РУХИЙ МЕЙКИНДИГИБИЗДИ КЕҢЕЙТЕЛИ

  • 11.01.2018
  • 0

Лейлектик чыгармачыл мугалим, «Кут Билимдин» мыкты авторлорунун бири Тайир Аширбай менен Жолдош Турдубаевдин маегин окурмандарга сунуштайбыз.

— Элеттик мугалим Тайир Аширбай азыркы учурда эмне менен алектенип жатат болду экен?

— Мен азыр айылдык окуучуларга сабак берем, убакыт таап, чыгармачылыгымды да улантып келем. Куштун эки канаты болгондой, менин бир ишим сабак берүү, экинчиси – адабият, ыр жазуу. «Ачылыш» деген ыр жыйнагым жарык көрдү. Азыр «Тирүү ыр» деген дагы бир жыйнагымды даярдап койдум. Балдарга арналган «Бөбөк кыш» деген ыр жыйнагым, ушундай аталыштагы поэмам турат. «Тайирдин таалим ойлору» деген педагогикалык-публицистикалык эсселеримди да топтоштуруп койдум. Жакында Ж. Бөкөнбаевдин өмүрүнө, чыгармачылыгына арналган «Жоомарт» аттуу жаңы поэманы жазып бүттүм.

Ыр жазганда эмнелерге басым жасайсың?

— Көпчүлүк акындар тема тандап ыр жазышат, мен болсом категория тандайм (мисалы, сагынуу, өкүнүү, көрө албастык, наадандык).

— Демек, философиялык деӊгээлге чыкканга аракет кылат турбайсыӊбы?

— Ооба. Мисалы, «кечиктим» дебей, «кечигүү», «сагындым» дебей «сагынуу» деп сөз баштайм.

Албетте, убактымдын жетишинче китеп окуйм. Миӊ жылдык тарыхы бар өзбек адабиятын жаш кезимден бери окуп келем. Алишер Навоини өзгөчө барктайм. Анын чыгармаларын өзбектин белгилүү акыны Аман Матжон «Миӊ бир ёгду» («Миӊ бир нур») аттуу кара сөз менен жазылган чыгармасында тереӊ ачып берген.

— Навоинин чыгармалары эски түрк тилинде жазылган эмеспи. Анын айрым саптарын азыркы өзбектер да жакшы түшүнбөшү мүмкүн. Сен түп нуска текстин окудуӊбу же азыркы адабий тилдегисинби?

— Азыркы тилдегисин таап окудум. Бирок, айрым сөздөрдү эскиче жазылышы менен беришиптир. Мисалы, «анын», «анда» деген сөздөрдү азыркы өзбек тилинде «унинг», «унда» деп жазат, а Навоинин китебинде эскиче «аниң», «анда» деген варианты сакталган. Буга окшогон мисалдар кыргыз жана өзбек тилдери мурда азыркыдан кыйла жакын болгондугун көрсөтүп турат.

Атактуу табып, ойчул, философ Ибн Синанын «Тиб конунлари» («Медицина мыйзамдары») деген үч томдук эмгегин өзбек тилинде окудум. Бул тилдеги тексттерди мен кыргызчадай эле эркин окуйм, эч кыйналбай түшүнөм.

Казак элинин улуу акыны Абай Кунанбаевдин эки томдугун толугу менен окуп чыктым. Азыркы адабий көз караштан алсак, ал дүйнөлүк деӊгээлдеги акын болгон экен. 19-кылымдын экинчи жарымында эле Абай А. С. Пушкиндин ыр түрүндөгү «Евгений Онегин» романынан үзүндүлөрдү, М. Ю. Лермонтовдун бир катар чыгармаларын (мисалы, окуу китептерге киргизилген «Жел кайык» ырын), поляк акыны Адам Мицкевичтин, англис акыны Джорж Байрондун ырларын орусчасынан казакчага которуптур! Ушуга абдан таӊ калдым.

Абайды мен кара сөз чебери, педагог, публицист катары да тааныдым. Кырк беш бөлүктөн турган трактатында өзүн агартуучу, философ, мугалим катары кеӊири ачып берген экен. Абайдын китептерин окуганда мен башкача бир дүйнөгө кирдим. Мисалы, мындай саптары бар: «Жүрөгүмө ысык тиш салдыӊ». Эч кимдин оюна келбеген, таасирдүү сөздөр!

Кыргыз акындары сүйүү ырларын көп жазган эмеспи. Аялзатынын төшүн көркөмдөп «кош алмага» эӊ биринчи Барпы салыштырган деп жүргөн элем. Бирок Абай да ырларында да эки алма деп жазган экен.

— Абайдын ырларынан кыргызчага которгонго аракет кылып көрбөдүӊбү?

Кудай буюрса, эми котором.   

— Ал эми өзбектерден Навоиден башка кайсы акын-жазуучулардын  чыгармаларын окудуӊ?

— Эркин Вахидовдун, Абдулла Ариповдун китептерин окуганмын. Мага өзбек адабиятынын өзгөчө жакканы 20-кылымдын башындагы акын Абдулхамид Чолпон. Осмон Насырдын «Жүрөк» деген сонун ыры бар. Ал өзбек адабиятына кирип келгенде, москвалык адабий сынчылар Чыгышта Пушкин төрөлдү деп айтышкан. Бирок анын өмүрү кыска болду, дүйнөлүк адабиятта өзүн толук ачканга үлгүрбөй жаш өтүп кетти, бирок өзбек адабиятында кол жеткис бийиктик бойдон калды.

60-70-жылдары адабиятка келген Мухаммед Салих аттуу өзбек акындын  ырларынан кыргызчага которгом. Мисалы, анын бул саптарын келтирейин:

«Башымдагы ак

Кар эмес, балам.

Асмандан эмес,

Жерден жааган кар».

Кандай таң каларлык салыштыруу, философия!

— Өзбектерден Пиримкул Кадыровду окугансыӊбы?

— «Жылдыздуу түндөр» романын окуганмын.

— Өткүр Хашимов, Гафур Гулом…

— Гафур Гулом өзбек  адабиятына Алишер Навоини  ачып берди десем болот. Улуу акындын «Лайли менен Мажнун» дастанын кара сөз түрүндө жазып, өзбек элине жеткирүүгө аракет кылды.

— Биздин кыргыз адабиятында сага кимдин чыгармачылыгы, стили жакыныраак?

— 20-кылымдын поэзиясында Алыкул Осмоновдун орду өзгөчө. Жоомарт Бөкөнбаев да жакшы таасир калтырды. Анын «Жайдын кечи» ыры ажайып.

Алыкул өзүн акын, котормочу катары ачты. Шота Руставелинин «Жолборс терисин жамынган баатыр» поэмасын кыргыз тилине которбогондо, ал азыркыдай Алыкул болмок эмес. Кыргыз адабиятында өзүн бир тараптуу ачып көрсөткөн жазуучу бир гана Чыңгыз Айтматов болду. Ал жалаӊ кара сөз түрүндө жазды. 20-кылымда көптөгөн акындар бир жанрды бекем карманбастан, ар түрдүү жанрлардын эшигине баш багып көрүштү. Ошондуктан кесипкөйлүккө жете албай калышты.

Балким, алардын чыгармачыл дарамети ошончолук болгондур? Же жалкоолукка алдырышкандыр?

— Мүмкүн.

Өзбек тилин, казак тилин оригиналында окуп, жакшы тилди өздөштүрүпсүң. Ал эми орус тили менен кандайсыӊ?

— Мен А.С.Пушкин жүргөн Царское Селодо аскердик кызматымды өтөгөнмүн. Акын болууга умтулушума, чыгармачыл шыгымдын ойгонушуна Пушкиндин ырлары, Царское Селонун карлуу, жамгырлуу аба ырайы да түрткү берди.

— Орус адабиятынан сага кимдер көбүрөөк жакын?

— Мен бала чагымда сүрөтчү болууну эңсечүмүн, бирок боло албадым, анан ыр жазып калдым. Мага Пушкин дагы, Лермонтов дагы жагат. Белгилүү Пушкин таануучу Сергей Бонди: «Эгерде сен Тютчевдин ырларын окусаӊ, анда Пушкинди окугуӊ келбей калат», — деген экен. Лермонтов табияттын көрүнүшүн сүрөттөп жатып пейзаж аркылуу адамдын ички дүйнөсүн ачып берет. Александр Блок, Анна Ахматова жагат. Анна Ахматовадан мен тема койгонду үйрөндүм. Мисалы, «Белая стая» («Ак куулар тобу») дептир бир жыйнагын. Аталышын караганда эле бир китепти окугандай болосуң!

20-кылымдын орус адабиятынан кимдерди көбүрөөк окудуң?

— Николай Рубцов жагат. «Тихая моя родина» деген ырын мындай ажайып саптары бар:

Тихая моя родина,

Ивы, река, соловьи.

Мать моя здесь похоронена

В детские годы мои.

— Где тут погост? Вы не видели?

Сам я найти не могу.

Тихо ответили жители:

— Это на том берегу».

— Марина Цветаеваны окудуң беле?

— Аны окубадым. Кээде дээринен улуу акындар болот. 1974-жылы төрөлгөн Ника Турбина деген акын чыккан. «Сегиз жашар акын» деп Е. Евтушенко жазып чыккан. Орустун адабий коомчулугу Ника Турбинанын келечегине чоӊ үмүт менен караган. Бирок ал атак-даӊкты көтөрө албай, эрте өтүп кетти. Азыркы орус адабиятынын өтө күчтүү акын деп Максим Амелинди айтып жатышат, бирок анын ырларын окуй элекмин.

— Пастернактычы?

— Борис Пастернакты окудум. Ал орус адабиятынын Тагору деп эсептейм. Ал ар түрдүү боёкторду айкалыштыргандай жазат. Күн желесиндей, түркүн түстөргө жан дүйнөсүн ачып койгон акын. Мен көптөгөн акындарды окудум, бирок дүйнөлүк адабиятта өтө татаал, ар кимдин эле тиши өтө бербеген эки акынды жолуктурдум: бири – Индиянын залкар акыны Рабиндранат Тагор, экинчиси – биздин эле кадимки Жалалидин Руми.

— Пастернактын бир өзгөчөлүгү – ал башкача ыргак менен жазат, анан тыбыштардын айкалышын укмуштай жетик пайдалана билет. Анын ырын окуганда, айрым сөздөрүн түшүнбөгөн адам деле ыргагына, тыбыштык фонуна карай лирикалык маанайды туя алат. Ар бири өзүнчө чоң ойлорду камтыган ырлары эмес, саптары бар. Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романынын аталышы да анын…

— «Единственные дни» деген ырынан алынган тура?

— Ооба. Орус адабиятынан башка кайсы адабиятка кызыктыӊ?

— Мен улуттук, орус адабиятынан башка француз поэзиясына аябай кызыктым. Гийом Аполлинердин чыгармачылыгына өзгөчө кызыктым, анан испан акындарын окудум, Хуан Рамон Хименес, айрыкча Федерико Лорка жакты. Бул акындын китепке ат коюшу да башкача. Мисалы, «Эң кайгылуу шаттык» — кандай күтүүсүз оксюморон! Шавкат Рахмон аттуу өзбек акыны Лорканын дүйнөсү менен ооруп калып, «Эң кайгылуу шаттык» китебин түп нускадан которуш үчүн испан тилин атайын үйрөнүптүр. Биз кыргызча окуп жүргөн тексттер – котормонун котормосу, ал эми өзбек акыны түздөн-түз которгон. Ал акындын көзү өтүп кетти. Өзбектин улуу акындарынын бири эле, биздин Ошто туулган экен.

— Түрк адабиятынан кимдерди билесиң?

— Назым Хикметти, Фазыл Хүснү Дагларжаны окудум. Мага сопучулук агымы да жагат. Бул агымдан Юнус Эмрени өзбек котормосу аркылуу тааныдым.

Алтынбек Исмаилов…

— Анын которгону колума тие элек. Жашаган чөйрөмдө өзбек тилдүүлөр көп болгондуктан, ушул тилдеги китептерди көп окудум.

Тажикстандан Хожент, Оро-Төбө аймактарындагы өзбек тилдүү акын-жазуучулар менен баарлашып турабыз. Лейлектик Авлияхон Эшон, Илаш Тойчу деген өзбек акындары тажик адабиятында жакшы эле таанылып калышты.

— Филология факультетинде окугандар тектеш тилдердин жок дегенде бирин жакшы билсе, ал тилдеги чыгармаларды түп нускада окуй алса сонун болмок. Бул жагынан сенин өрнөгүңдү жайылтыш керек экен.

Гёте: «Чет тилди билбеген адам өзүнүн эне тилин деле жакшы билбейт», — деп айткан. Көрсө, башка тилди үйрөнгөң адам өз тилинин мүмкүнчүлүктөрүн байкап, тил байлыгын арттырууга кызыгат экен. Ал тилдин кадырына жетип, сан жагынан эмес, сапат жагынан, кеңдиги жагынан эмес, тереӊдиги жагынан да тилди жакшы өздөштүрүп алат экен. Филология факультеттеринин студенттеринен ушуну талап кылып, программага киргизиш керек. Тектеш элдердин да адабиятын, маданиятын жакшы билсек, деӊгээлибиз өсмөк демекчимин. Жок дегенде интернетте социалдык желелер аркылуу адабий талкууларды уюштуруп турсак сонун болмок.

Эми азыркы учурдагы биздин кыргыз адабиятына келсек, өзүңдүн муунуңдагылардан кимдердин чыгармачылыгын баалайсыӊ, кимдер менен катышыӊ бар?

— Азыркы мезгилдеги акындардан Зайырбек Ажыматовдун, Жыргалбек Касаболотовдун, Алтынбек Исмаиловдун, Бердибек Жамгырчиевдин чыгармачылыгын баалайм. Тээ 60-жылдарда Жолон Мамытов, Турар Кожомбердиев, Омор Султанов, Сагын Акматбекова жана башка жаркын таланттар чыкпады беле. Азыр да башка бир кубаттуу толкун келатат.

Бүгүнкү жаш акын деп эсептелгендердин чоӊ кемчилиги бар. Казактын бир сынчысы: «Азыркы казак жаштарынын поэзиясында көлөм бар, образ бар, салыштыруулар бар, көркөм боёктор бар, бирок бир гана сезим жетишпейт», — дептир. Азыр биздикилер үчүн да чыныгы адамдык сезимди ырга салуу жетишпей турат, менин назарымда. Ар бир акын өсүүгө дайым умтулуп турушу керек. Бирок биздин акындар  сыйлык, наамга чейин гана өсөт да, андан ары чыкпайт. Сыйлыктар, наамдар, бийлик, байлык, наам-даража чектеп тургансыйт.

Авторлор жетер чегиме жеттим деп өздөрүн алдайт окшойт?

– Ооба. Саясаттын шамалына башы айланып калгандай.

— Баалоо, бири-бирине чыгармаларына баа берүү маданияты кандай бизде?

— Бизде баа берүү маданияты Кеңешбек Асаналиев, Абдыганы Эркебаев, Осмон Ибраимов, Кадыркул Даутовдордун маалында бийик эле, ошол кезде поэзия, проза, адабий сын да жакшы өнүккөн. Жазуучу, акындар күзгүгө карангандай түзөнүп турушчу. Азыркы мезгилде кара сөз бар, поэзия, драматургия бар, адабият таануу бар, бирок кыргыз адабияты сын жагынан өнүкпөй жатат. Бул сөзүмө карама-каршы оюм да бар. Бизде, Баткенде Курсан Пакыров аттуу сынчыбыз бар. Биз аны Баткендин Белинскийи деп коебуз. Менин дагы ыр китебиме кадимкидей сын пикирин айтып чыккан.

Лейлекте Атакул Жакыпов, Абдилаат Дооров, Кочкорбай Казакбаев аттуу менин устаттарым бар. Ар бири – өзүнчө чоӊ бийиктик.

— Сен айткан азыркы проза, поэзия, драматургия канчалык деңгээлде адабият дегенге арзыйт – бул башка маселе. Сапаттуу кагазга терилип, мукабасы жакшы кооздолгон китептердин көбү саман-топондой эле болушу мүмкүн. Балким, арасында кызылдай даны да табылар. Сын маданияты дегенде баалоо маданияты жөнүндө айткым келет, авторлор биринин ырын бири окуганда баа бергенде түз эле Пушкиндин, Рилькенин, Уитмендин деӊгээлинде деп мактап коет. Же адабий алптарга салыштырбаса да, абдан жакшы жазыптырсың, мындан мыкты жазыш мүмкүн эмес дешет. Макталган ырдын же башка чыгарманын анча-мынча жакшы чыккан жерлери болушу мүмкүн, бирок тексттин кемчилиги оркоюп көрүнүп турса дагы көпчүлүгү айтпайт. Буга кандай карайсыӊ?

— Бизде, Лейлекте, Гапыр Мадаминов деген чыгаан педагогубуз бар, менин устатым. Ошол агайдын: «Унчукпай коюу дагы – көрө албастык» , — деген бир сөзү бар. Биз жакшы китепке дагы, жаман китепке дагы унчукпайбыз. Ушундай кайдыгерлик окурмандардын, окуучулардын китепкөй болбой калышына шарт түзөт. Эгер дээринде ырга болгон умтулуу, ырга болгон далалат, кадам болсо, биз ошону байкап туруп ушул жакшы акындын ырларын оку деп жол көрсөтүшүбүз керек. Ал эми азыр болсо сынчылар кеңири талдап бере албай атат окшойт.

Диктофондон алып, текстти даярдаган Эльвира Какиева.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер