«ИННОВАЦИЯЛЫК ӨНҮГҮҮНҮН МЕЗГИЛИ». РЕКТОРЛОРДУН ДҮЙНӨЛҮК ФОРУМУ

  • 14.09.2022
  • 0

Мамлекеттик резиденцияда ректорлордун дүйнөлүк форуму башталды. Иш-чарага дүйнөнүн интеллектуалдык борборлорунан, атактуу университеттерден коноктор чакырылган.

«Бүгүн биз жаңылануу тездик менен жүрүп жатканына күбө болуудабыз. Белгисиздик күчөп, биздин жашоонун бардык аспектине жайылууда. Биз мүмкүнчүлүктөр менен тобокелчиликтердин кванттык секиригин көрүп жатабыз. Бүгүн экономикалык өсүштүн табияты өзгөрүүдө. Төртүнчү өнөр жай революциясы жаңы фактыларды жана талаптарды коюуда. Биз глобалдаштыруу регионалдашып, ишмердиктин наркы менен решорингинин жергиликтүү чынжырлары өсүп жатканын көрүп жатабыз. Бул биздин өлкө үчүн жаңы, мурдагы он жылдыктарда болуп көрбөгөндөй мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Биз бул жаңы тенденцияларды пайдаланышыбыз керек. Университеттердин таасирисиз бизде чыгармачыл мамиле жана өнүгүүдө тапкычтык болбойт»,-деди Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров форумду ачып жатып.

"ИННОВАЦИЯЛЫК ӨНҮГҮҮНҮН МЕЗГИЛИ". РЕКТОРЛОРДУН ДҮЙНӨЛҮК ФОРУМУ

Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун башкы директору Дарен Танг өзүнүн куттуктоо сөзүндө жасалма интеллект, квант илими жана вируталдык реалдуу сыяктуу жаңы технологиялардын изилдөөсүндө университеттер эң алдыда баратканын белгиледи.

«Ошондуктан бул сектор ишкер чөйрөлөр, саясатчылар жана коомдук сектор менен эриш-аркак иштеп, жер-жерлерде билим менен технологияны эффективдүү жайылтууну иштеп чыгышы керек»,-деди Дарен Танг.

"ИННОВАЦИЯЛЫК ӨНҮГҮҮНҮН МЕЗГИЛИ". РЕКТОРЛОРДУН ДҮЙНӨЛҮК ФОРУМУ

Форумга Нобель сыйлыгынын лауреаты Мухаммад Юнус онлайн катышууда. Мухаммад Юнус бангладештик банкир, экономика профессору, 2006-жылы Нобель сыйлыгын төмөндөн жогору экономикалык жана социалдык өнүгүүнү түзүү аракети үчүн алган.

Панелдик сессияда “Инновация — экономикалык өсүштүн кыймылдаткычы” деген темада Брунел университетинин профессору (Улуу Британия) Татьяна Калганова, Кеттеринг университетинин башкаруу мектебинин деканы (АКШ) Хасиб Дж. Ахмед жана Назарбаев университетинин ректору (Казакстан), доктор Илесанми Адесида баяндама жасашууда.

"ИННОВАЦИЯЛЫК ӨНҮГҮҮНҮН МЕЗГИЛИ". РЕКТОРЛОРДУН ДҮЙНӨЛҮК ФОРУМУ

Панелдик талкуулардын жүрүшүндө иннновациялык саясат жана башкаруу, инновация жана социалдык таасир, инновациялык экосистеманын туруктуу өнүгүүсү, жогорку окуу жайларында ишкердикти өнүктүрүү, академия жана өнөр жай ортосунда технология алмашуу, стартаптар жана инкубация деген темаларда баяндамалар жасалып, пикир алышуу жүрүүдө.

                                             «Купулга толгон реформалар»

Ректорлордун дүйнөлүк форуму Бишкекте биринчи жолу өтүп жатат. Кыргызстанда жогорку окуу жайларында масштабдуу реформалар башталган учурга туура келди. Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев университеттерди мурдагыдай илең-салаң кылдырап жүргөндү токтотуп, дүйнөлүк интеллектуалдык борборлорго карап, замандын нугунан калбай өнүгүүгө чакырууда.

"ИННОВАЦИЯЛЫК ӨНҮГҮҮНҮН МЕЗГИЛИ". РЕКТОРЛОРДУН ДҮЙНӨЛҮК ФОРУМУ

Бул үчүн университеттер билим берүү менен гана чектелбей, илимди эле карабай, бизнес менен өндүрүштүн чордону болушу керек. Алардын өнүгүүсүн чектеген ар кандай административдик тоскоолдуктар жоюу аракеттери болуп жатат. Жакында эле президенттин жарлыгы менен беш  ири университетке өзгөчө статус берилди. Бул статус менен алар академиялык жана экономикалык чоң укуктарга ээ болууда.

«Азыркы күнү көрүп атасыздар. Чоңбу же кичине мамлекетпи, интеллектуалдык потенциалы кандай, интернет экосистемасында жашап кетүүгө анын жарандары жөндөмдүүбү деген нерселерге жооп катары биз беш чоң университетке атайын өзүнчө статус берип, ошолорду алдыга жылдырып атабыз. Беш жылга чейин мөөнөт коюп атабыз.  Азыр баары тең 99% контракттын эсебинен жашап атышат да. Биз айтып атабыз, элүү пайыз контракттан тапкыла, элүү пайыз изилдөөлөрдөн, жаңы стартаптардан, жаңы бизнес долбоорлордон тапкыла деген талап коюп атабыз. Демек, жакынкы беш жылда он пайыздан илим менен билим аркылуу акча тапканды студенттер менен профессорлорду, өзүбүздүн мугалимдерди үйрөтүшү керек.  Бул форумга мына дүйнөдөгү 75 алдыңкы жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү келди. Биз өзүбүздүн ыкмалар менен, жаңы жолдорду көрүү менен бири-бирибизге жардам беребиз деген ниеттебиз. Негизи эле билим берүү министри Алмаз Бейшеналиев купулга толгон реформаларды баштады. Аны аягына чыгарат деп ишенебиз»,-деди тыныгуу убагында Акылбек Жапаров журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Кыргызстанда жогорку окуу жайлары глобализациянын жаңы шартында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануунун ордуна көп жылдар бою өз казанында кайнап келди. Эми алар калган убакытты текке кетирбей, эл аралык атагы бар алдыңкы университеттер менен карым-катышты күчөтүп, өнүгүүнүн жаңы заманбап жолун табышы керек болууда. Ректорлордун дүйнөлүк форумунун Бишкекте өткөрүлүп жаткан себеби да, максаты да ушул.

Бөлүшүү

Комментарийлер