РЕКТОРЛОРДУН ДҮЙНӨЛҮК ФОРУМУ: ТАЖРЫЙБА ТАКШАЛТАТ

  • 13.09.2022
  • 0

Эртең ректорлордун дүйнөлүк форуму башталат. Дүйнөнүн чар тарабынан чакырылган коноктор келе баштады.   

РЕКТОРЛОРДУН ДҮЙНӨЛҮК ФОРУМУ: ТАЖРЫЙБА ТАКШАЛТАТФорумдун биринчи күнү мамлекеттик резиденцияда өтсө, экинчи күнү Бишкек мамлекеттик университетинде уланат. Учурда бул окуу жайда даярдык иштери кызуу жүрүүдө. Бул жакта Кыргызстандын ЖОЖдору чет өлкөлүк конокторго өздөрүнүн потенциалын көрсөтүп, багыты бир окуу жайлар менен келишимдерди  түзүшөт.

 

РЕФОРМАЛАРДЫ ИШКЕ АШЫРУУ ҮЧҮН ТАШТАЛГАН КАДАМ

Белгилүү болгондой, учурда Кыргызстандын билим берүү тармагында, анын ичинде жогорку кесиптик билим берүү тармагында  комплекстүү реформалар жүрүүдө. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин демилгеси, мамлекет башчынын колдоосу менен беш жогорку окуу жайына өзгөчө статус ыйгарылып, аларга академиялык, каржылык жана административдик эркиндик берилип, карамагына бир катар окуу жайлар кошулду. Бул окуу жайлар эми бардык тараптан ишти өз алдынча алып барат.  Башкача айтканда, ички башкаруу түзүмүн, штаттык санын өз алдынча аныктайт. Каржылык жактан да өз алдынча башкаруу укугуна ээ. Каржылык маселелерин ректор өзү жалгыз чечпейт, көзөмөлдөөчү кеңештин макулдугу менен гана ишке ашырылат. Ал эми академиялык эркиндик кесиптик программалары боюнча өз алдынчалуулукка алып келет. Университет каалаган кесип ээлерин даярдап чыгат. Бирок ал мамлекетте талап кылынган адистик болууга тийиш жана мамлекеттик стандарттарга жооп бериши керек.

Бул окуу жайлар мамлекеттик билим берүү гранттарын алып, мамлекеттик буйрутмаларды аткарат. Беш жылдык мөөнөткө университетти өнүктүрүүнүн стратегиялык программасын иштеп чыгып, ириде дүйнөлүк эң алдыңкы окуу жайлардын катарына чыгууга аракет кылышы керек.

Учурда жүргүзүлүп жаткан комплекстүү реформада коюлган талап боюнча бул беш окуу жай менен катар эле башка университеттер дагы жеке билим гана бербестен илим изилдеп, инновациянын борбору болууга тийиш. Ал үчүн жаңы окуу жылына карата отуз университетте отуз стартап ачылды. Аны ачуу алдында тажрыйба топтоо үчүн билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев май айында республикадагы он жогорку окуу жайдын ректору жана көз карандысыз эксперттер менен Америка Кошмо Штаттарына барып, ал жактагы стартаптарды ишке ашыруу тажрыйбасы менен таанышып келген.

Анда делегация алгач Калифорнияда болгон. Силикон өрөөнүндөгү Plug and Play Tech Centerде эки семинар уюштурулуп, анда ректорлор стартаптар тууралуу кеңири маалымат алышкан. Пандемияга байланыштуу «Google» жана «Apple» компанияларын кыдыруу менен гана чектелип, Россия, Чыгыш Европа жана Евразия окуулары борборунун директору Амир Вайнер жана орун басары Йованна Кнезевич менен жолугушуп, окуу, илимий изилдөөлөр сыяктуу темаларда сүйлөшүүлөр жүргөн. Барган топ Чикагодогу мекендештер, жалпы АКШда иштеген кыргызстандык илимпоздор менен да жолугушуп, анын натыйжасында учурда бир канча долбоорлор башталууда. Дүйнөлүк банктын 25 миллион доллар колдоосунан сырткары бул сапарда 16 миллион долларга «Global Partnership for Education» уюму менен колдоо көргөзүү боюнча келишимдерге жетишилген. Иш сапардын натыйжасында Кыргызстандын университеттеринде стартаптар жана жети университетте IT мектеби ачылды. Бул дүйнөлүк ЖОЖдор менен кызматташууга жол ачкан эң алгачкы кадам болуп саналат. Экинчи кадам катары эртең өтө турган форум эсептелип, эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууга өбөлгө түзөт деген ишеним зор.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”  

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер