ОКУУЧУЛАРДЫН РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАСЫНЫН II ЭТАБЫ БАШТАЛДЫ

  • 19.01.2023
  • 0

Окуучулардын республикалык олимпиадасынын райондук этабы башталды. Ага мектептик баскычта 1-2-3-орунду алган окуучулар катышууда.

ОКУУЧУЛАРДЫН РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАСЫНЫН II ЭТАБЫ БАШТАЛДЫ

Окуучулардын билим жарышы жыл сайын Билим берүү жана илим министрлиги жана анын аймактык  жалпы билим берүү уюмдары тарабынан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көз карандысыз уюмдарды тартуу менен өткөрүлүп келет. Райондук этап 10 предмет боюнча өткөрүлөт. Алар: биология, география, информатика, тарых, математика, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили, физика жана химия.

II этапты өткөрүү тиешелүү райондук жана шаардык  билим берүү бөлүмдөрүнө жүктөлөт. II этаптын жумушчу органы уюштуруу комитети, усулдук комиссия жана калыстар тобу болуп саналат. Олимпиаданын райондук, облустук жана республикалык этаптарына тапшырмалар Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан түзүлөт.

Аймактардагы даярдык

Аба ырайынын кескин төмөндөп кеткенине байланыштуу убактылуу онлайн окутууга өткөн Ат-Башы районунда  окуучулардын олимпиадасы кадимки режимде өткөрүлүп жатат. Ат-Башы районунун билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Солтобаев Орозмамбеттин айтуусунда район боюнча 342 окуучу катышууда. Олимпиада райондун борборундагы К.Мамбеталиев жана Карыбек у Акматаалы атындагы орто мектептеринде  өтүп жатат.

  • Азыркы учурда сыртта — 35 суук болуп жатат, бирок аталган мектептерде жылуулук санитардык нормага жооп берет. Эки мектепте тен ички дааратканалар иштейт. Окуучулар үчүн ысык чай уюштурулду. Сынак учурунда окуучулардын коопсуздугун алдын алуу боюнча буйрук чыгарылып, ИДН жана медицина кызматкерлерине билдирүүлөр жиберилген. Ошондой эле олимпиадага мугалимдерден калыстар тобу түзүлүп, беш апелляцилык курам жана 13 олимпиаданы уюштуруп өткөрүү тобу иштеп жатат. Катышуучуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн бардык иштерди аткардык. Буюрса эч кандай кыйынчылыктар жаралбайт деп ойлойм,- деди бөлүм башчы.

Ал эми өзгөчө кырдаал режими киргизилген Майлуу-Суу районунда да окуучулардын билим жарышы кадимки тартипте өткөрүлүп баштады. Бул тууралуу Майлуу-Суу районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жамал Исакова билдирди. Анын айтымында учурда Майлуу-Суу шаарында абал турукташып калган.

  • Шаардын борборундагы №7 жалпы билим берүү орто мектебинде олимпиада өткөрүлүп баштады. Аталган мектепте жылуулук электр энергиясы менен жылытылгандыктан ушул мектепке өткөрүү чечими кабыл алынган. Бардык тиешелүү кызматкерлерге, мугалимдерге жетиштүү маалымат берилип, коопсуздук чаралар эске алынган, ошондуктан эч кандай кыйынчылыктар жаралбайт,- дейт жетекчи.

Каныбеков Фархат, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер