РЕСПУБЛИКАЛЫК МАТЕМАТИКА БОЮНЧА ОЛИМПИАДАНЫН БИРИНЧИ ЭТАБЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫКТЫ

  • 29.12.2020
  • 0

26-декабрда Республикалык математика боюнча олимпиаданын биринчи этабы онлайн режимде болуп өттү. Ал Билим берүү жана илим министрлиги менен Кыргыз-Швед математикалык мектеби (KSMS) тарабынан уюштурулду.

Жалпы олимпиадага 14 500 окуучу катталып, анын ичинен 9009 олимпиадага катышты.

Аталган олимпиаданын шарттарына ылайык Кыргыз Республикасынын менчик түрүнө карабастан, жалпы билим берүүчү уюмдарынын 6-11-класстарынын окуучулары онлайн каттоодон өтүштү.

6-8-класстардын окуучулары үчүн олимпиада бир этап менен өттү. 1,2,3-орунду алгандар электрондук дипломдор менен сыйланып, калган катышуучуларга электрондук сертификаттар жөнөтүлдү.

Биринчи этаптын жыйынтыгы менен экинчи, финалдык этапка 9-11-класстардын арасынан 77 окуучу өттү.

Финалдык этап 2021-жылдын 5-январында саат 10:00дө KSMS мектебинде салттык форматта башталат (дареги: Бишкек ш., С. Каралаев көч., 2/2, Койбагаров көчөсү менен кесилишет).

КР ББИМдин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер