СӨЗ АТАСЫ ӨЛБӨСҮН
- 02.12.2022
- 0
Оратордук искусство эмне үчүн керек?
Адамдын сүйлөө чеберчилиги, күнүмдүк пикир алышуусунан тартып карьералык өсүштөрүнө чейин зор роль ойнойт. Ачык, так, түшүнүктүү, таасирдүү сүйлөп, сөздү кынаптай тизип, сүйлөмдөрдү иреттеп маектешкен адам көп ийгиликтерге жетет. Айтайын деген оюн, пикирин эркин, туура багыттап, жеткире сүйлөп жыйынтыктайт. Бул сөз менен иштөө тарабы. Ал эми эл алдында сүйлөп, көңүл борборунда болууга сөздүн өзү эле жетишсиздик кылат. Сөздүн таасирин ого бетер күчөтүп турган вербалдык эмес кыймыл-аракеттер болушу зарыл. Тулку-бойдун, баскан-тургандын, кол кыймылдардын, көз байланыштардын, үн ыргактарынын тууралыгын камтыган көп тараптуу системалуу эрежелер бар.
Оратордук искусство – риторикага негизделген, сөздөрдү эффективдүү колдонулушун үйрөткөн көп багыттуу, көп тармактуу илим. Риторика – көркөм сөз өнөрү. Сөз аркылуу адам өзүнүн ой-пикирин билдирет.
Оратордук искусствонун өзөгү ынандыруу, башкача айтканда, маңдай-тескей турган адамды өзүңдүн оюңа ынандыра билүүдө. Ал эми сөздү бышыктап турган бул – факт. Сөздү аргумент, чындык, далилдер менен толуктап, логикалык түшүндүрмө берип турганда сөз күчүнө кирет. Сөздү жөн эле көркөмдөп, узартып сүйлөй берүү таасирин азайтат. Угуп турган адамды тажатып жиберет.
Кыргыз эли «Өнөр алды кызыл тил», «Сөз баштаган эл баштайт», «Айтылган сөз, атылган ок» деп тегин жерден айткан эмес. Адамдын сөзү анын куралы. Сөз үйрөнүү өзүнчө чоң эмгек. Сөз байлык жарды болгондо, адамдын коомдогу таасири азайып, сөздүн таасири жоголот. Оратордук искусство илиминин башкы принциптеринин бири, сөз аркылуу таасир этүү, сөз менен ынандыруу десек болот. Сөз эмне үчүн даярдалат, кимдер үчүн айтылат, аягында кандай жыйынтык алат маселе ушунда.
Оратордук искусство илими адамга сүйлөөнүн жол-жобосунан сырткары, адамдын психологиялык-эмоциялык абалын да түздөөгө жардам берет. Жашоодо адамдар өзүнө жолтоо болгон мүнөз, сапат, адаттар менен өмүр бою күрөшөт. Тубаса уялчаактык, тартынчаактык, чечкинсиздик жана башка бир нече терс мүнөздөрүн жойгусу келет. Айталы, табиятынан ашыкча эмоциялуу адамдар туура сүйлөшүүгө бир аз жөндөмсүз келишет. Андай мүнөздөгү адамдар коммуникацияда эмоция менен гана чектелип калат.
Чечендик өнөр – бул кооз, шыктандырып, ынандырып сүйлөөнүн бир гана багыты. Оратордук искусство сырларын, ыкмаларын өздөштүрбөй туруп, чечендик менен коммуникация жүргүзүүнүн жыйынтыгы азыраак. Сөз аркылуу таасир этүү, сөз менен ээрчитүү, сөзгө келтирүү, сөз менен максатка жетүүнүн негизги жолдору оратордук искусство илиминде толук камтылган.
Акыркы жылдары коомубузга “Тренинг” деген түшүнүк кирип, ар кыл багыттагы окуу курстары кеңири кулач жайды. Тренинг – кайсы бир багытты үйрөнүүдөгү системалуу машыгуу. Башкача айтканда, убакытты өтө көп талап кылбаган, аз эле убакыт ичинде өздөштүрүүгө мүмкүн болгон интенсивдүү, практикалык сабактар.
Сахиба Кадырова, журналист, оратордук чеберчилик боюнча тренер. Москва Риторика жана Оратордук чеберчилик боюнча университеттин Кыргызстандагы тренер-лицензиаты. КМШ өлкөлөрүнүн тренерлер ассоцияциасынын мүчөсү
Оратордук искусство кимдерге керек?
Дээрлик баарына. Буга чейин оратордук чеберчилик курстарында көбүнесе бизнес чөйрөсүндөгү адамдар жана саясатчылар окуп келишкен. Азыркы мезгилде студенттерден баштап, мамлекеттик кызматкерлер, мекеме-ишкана жетекчилери, сот, прокурорлор, менеджер-сатуучулар, педагог-окутуучулар, дарыгер дегеле эл менен иштеген тармактагы адамдар окуп башташты. Негизинен эл алдында эркин сүйлөө, уялчаактык сезимин жоюу, сөздүн структурасын түзүү, кагаз карап, текст менен туура иштөө темаларына талап күч.
Ар бир адамдын өзүнө байкала бербеген көп мүмкүнчүлүктөрү бар.
Адамдын сөзүнөн анын ким экенин, жөндөмүн, артыкчылыктарын байкоого болот. Тактап айтканда, коммуникациялык ресурстарын биле алабыз.
Социалдык коркуу – бул адамдагы тартынчаактык, уялчаактык, толкундануу, сүрдөө ж.б сезимдери. Адамдын жашоосундагы эң негизги тоскоолдуктардын бири ушул. Социалдык коркууну жеңбей туруп, алдыга жылуу мүмкүн эмес. Мисалы, адам башка бирөөгө оюн ачык айткандан чочулайт же тартынат. Өз убагында айтылбай калган сөз, ой-толгоосу адамды алсыратып, чарчатат. Өзүн жек көрүп, кемсингендей абал пайда болот. Коркуу сезими күчөгөн сайын ийгиликке бөгөт болот.
Жетекчилер көп учурда жыйында, чогулушта, трибунада, аудиторияда, масштабдуу эл алдында кагаз же планшет карап сүйлөшөт. Андай учурда тексттин мааниси экинчи планга өтүп, аудиториянын кызыгуусу төмөндөйт.
Биринчиден, сүйлөп жаткан адамда аудитория менен көз байланышы дээрлик болбойт. (Канча секунд кайсы тарапты тиктөө, элдин реакциясын билүү ж.б.)
Экинчиден, вербалдык эмес байланыштары токтоп калат. (Кол кыймылдары, дене бойду туура кармоо, ар түрдүү жест, жаңсоо ж.б.)
Үчүнчүдөн, үндү тууралап сүйлөө, үндү башкаруу функциясы алсыздайт. Монотондуу формага өтөт. (Энтигүү, үндүн басаңдашы, чыйылдап калуу, катуу кыйкырып сүйлөө ж.б.)
Сөз байлыгы жарды, оюн толук, жөндөп түшүндүрө албаган адамдар арабызда көп. Алардын дарамети жөнөкөй эле сүйлөшүүдө байкалат. Сүйлөп жатканын угасыз, бирок сиз анын оюн толук түшүнө албайсыз. Сөзүн улам кескилеп атып, айтайын деген сөзүн аягына чыкпай калат. Суроо үстүнө суроо жаадырып, сүйлөшүүнү аяктайсыз.
Иш тажрыйбамдан улам, көпчүлүк жетекчилик кызматтагы адамдардын айрым суроолорго жооп берүүдөн чочулап турарын көп байкайм. Бирок кандай гана татаал суроо болбосун, ынанымдуу жооп берүү бул техникага байланыштуу. Публикада мыкты сүйлөй алган адамдар, татаал, интригалуу суроолорго атайын даярданышат. Ал эми күтүүсүз суроолорго жооп берүү үчүн да машыгыш керек.
Айталы, сизге манипуляция (жазгыруу) өңүтүндө суроо берилди:
Адатта, иш берүүчүлөрдүн көпчүлүгү биринчи кезекте, жумушка кабыл алынуучу адистердин оозеки коммуникациясына маани беришерин айтышат. Башкача айтканда, сиз маңдайыңызда турган болочоктогу жетекчиңизди канчалык деңгээлде ынандыра аласыз? Бул үчүн коммуникация өтө маанилүү.
Жаштар арасында сурамжылоо жүргүзгөндө, дээрлик көпчүлүгү калың элдин алдында сүйлөгөндөн сүрдөй тургандыктарын айтышкан. Сүрдөө, коркуу сезими адамдын кызматтык өсүшүнө таасирин тийгизет.
Эл алдында сүйлөгөндөн корккон адамдар, бүт жактан кишенделген бойдон жүрө берет. Карьералык өсүү үчүн эл көзүнө көрүнүп, коомдо активдүү болуш керек. Кызматтык тепкичтен өскүсү келген адамдар ар убакта демилгелүү болушу зарыл. Эл алдында сүйлөгөндү билген адам көп ийгиликтерди багындырат.
Ашыкча уялчаактык абдан кеңири тараган көйгөй. Уялчаактык – жөнөкөй сүйлөшүүгө да тоскоол жаратчу маселе. Сүйлөшүүдөгү коркуу, тартынуу, уялчаактык сезимдери бул – олуттуу социологиялык фобия. Уялчаактык ички дүрбөлөңгө алып келет. Ар дайым адамды артка чегинтип турат. Жаңы адамдар менен таанышууга, жаңы чөйрө курууга абдан тоскоолдук жаратат.
Өзүңүздүн оюңузду, пикириңизди талкуулоого үйрөнүңүз. Ал үчүн сиз өзүңүзгө жөңөкөй эле суроолорду берип, талдап көрүңүз. “Эркиндик деген эмне?”, “Башкаларга эмне үчүн жардам берүү керек?” ж.б. Мындай машыгуу сиздеги логикалык ой-жүгүртүүнү өнүктүрүп, интуициялык аң-сезимди өрчүтөт. Аң-сезим козголмоюн, сиз жаңы нерселерди өздөштүрүүгө багыт ала албайсыз.
Өзүңүздү өнүктүрүүгө эч убакта кеч болбойт.
Комментарийлер