ПРОКУРАТУРАНЫН 100 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН КОНКУРС ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

  • 24.05.2024
  • 0

2024-жылдын март, апрель айларында Кочкор районунун прокуратурасы менен Кочкор райондук билим берүү бөлүмү Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын 100 жылдыгына карата райондогу мектептер арасында “Мыкты дил баян”, “Мыкты сүрөт”, “Мыкты видео ролик” номинациясында конкурс уюштурган.

ПРОКУРАТУРАНЫН 100 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН КОНКУРС ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Райондогу 35 мектептин активдүү катышкан окуучулардын эмгектери бааланып,  2024-жылдын  23-майында  Кочкор райондук прокуратурасы жана Кочкор райондук билим берүү бөлүмү тарабынан түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгынын негизинде жеңүүчүлөргө 1-2-3-даражадагы дипломдор жана прокуратуранын эмблемасы түшүрүлгөн статуэткалары, ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Конкурстун жыйынтыгы менен “Мыкты сүрөт” номинациясы боюнча 1-орунду Ш.Абдылдаев мектебинин 7-классынын окуучусу Амантуров Нурмухамед,  мугалими Абдыраманова Керезкан. 2-орунду Кызыл-Дөбө мектебинин 10-классынын окуучусуЖумабекова Медина,  мугалими Тилекматов Эсенаман, 3-орунду Кеңеш Мырзабеков мектебинин 7-классынын окуучусу Абылбекова Жаркынай, мугалими Жунушов Алмаз камсыз кылды. “Мыкты дил баян” номинациясы боюнча 1-орунду Ара-Көл мектебинин 9-классынын окуучусу Айтбеков Нуртилек, мугалими Осмоналиева Индира. 2-орунду Турсун Темирова мектебинин 10-классынын окуучусу Кайрат кызы Айдана,  мугалими Назарова Бурулсун, 3-орунду Корчубек Акназаров мектебинин 10-классынын окуучусу Болотбекова Акылай, мугалими Ишенбаева Назгүл жеңүүчү деп табылды. Ошондой эле “Мыкты видео ролик” номинациясы боюнча 1-орунду Жунушалы кызы Сайнап мектеби, 2-орунду Абдыразак Жалпетеков мектеби, 3-орунду Шапак Рысмендеев мектеби жеңип алды. Мындан тышкары  активдүү катышкан Мансур Байсабаев мектебинин 8-классынын окуучусу Жыргалбекова Эркайымга, Ишеналы Арабаев мектебинин 9-классынын окуучусу Уланбекова  Нуркызга “Ыраазычылык баракчасы” берилди. Сыйлыкты Кочкор районунун прокурору Марат Осмонов жана Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынчтыкбек Турсуналиев тапшырды. Сыйлык алган окуучуларга, мугалимдерге Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын жана Кочкор районунун прокуратурасынын түзүлүшү, тарыхы жөнүндө уюшулган атайын кабинеттеги материалдар, сүрөттөр, медалдар, мыйзам китептери менен райондун прокурору Марат Осмонов жакындан тааныштырды. Сыйлык ээлерине, конкурска катышкан жалпы мектепке, мектеп окуучуларына конкурстун уюштуруучулары тарабынан ыраазычылыктар айтылды.

Д.АЙДАРБЕКОВ, Кочкор району.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер