БЫЙЫЛ МЕКТЕПТЕРГЕ ЖҮЗДӨГӨН ЖАШ МУГАЛИМДЕР КЕЛДИ

  • 21.09.2022
  • 0

Жөжөнү күздө сана демекчи, сентябрь айынын келиши менен мектептер окуучулардын шаңына эле бөлөнбөстөн, жигери күчтүү, билими татыктуу болгон кадрлар менен толукталды. Быйылкы жылы окуу жайларга педагогика багытындагы кесиптерге тапшыруу өзгөчө орунда болсо, мектепке жаш адистердин келиши дагы абдан кубандырууда.  Республиканын мектептерине миңден ашуун кадрлар бөлүнүп, окуган кесиптерине жараша эмгек жолун баштоодо. Албетте, окуу жылы аяктаар кезде көтөрүлгөн айлык акы иштеп жаткан мугалимдерге стимул болгону дагы талашсыз. Ал эми жаш кадрлардан мугалимдик кесипти тандоосунун себеби эмнеде деген суроого жооп алганда, аларга бул кесиптин кадыры айлыктын көбү-азынан көз каранды эмес экени билинди.

И.Арабаев атындагы университеттин педагогика факультетин бүтүрүп, Бишкек шаарынын № 5 мектеп -лицейине башталгыч класстын мугалими болуп эмгек жолуна аттанган Айдана, Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылында окуп жүргөн кезинде эле мугалим болууну самаган.

-Педагогикалык практикага чыгуу мен үчүн абдан кызык эле. Борбор калаабыздын эң алдыңкы мектебинен практика өтүүнүн өзү эле өзүмдүн мурдагы кыялымды ого бетер курчутту. Окуучулар менен иштеп жатып, ар бир баланын өзгөчө экенин, ар бир окуучу өзүнчө бир кызыктуу мейкиндик экени туюлду. Албетте, мен аларды башка балдарга алмаштыргым келбей калды. Окуумду бүткөндө, 3-классымдын класс жетекчиси декретке чыкканын угуп, ушул класс менен иштешүүнү кааладым. Дагы көп нерсени билүүгө тийишмин, убакытты текке кетирбей бардыгын үйрөнүүгө аракет кылам. Устат эжейлердин жардамы, насааты мага абдан чоң жөлөк болуп келет, — дейт Айдана Нурканова.

-Мен Нарын шаарынын №1 Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебинде окугам. Азыркы учурда № 64 гимназия-мектебине 2022-жылдын сентябрь айында 8-9-класстарга черчение жана 5-6-класстарга эмгек сабактарынан мугалим болуп дайындалып иштеп баштадым. Мугалим – ардактуу кесип, андыктан мектепке келип иштегениме сыймыктанам. Мурда көптөгөн жаштар диплом алып эле чет өлкөлөргө чыгып кетишчү эле, азыр мектепте иштөөгө мүмкүнчүлүктөр көп, — дейт Ибарат Амангелдиев, Кыргыз-Түрк Манас университетинин «көркөм сүрөт» бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү.

-Быйыл Нарын мамлекеттик университетин бүтүп, дипломумду алып Бишкек шаарындагы №69 ОТК келип баштал

гыч класстардын мугалими болуп иштеп калдым. Кесип тандоодо эч кыйналбай эле мугалимдикти тандап кеттим. Анткени, мектепте окуп жүргөн кезде эле, эжекелерге көп жардам берип жүрүп кызыгуум артты көрүнөт. Азыр 1-классты окутуп, иш-сапарымды баштоодомун. Классымда 38 окуучу бар. Албетте кыйынчылыгы дагы, кызыгы дагы бар. Бирок чымырканып, билбегенимди сурап аракет кылып жатам. Мугалим болгондон кийин бала менен, ата-эне менен, коомчулук менен мамиле түзүүнү туура жолго салууну үйрөнүш керек экен. Бул кесип  — менин кыялымдагы кесип эле, окуп, алган билимимди  тандаган кесибиме жумшап, татыктуу мугалим болгум келет, — деди Башталгыч класстын мугалими Бейшенбекова Бегайым.

Асем Мирбекова мугалимдик тажрыйбасын студент кезде эле такшалтып баштаган. Ал 3-курстун студенти болуп туруп, Бишкек шаарындагы № 86 мектепте мугалимдик кесиптин түйшүктүү, бирок сыймыктуу экендигине ынанган. Нары окуп, нары  таза сезимдүү балдар, аруу чөйрөдө иштеп жатып, бул кесипти чын дилден жактырат. Ар бир кесип ардактуу, бирок мугалимдик кесип кесиптердин эң ардактуусу деген ишеним бекем орногон.

-Казарман айылындагы Макмал орто мектебин аяктап, БГУнун Славян таануу факультетинин, филология бөлүмүнүн  студенти болдум. Окуумду аяктаган соң быйылкы 2022-2023-окуу жылын Тогуз-Торо районунун Казарман айылындагы №2 А.Абдраимов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде  орус тили жана адабияты мугалими катары баштадым. Менин бул кесипти аркалап калышыма үй-бүлөмдөгү апамдын жана таятамдын таасири чоң.  Анткени бул адамдар өз кесибинин мыкты адистери,балдардын сүйүктүү эже-агайлары. Келечекте айылымдын балдары татыктуу билим алышына өз салымымды кошом деп  максат койдум, — дейт Асем Мирбекова.

Билим берүү жана илим министрлигинин кадрлар боюнча берген маалыматына караганда, бүгүнкү күндө республиканын билим берүү уюмдарында 80845 мугалим эмгектенүүдө.

2022-2023-окуу жылына карата республика боюнча  жалпы 4373 адис педагогикалык окуу жайларды 1904 адис  бюджеттик негизде жана 2469 контрактык негизде аяктады. Жалпы республика боюнча 4373 жаш адис педагогикалык кесипке ээ болду.

2022-жылдын 15-сентябрындагы маалымат боюнча: 1801 жаш мугалим мектептерде иштөөдө. Баткен облусуна — 173 жаш адис, Талас — 75, Чүй — 206, Ош облусу — 213, Ош шаары — 67, Ысык – Көл — 110, Бишкек — 594, Нарын — 42 , Жалал-Абад – 321.

Ал эми 931 мугалим республиканын мектептеринде жетишсиз болуп жатат: Баткен облусунда — 113, Чүй  — 253, Бишкек шаарында — 235 мугалим, Ысык – Көл — 41, Талас — 30, Жалал-Абад — 134, Ош шаары — 23, Ош облусу — 91, Нарын – 11.

Учурда Баткендеги кырдаалга байланыштуу, жаш мугалимдер өз салымдарын кошуп кан тапшырып, ошондой эле онлайн окутуу керек болсо, жардамыбызды аябайбыз деп бир добуштан айтууда.

А.Асаналиева «Кут Билим»

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер