

Кадырман калайык-журтум! Бир болсок, ынтымактуу болсок баардык кыйынчылыктарды жеңип чыгабыз.

Ынтымагыбыз чыңдалып, биримдигибиз бекемделе берсин! Кан Манастын тукумубуз деген демибиз өчпөсүн! Сүйүктүү Кыргызстаныбыздын асманы ачык, Баткен жергесинде дайыма тынчтык болсун!”.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер