РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДА БАШТАЛЫП, АГА 325 ОКУУЧУ КАТЫШУУДА

  • 22.03.2023
  • 0

Бүгүн, 22-мартта мектеп окуучуларынын олимпиадасынын IV этабы (республикалык) башталды.

РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДА БАШТАЛЫП, АГА 325 ОКУУЧУ КАТЫШУУДА

Олимпиаданын ачылыш аземи Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинде болуп, ага билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева катышты.

Министрдин орун басары республикадан мыкты деп тандалган окуучуларды олимпиаданын башталышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

“Силер буга чейинки бардык этаптарды ийгиликтүү өтүп, мыктынын мыктысы болуп тандалып келдиңер. Келечекте өлкөнүн желегин бийик көтөргөн мыкты инсандар болоруңарга ишеничибиз чоң”, — деди Токтобүбү Ашымбаева.

Олимпиаданын IV этабында (республикалык) III этапта (облустук) алдыга озуп чыккан 325 окуучу төмөндөгү 10 предмет боюнча таймашууда:

  • окутуу кыргыз тилинде болгон мектептер (класстар) үчүн кыргыз тили жана адабияты;
  • окутуу орус тилинде болгон мектептер (класстар) үчүн кыргыз тили жана адабияты;
  • окутуу кыргыз тилинде болгон мектептер (класстар) үчүн орус тили жана адабияты;
  • окутуу орус тилинде болгон мектептер (класстар) үчүн орус тили жана адабияты;
  • англис тили;
  • математика;
  • информатика;
  • физика;
  • химия;
  • биология;
  • география;
  • тарых.

Олимпиадалык тапшырмалар Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан түзүлгөн.

Бөлүшүү

Комментарийлер