С. БАЛТАБАЕВ: “КҮНДӨЛҮК” АВТОМАТТЫК МААЛЫМАТ СИСТЕМАСЫ – ДИСТАНТТЫК ОКУТУУГА ЭҢ ЫҢГАЙЛУУ, ЭҢ ЖЕҢИЛ ПРОГРАММА

  • 13.04.2020
  • 0

Кыргызстанда төртүнчү чейрек бүт республика боюнча дистанттык форматта башталды. Ошону менен эми мектептерди электрондук мектеп, санарип мектепке трансформация кылуу  процесстери ыкчамдай турган болуп калды. Мектеп мугалимдери ар ким билген же колу жеткен технологияны пайдаланууда. Бирок эксперттер сырттан келген программаларга караганда  Кыргызстандын өзүндө иштелип чыккан, өзүбүздүн билим берүү өзгөчөлүгүбүзгө туура келген программмаларды пайдаланууга чакырышууда. Мисалы, Кыргызстандын өзүндөгү «Edugate» компаниясы иштеп чыккан “Күндөлүк” автоматташкан маалымат системасы мектептерге жете баштаганына аз эле болду. Авторлордун айтымында аны мектепте аралыктан сабак берүүгө гана эмес, окуучулар менен кайтарым байланышты жүргүзүү, алган билимдерин текшерүү, баалоо, көзөмөл кылуу, айтор бүтүндөй окуу процессин электрондук башкарууну камсыз кылганга толук жарактуу программа экен. Аны иштеп чыккан программисттердин жетекчиси Сагындык Балтабаев менен маегибиздин темасы дагы атамекендик программалардын артыкчылыгы жөнүндө болду.

С. БАЛТАБАЕВ: “КҮНДӨЛҮК” АВТОМАТТЫК МААЛЫМАТ СИСТЕМАСЫ – ДИСТАНТТЫК ОКУТУУГА ЭҢ ЫҢГАЙЛУУ, ЭҢ ЖЕҢИЛ ПРОГРАММА

— “Күндөлүктү” биз былтыр жасап бүткөнбүз. Азыр Кыргызстанда он мектепте иштеп атат. Анын артыкчылыктарын иретин менен айтып берейин. Биринчиден бул мобилдүү. Мугалимдин мобилдик телефону бар болсо, телефондо интернет болсо, бул система иштей берет. Системанын ичинде электрондук жадыбал, электрондук журнал, электрондук күндөлүк — баары каралган. Мугалим телефон аркылуу өзүнүн расписаниесин көрө алат, сабакты басат. Темасы бар болсо, аны таап, жок болсо плюс менен эле теманы кошуп, ошол теманын ичинде эмне кылыш керек, ошонун баарын жазып, керектүү файлдарды кошуп, Ютубдан же башка бир ресурстан видеолордун ссылкаларын кошуп, баарын бир тема кылып сактап бүткөндө, ошол замат анын баары окуучулардын телефондоруна кетет. Окуучу өзүнүн сабагына киргенде, “Мен келдим” деген функциясы бар, ошону басып, мен сабактамын деп билдирип, видеолорун көрүп, презентацияларын карап, бүт материалдарын көрө алат.

Андан кийин мугалим тест жиберген болсо, ошол тестти да өтүп, тийиштүү баллын алат. «Күндөлүк» дароо эле аны текшерип, баллын эсептеп берет. “Бул балаңыз мынча суроого жооп берди, мындай балл алды, ошондуктан баа коюп бериӊиз” деп система сурайт. Ошондо мугалим өзү баа коюп, сабак дистанттык режимде өтөт.

С. БАЛТАБАЕВ: “КҮНДӨЛҮК” АВТОМАТТЫК МААЛЫМАТ СИСТЕМАСЫ – ДИСТАНТТЫК ОКУТУУГА ЭҢ ЫҢГАЙЛУУ, ЭҢ ЖЕҢИЛ ПРОГРАММА

Бул мугалим баланын тапшырмасын текшерип, баа койгонго эле эмес, окуучулар менен байланышып сабак өткөнгө да мүмкүнчүлүк берет экен. Бирок азыркы учурда биздин мугалимдерге коюлган эң башкы талап окуучулар менен кайтарым байланышты жүргүзүү жөнүндө болуп жатат. Ошол талапты аткарганга кандай мүмкүнчүлүгү бар?

— «Күндөлүктүн» ичинде мугалим окуучулар менен кат алышып, байланышып турган чат бар. Мугалим WhatsAppтан ар бир классты чатка киргизип отурбай, журналдын ичинде ар бир класстын өзүнүн чатын пайдаланса болот. Ал жерде окуучулар бир нерсени түшүнбөй, суроолорун жазса, мугалим ошол чаттан эле жооп бере алат. Анын баарын ата-эне да көрөт, сабакты кандай өткөрүп атат, бала кандай баа алганын, кандай үй тапшырма берилгенин көрүп турат. Ошол жактан да контроль бар. Мугалимдин да жоопкерчилиги кичине чоӊоёт.

Бул толук кандуу дистанттык сабактын дал өзү деп ойлойм. Биз өзүбүз деле билген эмеспиз ушуга келерибизди. Анткени, биз башында жөн эле электрондук журнал деп эле жасаганбыз, анан мектептер өздөрү суранышты, мындай функцияны киргизсек болобу, мындай кылсак болобу деп. Биз, айтишниктер, алардын айткандарын тез эле киргизип койдук. Натыйжада мектеп мугалимдерине ыңгайлуу, окуу процессин мектеп боюнча уюштурууга жана башкарууга, баалап, жыйынтыгын чыгарууга мүмкүнчүлүк берген өзүнчө бир ыңгайлуу программа болуп калды.

С. БАЛТАБАЕВ: “КҮНДӨЛҮК” АВТОМАТТЫК МААЛЫМАТ СИСТЕМАСЫ – ДИСТАНТТЫК ОКУТУУГА ЭҢ ЫҢГАЙЛУУ, ЭҢ ЖЕҢИЛ ПРОГРАММА

С. БАЛТАБАЕВ: “КҮНДӨЛҮК” АВТОМАТТЫК МААЛЫМАТ СИСТЕМАСЫ – ДИСТАНТТЫК ОКУТУУГА ЭҢ ЫҢГАЙЛУУ, ЭҢ ЖЕҢИЛ ПРОГРАММА

Азыр он мектепте долбоор ишке аша баштады деп айтпадыңбы. Ошол мектептерде мугалимдер, мектеп жетекчилери ошол программаны канчалык бат өздөштүрүп алышты? Айыл жериндеги мугалимдердин компьютердик сабаты абдан төмөн эмеспи. Ошон үчүн министрлик мугалимдер окуучулар менен кайтарым байланышты камсыз кылыш үчүн кыйналбаган жеңил жолдорун тандоону сунуш кылып жатпайбы.

— Биздин программа үйрөнүүгө да, колдонууга эң жеңил жана мектеп үчүн абдан ыңгайлуу. Биз бул программаны Нарын, Кочкор райондорундагы он мектепке киргизгенбиз. Башында кыйынчылыктар болбой койгон жок, себеп дегенде кээ бир мугалимдерде телефону жок, кээ биринде компьютер жок дегендей. Бирок директор түшүнүп, иш баштаса эле иш шыр кетет. Анткени бул системаны мугалимдер үчүн жеңил, оңой болсун деген философия менен жасаганбыз.

Мугалим WhatsApp колдоно алса, анда бул күндөлүктү да колдоно алат. Анткени, абдан оңой функционалдуу системаны түзгөнбүз. Системаны киргизгенден эки жумадан кийин мугалимдер кадимкидей колдонуп, көнүп калышты. Кийин отчеттор чыгып баштаганда, алар сүйүнүп, биз бул отчетторго үч- төрт күн коротчу элек, журналды санап, а бул жерде бүт даяр экен да, биздин ишибиз баа коюп, теманы койсок, отчеттор баары даяр болот экен деп калышты. Азыр күндөлүк жакшы экен деп колдонуп атышат.

Мугалимдин ишин жеӊилдетет турбайбы. Бул жерде жанагы отчеттуулук дегенди тактап кетели. Мисалы үчүн мугалимдердин ар бир окуучуга койгон бааларынын чейректеги көрсөткүчтөрү, андан кийин жалпы класстын жетишкендиктеринин баардыгын ошол электрондук программа өзү автоматтык түрдө эсептеп, даяр кылып коет экен да, туурабы?

— Ооба, так ошондой.

С. БАЛТАБАЕВ: “КҮНДӨЛҮК” АВТОМАТТЫК МААЛЫМАТ СИСТЕМАСЫ – ДИСТАНТТЫК ОКУТУУГА ЭҢ ЫҢГАЙЛУУ, ЭҢ ЖЕҢИЛ ПРОГРАММА

Ошол жагынан бул мугалимдер кайра эсептеп отурбай, автоматтык режимде өзү эсептеп, өзү көрсөтүп тургандыгы үчүн мугалимдер үчүн чоң жеӊилдик болуп атат. Силердин программаны колдонуп жаткан мектептер 8-апрелден башталган төртүнчү чейректи аралыктан окутууну кандай алып барып жатышат?

-Мектептин директорлоруна байланышка чыгып сурап атабыз. Биринчи жолу дистанттык сабак болуп атканына байланыштуу кичине кыйналбай коюшкан жок. Бирок биздин күндөлүктү көрүп, аны эӊ оӊой жол деп жатышат. Анткени бул жерде бүт баары  даяр. Аны мугалимден башка завуч менен директор да көрө алат. Кайсы мугалим иштеп атат, кайсы мугалим иштеген жок. Кайсы класстарда кандай сабак өтүп атат, ошонун баарын бүт телефон аркылуу көрө алышат.  Мен сураганда жакшы иштеп атышат деп айтты. Башка тиркеменин, WhatsApp дагы кереги жок, «Күндөлүктү» эле колдонуп дистанттык окуу кылса болот экен дешти.

Бул керек болсо мектептеги окуу процессин аралыктан жүргүзүп, аны өзү көзөмөлдөп, текшерип турган электрондук башкаруу механизми болуп жатпайбы. Ошол жагынан мугалимдерге, мектептегилерге, башкаларга ыңгайлуу экен. Эми аны башка мектептерге жайылтуу планы кандай ишке ашат?

— Биз Билим берүү министрлигинен февралда аттестациядан өтүп бүткөнбүз. Башка мектептерге жайылтуу иштери башталып-башта электе эле карантин башталып калды. Ошондон кийин биз азыркы кыйын шартты эске алып, мектептерге бекер берели деп чечтик. Аны жактырган мектептер колдоно беришет, жакпаса башка системаны алышат. Биз бул системаны өтө деле реклама кылган жокбуз. Анткени убакыт деле болгон жок.  Көп убактыбыз аны жаӊылап, мугалим, директорлорго ыңгайлуу кылганга кетип жатат.

С. БАЛТАБАЕВ: “КҮНДӨЛҮК” АВТОМАТТЫК МААЛЫМАТ СИСТЕМАСЫ – ДИСТАНТТЫК ОКУТУУГА ЭҢ ЫҢГАЙЛУУ, ЭҢ ЖЕҢИЛ ПРОГРАММА

Мектепте «Күндөлүк» системасы менен машыгуу учуру

Буга чейин электрондук күндөлүк деп кээ бир мектептерде ар кандай долбоорлор ишке ашып жатканын билебиз. Силер иштеп чыккан программанын принципиалдуу айырмачылыгы эмнеде?

— Ооба, азыр көбүнчө мектептерде ушундай долбоорлор киргизилген.Алар көбүнчө Россиянын системаларын, кээ бирөөлөр Словакиянын программаларын алышкан. Бирок бул жерде бир олуттуу көйгөй бар экенин айта кетпесек болбойт. Мектептер колдонуп жаткан программаларда балдардын аттары, даректери, кайсы класста, ата-энеси ким, бүт жеке маалыматтары жазыларын эстен чыгарбайлы. Анан сырттан келген программалар менен жеке маалыматтар чет өлкөгө кетип калбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан биздин бул жерде чоӊ айырмачылыгыбыз бар. Биздин «Күндөлүк» автоматташкан маалымат системасы — эң биринчи эгемендүү жана санарип. Биз сырттан келген программаларга ишенбей, ошондуктан өзүбүздүн программаларды иштеп баштадык.

Жалпы функция жагынан дагы биздин долбоор өзүбүздүн билим берүү системабызга туура келет. Анткени  Россия, Словакиянын системалары 100 баллдык баалоо менен жасалган. Биздин системада 5 балл каралган. Бул бүтүндөй Кыргызстанга ыӊгайлуу система.

Бөлүшүү

Комментарийлер