РАЙОНДУК БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМДӨРҮНҮН МЕТОДИСТТЕРИ ОКУУ ТУРУНУН ЖҮРҮШҮНДӨ КӨНДҮМДӨРҮН ЖАКШЫРТЫШТЫ

  • 27.03.2023
  • 0

2023-жылдын 13-мартынан 17-мартына USAIDдин “Окуу керемет!” долбоорунун колдоосу менен окуу-методикалык кабинеттердин жана Рай/ШаарББнүн методисттери үчүн тажрыйба алмашуу туру уюштурулду.

РАЙОНДУК БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМДӨРҮНҮН МЕТОДИСТТЕРИ ОКУУ ТУРУНУН ЖҮРҮШҮНДӨ КӨНДҮМДӨРҮН ЖАКШЫРТЫШТЫ

Баткен, Жалал-Абад, Ош, Талас, Нарын жанаЧүй облустарынан келген 19 методист Бишкек шаарындагы жана Чүй, Ысык-Көл облустарындагы башталгыч мектептерде окууну, жазууну жана математиканы окутуу боюнча усулдук иштерди алып баруунун жана башталгыч класстардын мугалимдерине методдорду өздөштүрүүдө колдоо көрсөтүүнүн алдыңкы тажрыйбалары менен таанышышты.

13-мартта методисттер Бишкек шаардык билим берүү бөлүмүнүн усулдук иш тажрыйбасы менен таанышып, Билим берүү жана илим министрлигинде функционалдык милдеттердин жана усулдук иштин формаларын талкуулашты.

14-мартта турдун катышуучулары Чүй облусунун №2 Ивановка мектебиндеги райондук методикалык семинардын алкагында жаңы стратегиялар менен өткөрүлгөн окуу жана математика боюнча ачык сабактарга катышып, талкуулашты.

Ал эми 15-16-мартта катышуучулар Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларындагы мектептерде уюштурулган окуучулар арасында өткөрүлүүчү

изилдөө долбоор сынагы, долбоордун алкагында иштелип чыккан электрондук китептердин негизинде тартылган сүрөт мастер-классы, үй-бүлөлүк окуу клубу, математикалык турнир, жана “ФинЧилистен” математикалык сынагы сыяктуу класстан тышкаркы иш-чараларды көрө алышты.

Республиканын 7 облусунан келген 19 методист Бишкек шаарындагы жана Чүй, Ысык-Көл облустарындагы башталгыч мектептерде математиканы окутуу боюнча усулдук иштерди алып баруунун жана башталгыч класстардын мугалимдерине методдорду өздөштүрүүдө колдоо көрсөтүүнүн алдыңкы тажрыйбалары менен таанышышты.

Жалпысынан методисттер жер-жерлерде методикалык иштерди пландаштыруу жана ишке ашыруу боюнча пикир алмашып, жаңы үйрөнгөн методикаларды жана тажрыйбаларды өз райондорунун мектептерине жайылтуунун эң эффективдүү жолдорун аныкташты.

Мындай тажрыйба алмашуунун экинчи турун 2023-жылдын күз айында өткөрүү пландалууда.

USAIDдин “Окуу керемет!” долбоору Кыргыз Республикасында башталгыч класстарда окуган 450 миң окуучунун математика жана окуу боюнча жетишкендиктерин жогорулатууга багытталган. Долбоор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте 1 миң 682 мектепте ишке ашырылып жатат.

Бөлүшүү

Комментарийлер